Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6006
03 июлундагы 2025
Андрей Слепнев ЕЭКте Өзбекстандын демилгелеринин үстүндө иштөөнү Республиканын өкүлү менен талкуулады
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы расмий өкүлү Фанил Кадиров менен жолугушуу өткөрдү. 2025-жылдын 27-июнунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айткан демилгелердин иштелип чыгышы талкууланды. Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиёевдин негизги сунуштарынын бири Өзбекстанды Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын ишине кошуу мүмкүндүгүнө, ошондой эле электрондук сооданы өнүктүрүү алкагында өз ара аракеттенүүнүн айрым программаларын түзүүгө, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоого, соодада санариптик технологияларды киргизүүгө тиешелүү болгон. "ЕЭК Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасы менен көп тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлине чоң маани берет. Өзбек тараптын практикалык сунуштары жөнүндө кошумча маалымат алгандан кийин көрсөтүлгөн маселелер боюнча ишке киришүүгө даяр экенибизди билдиребиз", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
03 июлундагы 2025
Арзыбек Кожошев ТТКК башчысы Михаил Гончаров менен жолугушту
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Эл аралык трансъевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңештин (ТТКК) башкы катчысы Михаил Гончаров менен жумушчу жолугушуусу 3-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында болуп өттү. Тараптар евразиялык региондо темир жол транспортунун ишмердүүлүгүнүн, заманбап шарттарда ЕАЭБ мейкиндигинде транспорттук инфраструктураны жана логистикалык коридорлорду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр евразиялык региондо экономикалык өсүшкө жана интеграцияга өбөлгө түзүүчү туруктуу транспорт тутумун түзүү үчүн ЕЭК менен ТТКК ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жыл сайын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү практикасы мындай форматка болгон талапты көрсөтүп турат. Биз мамлекеттик органдардын, алдыңкы транспорттук компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрүн бир столго бириктиребиз", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Михаил Гончаров ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаменти менен ТТКК Катчылыгынын өз ара иштешүүсү боюнча планды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу — жүктөрдү эл аралык темир жол жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. ЕЭК жана ТТКК ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2017-жылы транспорт жана логистика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлган.
03 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкону Беларустун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону жана бүтүндөй беларус элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. "Эгемендүүлүк жылдарында Беларусь социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ийгиликтерге жетишти, анын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен байланыштары тереңдеп баратат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасына мындан аркы экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылык жана жакшылык каалады.
03 июлундагы 2025
ЕЭК жана АСЕАН атаандаштык чөйрөсүндө тажрыйба алмашышты
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун жана АСЕАНдын өкүлдөрү 3-июлда "ЕАЭБде жана АСЕАНда атаандаштык саясаты жана укук колдонуу" онлайн форматындагы семинарда атаандаштык чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен алмашышты. Иш-чарага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. Ал белгилегендей, Комиссиянын катчылык жана АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобу менен кызматташуусу ырааттуу мүнөзгө ээ жана эки тарап үчүн тең пайдалуу. "Биз АСЕАНдын тажрыйбасына кызыкдарбыз. АСЕАНдын катышуучу-өлкөлөрүнүн бизнес жана уюмдары тарабынан атаандаштыкты кабыл алуусунун өлкөлүк индекстерин эсептөө менен айырмаланган атаандаштык саясатын баалоо тутумуна көңүл буруу абзел. Ошондой эле, Биригүү жана жутуулардын кесепеттерин баалоонун бирдиктүү порталы кызыгууну туудурат", – деп баса белгиледи Максим Ермолович. Атаандаштык саясаты, атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө семинардын модератору, ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян семинардын катышуучуларына маалымдады. Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону контролдоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Сергей Максимов айтып берди. Өз кезегинде АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун төрайымы, Камбоджанын Атаандаштык боюнча комиссиянын көз карандысыз комиссары Ли Сопоровичны семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Иш-чарага АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун өкүлдөрү катышышты.
02 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинди мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Сиз Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинге чың ден соолук, бакубатчылык жана Беларусь Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.
02 июлундагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБ алкагында тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын алып келүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму 2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдовдун катышуусу менен болуп өттү. Жумушчу топ ушул жылдын март айында Комиссиянын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдында түзүлгөн. Ага 80ден ашык мүчө кирген, алардын жарымы – аны түзүүнү демилгелеген бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү. Өткөн отурумда ЕАЭБ мейкиндигинде тамеки жана никотин камтыган продукция рынокторунун абалы, бул чөйрөдөгү мыйзамсыз жүгүртүүнүн тенденциялары жана динамикасы, ошондой эле көрсөтүлгөн продукциянын автомобилдик ташууларын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу практикасы талкууланды. Жумушчу топтун катышуучулары Бирликтин рыногунда тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган биринчи кезектеги чаралар боюнча сунуштарды киргизишти, алар ЕЭК аянтчасында Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын тартуу менен иштелип чыгат.
01 июлундагы 2025
Косметикалык продукциянын стандарттарын иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөр киргизилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин ишке ашырылышын жана колдонулушун камсыз кылган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү жактырды. Өзгөртүүлөрдө беш мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын стандарттарынын негизинде парфюмериялык-косметикалык продукцияда формальдегидди аныктоо боюнча эки стандартты, ISO эл аралык стандарттарынын негизинде күндөн коргоочу каражаттарды сыноо ыкмаларына эки стандартты жана Ислам өлкөлөрүнүн SMIIC стандартташтыруу жана метрология институтунун стандартынын негизинде Halal парфюмериялык-косметикалык продукция боюнча бир стандартты иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле тогуз мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылган.
30 июнундагы 2025
Евразия экономикалык форумунда интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүү талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде интеллектуалдык транспорттук тутумдарды киргизүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен Россиянын "Транспорттун санариптик доору" санариптик транспорт технологияларын өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын президенти Александр Семкиндин Минскте өткөн жумушчу жолугушуусунда талкуулоонун предмети болуп калды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕЭК министри ушул жылдын январында ЕЭК Кеңеши тарабынан жактырылган, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча Концепцияны ишке ашыруу жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун катышуучулары ишке ашырууга пландаштырылган базалык сервистердин тизмеси, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ИТТларынын маалыматтык өз ара иштешүүсүнүн форматтарына карата талаптарды унификациялоо боюнча пикир алмашышты. "Биздин мамлекеттерде ИТТны киргизүүнүн ар кандай деңгээлин эске алуу менен, унификацияланган стандарттарга жана талаптарга негизделген ЕАЭБдин тоскоолдуксуз санариптик мейкиндигин түзүү өтө маанилүү", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев. Тараптар аталган маселелерди сентябрь айында өтө турган ар жылдык «Россиянын интеллектуалдык транспорттук тутумдары. Транспорттун санарип доору» эл аралык форумунун алкагында улантууну макулдашышты.
Дагы көрсөтүү