2023-жылдын 1-январынан тарта Россия Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалыкты кабыл алды.
2015-жылы негизделген учурдан тартып Евразия экономикалык бирлиги ишенимдүү өнүгүп келе жатат, өзүнүн натыйжалуулугун жана керектүүлүгүн айкын көрсөтүүдө. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасынын абсолюттук көлөмү бул мезгил аралыгында 60%га өстү жана 2021-жылы тарыхый максимумга - 73,1 млрд долларга жетти, ал эми тышкы сооданын көлөмү 46%га – 846,3 млрд долларга чейин өстү. Ошону менен бирге жыл сайын Бирликтин ички соода жүгүртүүсүндө кошумча наркы жогору чийки зат эмес товарлардын үлүшү жогорулоодо. Калктын жан башына алганда ИДПнын жалпы өсүшү 28,7%ды түздү, ал эми улуттук валюталардагы төлөмдөрдүн үлүшү 75%га жакындады.
Биздин тыгыз интеграция пандемияга жана бир катар өлкөлөрдүн мыйзамсыз санкцияларды колдонуусуна байланыштуу курчуп кеткен жакырчылык, климаттын өзгөрүшү, ресурстардын тартыштыгы, анын ичинде эң маанилүү ресурстардын – азык-түлүк, суу, энергия булактарынын тартыштыгы сыяктуу глобалдык көйгөйлөргө татыктуу жооп болуп калды. Бирликтин калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн кубаттуу, өз алдынча, өзүн-өзү камсыз кылуучу уюлдарынын бири болуу, биздин баалуулуктарды бөлүшкөн жана ЕАЭБ менен кызматташууга умтулган бардык көз карандысыз мамлекеттер үчүн тартуу борбору болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экени анык.
Албетте, биз бардык багыттарда - саясий, экономикалык, өнөр жай, каржы жана технологиялык чөйрөлөрдө интеграцияны андан ары тереңдетүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди жасайбыз. Буга байланыштуу учурдагы "2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын" ишке ашыруунун жүрүшүн биргелешип баалоо жана үстүбүздөгү жылы 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде интеграциялык өз ара иштешүүнүн негизги багыттарын аныктай турган узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоого киришүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Биргелешкен иштин эң маанилүү стратегиялык артыкчылыктарынын бири ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн технологиялык потенциалын өнүктүрүү, бул жаатта чыныгы көз карандысыздыкка жана өзүн-өзү камсыз кылууга жетишүү болушу керек экендиги анык. Автомобиль жана химия өнөр жайы, транспорттук машина куруу, микроэлектроника, авиа куруу, кеме куруу, фармацевтика, санариптик экосистемалар, альтернативдик энергетика, айыл чарба машиналарын куруу, биотехнологиялар жана үрөнчүлүк сыяктуу экономиканын алдыңкы секторлоруна заманбап илимий-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштайбыз.
Күн тартибинде ошондой эле - санариптик трансформация жаатында өз ара иштешүүнү жигердештирүү. Тактап айтканда, ЕАЭБдин Интеграцияланган маалыматтык тутумун жана продукциянын жүгүртүмүнө мониторингдин улуттуктан жогорку тутумун ишке киргизүү коопсуз эмес жана сапаттуу эмес товарларды бирликтик рыноктон табууга жана алып салууга мүмкүндүк берет. Мындай документтерди өз ара таануу үчүн укуктук жана технологиялык шарттарды камсыз кылуу менен, Бирликтин мүчө мамлекеттеринде электрондук юридикалык маанилүү документ жүгүртүүнү макулдашып киргизүү процессин тездетүү зарыл. Санариптик технологиялар жана экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү чечимдер ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бирдиктүү принциптердин жана мамилелердин базасында жайылтылышы маанилүү, аларды Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин өзүнчө актысы менен бекитүү максатка ылайыктуу.
Биздин өлкөлөр өзүн бардык зарыл болгон айыл чарба продукциялары менен кепилдиктүү камсыз кылууга гана эмес, азык-түлүктү олуттуу көлөмдөрдө экспорттоого да мүмкүндүк бере турган өтө күчтүү агроөнөр жай базасына ээ. Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө максатында, айыл чарба тармагын андан ары өнүктүрүүгө багытталган чаралардын кеңири комплексин чогуу иштеп чыгууну сунуштайбыз.
ЕАЭБ энергетикада да салттуу түрдө алдыңкы позицияларды ээлеп келгендигин белгилеп өтөйүн. Жалпы энергетикалык рынокторду түзүү боюнча иш мындан ары да системалык жана текшерилген негизде жүргүзүлүшү керектиги шексиз. Ал эми атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануунун эң алдыңкы технологияларын өздөштүрүү энергетикалык өзгөрүү маселесин ишенимдүү чечүүгө мүмкүндүк берет.
Өз ара соода үчүн чет өлкөлүк валюталарды жана төлөм тутумдарын пайдалануу жараткан экономикалык тобокелдиктерди ырааттуу азайтуу актуалдуу милдет болуп саналат. Анткени, Россия Банкынын Финансылык билдирүүлөрдү берүү тутумуна өнөктөштөрдүн кошулуусу жана улуттук төлөм тутумдарынын тутумдар аралык өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү Бирлик ичинде туруктуу эсептешүү мамилелеринин ажырагыс шарты болуп эсептелет. Каржы рынокторун шайкеш келтирүү мүчө өлкөлөрдүн капиталы бирикменин ичинде калып жана улуттук экономикаларга инвестицияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш. Мындан тышкары, биздин макрорегиондун аймагында өсүп жаткан экономикалык жигердүүлүктү тейлөө үчүн баалоо инструменттерин камсыз кыла турган Евразиялык рейтинг агенттигин түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Интеграциялык өз ара иштешүүнү андан ары тереңдетүү көбүнесе Бирликтин ишканалары үчүн атаандаштык шарттарын, анын ичинде салыктык жөнгө салууну жакындатуунун, салыктык башкаруунун алдыңкы ыкмаларын киргизүүнүн, ошондой эле биздин тышкы чек араларда тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен бажы жол-жоболорун унификациялоонун эсебинен теңдештирүүдөн да көз каранды болот.
Жана, албетте, заманбап экономикалык реалдуулукка толук жооп берген жаңы транспорттук-логистикалык инфраструктураны түзүү боюнча ишти улантуу керек. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттерин байланыштырган тигишсиз, коопсуз эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болууда.
Интеграциялык кызматташтыктын негизги аспектилеринин бири квалификациялуу кадрларды даярдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Евразиялык эмгек рыногу жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүүнүн, өндүрүш процесстерине санариптик технологияларды киргизүүнүн масштабдуу милдеттерине шайкеш келиши керек. Буга байланыштуу улуттук илимий-техникалык программаларды шайкеш келтирүүгө, жалпы билим берүү жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгууга, техникалык жана гуманитардык дисциплиналар боюнча биргелешкен окутуу программаларын жана жалпы окуу китептерин ишке киргизүүгө умтулуу маанилүү. Ошондой эле жождор аралык стажировкалар жана академиялык алмашуулар тажрыйбасын өнүктүрүү абзел. Жана жалпысынан гуманитардык тематика - агартуу, маданият, спорт маселелери - биздин интеграциянын чегинен тышкары калып калбашы керек. Албетте, мында Евразия экономикалык бирлигин, анын жетишкендиктерин жана биздин өлкөлөрдүн бардык жарандары үчүн мүмкүнчүлүктөрүн популяризациялоо менен кыйла жигердүү алектенүү зарыл.
Бирликтин тышкы өнөктөштөр жана эл аралык бирикмелер менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыгын түзүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгилеп өтөйүн. Үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө учурдагы макулдашууларды ишке ашыруунун оң таасири айкын көрүнө баштады. Египет, Иран жана Индия менен ушундай эле макулдашуулар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аякташына ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жаңы сүйлөшүү тректерин, анын ичинде Индонезия жана Бириккен Араб Эмираттары менен сүйлөшүүлөрдү жигердештирүүгө ниеттенебиз. "Бирликтик" продукциянын экспортунун көбөйүшүнө жана жаңы логистикалык чынжырлардын түзүлүшүнө Азия-Тынч океан регионунун, Жакынкы Чыгыштын, Африканын жана Латын Америкасынын мамлекеттери менен ЕАЭБдин эл аралык байланыштарынын географиясынын кеңейиши өбөлгө түзө алат. Биздин бирикме Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн маанилүү борборлорунун бири катары ролду ойной алат.
Бул масштабдуу милдеттердин баарын чечүү үчүн биз түзгөн улуттуктан жогорку институттарды - биринчи кезекте, Евразия экономикалык комиссиясын өркүндөтүү талап кылынат. Буга байланыштуу анын компетенцияларын кеңейтүү жана ЕЭКке чоң ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө тиешелүү сунуштарды кароо талапка ылайык деп эсептейбиз. Ошол эле учурда, бардык негизги чечимдер, мурдагыдай эле, консенсус менен кабыл алынышы керек. Бул принцип базалык баалуулук, жалпы жетишкендик жана атаандаштыкка жөндөмдүү артыкчылык бойдон калууда.
Кылымдар бою биздин өлкөлөр чогуу жашап, географиялык мейкиндиктерин чогуу өздөштүрүп келишет. Тарыхый тагдырды бирдиктүү түшүнүү, көп кылымдык чарбалык байланышты түшүнүү, Бирлик өлкөлөрүнүн элдеринин маданий жана социалдык жалпылыгын сактоо жана бекемдөө биздин бүтүндөй ишмердиктин ийгилигинин ачкычы болуп саналат.
2023-жылы россиялык төрагалыктын артыкчылыктарын практикалык ишке ашырууда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин тыгыз кызматташуусуна жана колдоосуна ишенебиз. Чогуу биз элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн интеграциялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу жаңы жыйынтыктарга жетишебиз деп толук ишенебиз.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путин.