Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6128
17 сентябрындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Кубанын Россиядагы Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья менен жолугушту
Евразия экономикалык бирлигине караштуу Куба Республикасынын туруктуу өкүлү – Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньянын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев аны менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бакытжан Сагинтаев Хулио Антонио Гармендия Пеньяга конструктивдүү диалогу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Куба менен кызматташтыгына салмактуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана ага Евразия экономикалык комиссиясынын "Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" төш белгисин тапшырды. Тараптар ЕЭК менен Куба Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында маселелердин кеңири спектрин талкуулашты. Биргелешкен иш-чаралардын планы соода, банк иши, каржы, биотехнология, айыл чарба, маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды камтыган кызматташуунун 34 багытын камтыйт. "Биз ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Кубанын товар жүгүртүүсүндө прогрессти байкап жатабыз, – деди Бакытжан Сагинтаев. – 2024-жылы ал 2015-жылга салыштырмалуу 13,9%га көбөйүп, 241 млн долларды түзгөн". Бирлик мамлекеттери Кубага, атап айтканда, мунай жана мунай заттарын, буудайды, автомобилдерди жана авто тетиктерди, ар кандай приборлорду экспорттошот. Өз кезегинде, ЕАЭБде кубалык кофе, тамеки буюмдары суроо-талапка ээ. Куба ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын туризм жагынан да кызыктырат. 2024-жылы аралга евразиялык "бешилтик" мамлекеттеринен 185 миңден ашуун турист келген, бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар соода-экономикалык диалогду улантууга жана өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин баса белгилешти.
17 сентябрындагы 2025
ЕЭК менен Филиппиндер кызматташтык пландарын талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын жана Филиппиндер Республикасынын өз ара иштешүүсүнүн келечектүү багыттарын ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев жана Филиппиндердин соода жана өнөр жай министринин орун басары Аллан Гепти карашты. "Филиппиндер Республикасы – Түштүк-Чыгыш Азиянын алдыңкы экономикаларынын бири, – деп комментарий берди ЕЭК министри. – Комиссия ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактын өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтөт жана Филиппиндер менен, анын ичинде АСЕАНдын негизги аянтчаларында диалогду тереңдетүүгө даяр". Данияр Иманалиев филиппиндик кесиптештерине Комиссиянын үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыгынын форматтары, ошондой эле АСЕАН менен өз ара аракеттенүүнүн негизги максаттары жана милдеттери туурасында маалымат берди. ЕЭК министри Филиппиндердин расмий, эксперттик жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн 2026-2030-жылдарга ЕЭК жана АСЕАН ортосундагы кызматташтыктын жаңы программасынын негизги иш-чараларына катышууга чакырды. Аллан Гепти Филиппиндердин айыл чарба тажрыйбасын, анын ичинде айыл чарба кайра иштетүү технологияларын, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, фармацевтика, энергетика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана инновациялык өнүгүү маселелерине кызыгуусун белгиледи. Бул чөйрөлөрдө демилгелерди практикалык ишке ашыруу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Филиппиндердин бизнес-өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы белгиленди. Тараптар келечекте ЕЭК менен Филиппиндер өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү жөнүндө меморандумду түзүү, ошондой эле 2026-жылы Филиппиндердин АСЕАНга төрагалыгы мезгилинде бизнес-бирикмелерди кошуу менен биргелешкен конгресс-көргөзмө иш-чарасын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.
17 сентябрындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнүн маанилүү фактору"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 17-сентябрда Москвада өтүүчү Network 2025 эл аралык форумунун алкагында "ЕАЭБдин туруктуу авиациялык транспорту 2026-2035" эл аралык конференциясында билдирди. "ЕЭК бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүүгө, инфраструктуралык жана административдик тоскоолдуктарды четтетүүгө, ошондой эле логистиканын санариптик трансформациясына негизги маани берет. Комиссия ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте евразия мейкиндигинде аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ошондой эле министр авиация тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү комплекстүү мамилени жана бир катар аймактык чараларды киргизүүнү, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандык авиация жаатындагы мыйзамдарын айкалыштырууну талап кылаарын белгиледи. Иш-чара жарандык авиацияга жана анын мультимодалдык курамына басым жасоо менен туруктуу транспорттун эң актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, бизнес жана эксперттердин өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болуп калды. Конференция БУУнун Башкы Ассамблеясынын туруктуу транспорт боюнча 10 жылдык демилгесине арналды, ал 2026-жылдын 1-январынан башталат.
16 сентябрындагы 2025
Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Нью-Делиде (Индия) болуп өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Индия Республикасынын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял Евразия экономикалык бирлиги менен Индиянын ортосунда тездетилген форматта эркин соода жөнүндө натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган жол картасы макулдашылып жаткандыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ушул жылдын ноябрынын башында Индияда өтө турган жана келечектеги бүтүмдүн негизги маселелерин кароого арналган мамилени макулдашышты. Ошону менен бирге анын алдында Комиссиянын индиялык өнөктөштөр жана ЕАЭБ мамлекеттери менен консультациялары жигердүү өткөрүлөт. Министрлер сүйлөшүүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз байланышты уюштурушту.
16 сентябрындагы 2025
Дары-дармектерди каттоо жана экспертизалоо эрежелери өзгөртүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертиза өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрына чейин мурда билдирилбеген таануу мамлекеттерин кошуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосуна арыз берген өндүрүүчүлөр үчүн ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 22-майындагы № 34 Чечими менен оптимизацияланган каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорунун жоболорун колдонууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бул өлкөлөрдө улуттук каттоо күбөлүктөрүнүн жарактуулугун жол-жоболорду жүргүзүү мөөнөтүнө узартуу камсыз кылынат, бирок 2027-жылдын 31-декабрынан ашык эмес. "Бул өзгөртүүлөр Бирликтин дары-дармектер жалпы рыногуна өтүү мезгилинин алкагында ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорун өткөрүү мөөнөттөрүн оптималдаштырууга багытталган", — деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.
16 сентябрындагы 2025
ЕЭКтин Каржы департаментинин директору болуп Людмила Мудрова дайындалды
Людмила Ивановна Мудрова 1980-жылы 21-сентябрда Могилев облусунун Хотимск шаарында (Беларусь Республикасы) туулган. 2002-жылы Могилев мамлекеттик техникалык университетин, 2021-жылы Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинин аспирантурасын аяктаган. 2003-жылдын мартынан 2007-жылдын мартына чейин Хотимск району боюнча Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин инспекциясында мамлекеттик салык инспекторунан инспекциянын башчысынын орун басарына чейин кызматтарды ээлеген. 2007-жылдын мартынан августуна чейин — Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин Могилев облусу боюнча инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору. 2007-жылдын сентябрынан 2009-жылдын октябрына чейин — Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар министрлигинин башкы мамлекеттик салык инспектору. 2009-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейин Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинде башкы адистен башкармалыктын башчысына чейинки кызматтарда иштеген. 2023-жылдын февралынан 2025-жылдын сентябрына чейин — Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары. 2025-жылдын 15-сентябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы департаментинин директору кызматына дайындалды.
15 сентябрындагы 2025
ЕАЭБдин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү программасы бекитилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Евразия экономикалык бирлигинин "алкактык" мүнөздөгү узак мөөнөттүү мезгилге илимий-техникалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы жөнүндө" сунуштамасын кабыл алды.
11 сентябрындагы 2025
Эл аралык уюмдар дүйнөлүк агроазык-түлүк тутумунда ЕАЭБдин ролун талкуулашты
11-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында эл аралык уюмдар жана бирикмелер бул тематика боюнча тегерек столдун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн дүйнөлүк агроазык-түлүк тутумунда жогорку ролун белгилешти.
Дагы көрсөтүү