Жаңылыктар

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү 09 апрелиндеги 2025 ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү Мониторинг көрсөткөндөй, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттериндеги мамлекеттик башкаруу секторунун карызы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген чектерде түзүлгөн. Бир катар өлкөлөрдө карыздын деңгээли ИДӨгө салыштырмалуу төмөндөгөн: Кыргызстанда – 13,1%га чейин, Россияда – 13,6%га чейин. Арменияда жана Казакстанда ички карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу карыздын ИДӨгө карата көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 48,2%га жана 23,2%га чейин өскөн. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин балансы да белгиленген маанилердин алкагында түзүлгөн: Казакстанда жана Россияда тиешелүүлүгүнө жараша орточо тартыштык – ИДӨнүн 0,7% жана ИДӨнүн 1,2% өлчөмүндө, Кыргызстанда – ИДӨнүн 3,5% деңгээлинде бюджеттин профицити. Биринчи кезекте бюджеттерге колдоону салыктык жана салыктык эмес кирешелердин өсүшү көрсөттү. Армения Республикасы өзгөчө болду, анда бюджеттин тартыштыгы калкты социалдык колдоого чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу ИДӨнүн 3,5%ын түзүп, белгиленген мааниден ашкан. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 63-беренесине ылайык өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетинин тартыштыгы – ИДӨнүн 3%нан көп эмес; мамлекеттик башкаруу секторунун карызы – ИДӨнүн 50%нан көп эмес.
08 апрелиндеги 2025 ЕАЭБде эң көп кооперациялык жана экспорттук потенциалы бар өнөр жай тармактары аныкталды 8-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин чийки заттык эмес, анын ичинде жогорку технологиялык продукцияларын биргелешип экспорттоо үчүн келечектүү рынокторду жана өнөр жай тармактарын талдоонун жыйынтыктары жөнүндө" баяндамасын жактырды. Баяндамада кооперациялык жана экспорттук потенциалга ээ болгон жогорку технологиялык тармактарды кошкондо өнөр жайдын тармактары аныкталган. Бул, атап айтканда, химиялык, металлургиялык, фармацевтикалык, электрондук-оптикалык тармак, автомобиль- жана авиа куруу тармагы болуп саналат. Документте баяндалган сунуштар өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарынын өсүшүн камсыз кылууга, инновациялык активдүүлүктү өбөлгөлөөгө, илим сыйымдуу өндүрүштөрдү биргелешип өнүктүрүүгө, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү экспортко багытталган продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүгө багытталган. "Бирлик өлкөлөрү өнөр жайдын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу илимий жана өнөр жай потенциалына ээ, – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. – Ошону менен бирге машина куруу, электроника, химиялык өнөр жай сыяктуу жогорку технологиялык тармактарда импортту алмаштыруу мүчө мамлекеттердин кооперациялык кызматташтыгында артыкчылыктуу бойдон калууда".
08 апрелиндеги 2025 Давид Геворгян ЕЭКтин Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды Давид Левонович Геворгян 1986-жылы 28-апрелде Ереванда туулган. 2007-жылы Эл аралык ишкердик академиясын аяктаган. 2007-2012-жылдары Армениянын "Ардеф" өнүктүрүү фондунда, анын ичинде акыркы үч жылда – анын жетекчиси болуп иштеген. 2012-2016-жылдары – Армения Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Аппаратынын Улуттук коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу департаментинин экономикалык жана социалдык коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу боюнча биринчи бөлүмүнүн башкы адиси. 2016-2018-жылдары – Армения Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин жардамчысы. 2018-2022-жылдары Армения Республикасынын Вице-премьер-министринин протоколун жетектеген.­ 2022-2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министринин жардамчысы болгон. 2025-жылдын 1-апрелинен Евразия экономикалык комиссиясынын Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
08 апрелиндеги 2025 ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары болуп Александр Титов дайындалды Титов Александр Анатольевич 1965-жылы 12-ноябрда Россия Федерациясынын Уфа шаарында туулган. 1987-жылы Уфа мамлекеттик авиация институтун аяктаган. 1989-1991-жылдары армияда кызмат өтөгөн. 1992-2001-жылдары Уфа бажысында иштеп, инспектордон начальниктин орун басарына чейинки жолду басып өткөн. 2001-2004 жана 2011-2014-жылдары Россиянын бажы кызматынын Украинадагы өкүлчүлүгүндө кызмат өтөгөн. 2014-2024-жылдары Федералдык бажы кызматынын борбордук аппаратында түрдүү кызматтарда иштеген. Акыркы кызмат орду "Россиянын Федералдык бажы кызматынын мониторинг жана ыкчам көзөмөл борборунун" башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. 2024-жылдан 2025-жылга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору болуп иштеген. Ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. 2025-жылдын 1-апрелинен тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.
07 апрелиндеги 2025 Алексей Ведев ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору болуп дайындалды Ведев Алексей Леонидович 1960-жылдын 15-апрелинде Москвада туулган. 1983-жылы Москва инженердик-физикалык институтунун кибернетика факультетин аяктаган. 1991-жылы Гарвард университетинин (Harvard University) "экономикада тең салмактуулук моделдерин колдонуу" курсунан өткөн. Эл аралык прикладдык системалык анализ институтунда (IIASA, Вена, Австрия) билим алган. Экономика илимдеринин доктору. 1985-1996-жылдары РИА БЭМИ улук илимий кызматкери болгон. 1993-2006-жылдары ошондой эле "Россиянын экономикалык өнүгүүсү" жана "Каржылык рыноктор" сереп" журналдарында башкы редактор болуп иштеген. 1993-2014-жылдары "Веди" аналитикалык лабораториясын жетектеген. 1996-жылы Хитоцубаси Университетинин конок профессору болгон (Hitotsubashi University, Токио, Япония). Ошол эле жылы ДиалогБанкта иштеп баштаган. Маалымат-аналитикалык башкармалыкты, андан кийин — каржы рынокторунун сатуу жана кардарларды тейлөө топтору башкармалыгын жетектеген, башкы экономист болгон. 2004-жылдан тартып үч жыл аралыгында "Өнүгүү борбору" экономикалык изилдөөлөр фондун жетектеген. 2007-жылга чейин Global Source Partners компаниясынын (Нью-Йорк, АКШ) өлкөлүк эксперти болгон. 2007-2011-жылдары Москва Банкынын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору болуп иштеген. 2011-2014-жылдары "Стратегиялык иштеп чыгуулар борбору" фондунун финансылык изилдөөлөр боюнча директору, Россиялык банктар ассоциациясынын аткаруучу вице-президенти, Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун структуралык изилдөөлөр Борборунун директору болгон. 2014-жылдын августунан 2017-жылдын февралына чейин Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген. 2017-жылдан бери Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун финансылык изилдөөлөр лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери жана ПЭИИ, РЭЧжМКА Структуралык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы болуп саналат. "Структуралык кайра түзүүлөрдүн жана туруктуу экономикалык өсүштүн приоритеттери" багыты боюнча РФ Президентине караштуу экономикалык кеңештин жумушчу тобунун мүчөсү. 2025-жылдын 7-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык департаментинин директору болуп дайындалды.
07 апрелиндеги 2025 Николай Кушнарев: "Биз Мексика менен өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдарбыз" Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев "Россия-Мексика" бизнес-форумунда Мексика менен өнөр жай чөйрөсүндө өз ара иштешүү жөнүндө меморандум түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. "Биз биргелешкен демилгелерди жана өз ара пайдалуу өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлиги менен Мексиканын ортосунда кызматташтыктын предметтик архитектурасын түзүүгө кызыкдарбыз", – деп белгиледи Николай Кушнарев. ЕЭК жана Бирлик өлкөлөрү үчүн, атап айтканда, Мексиканын жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнүн өзгөчө экономикалык аймактардын жана өнөр жай кластерлеринин механизмдерин колдонуу боюнча тажрыйбасы кызыгууну жаратат. Кошумча нарктын жаңы чынжырчаларын жана технологиялар трансферин түзүү максатында ЕАЭБ менен Мексиканын кызматташтыгы белгилүү потенциалга ээ. "Бизде Латын Америкасынын экономикалык тутуму, Борбордук Американын экономикалык интеграция маселелери боюнча катчылыгы менен меморандумдар түрүндө биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү үчүн олуттуу база бар. Буга кошумча биз Мексика менен өзүнчө меморандум түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз, анда биздин мүмкүн болгон кызматташуубуздун актуалдуу багыттарын көрсөтүүгө болот", – деди ЕЭК департаментинин башчысы. Николай Кушнарев Мексиканын мамлекеттик органдары жана бизнеси менен диалогдун мындан ары өнүгүшүнө үмүтүн билдирди жана кесиптештерин ушул жылдын июнь айында Минскте өткөн Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды. ЕАЭБден Мексикага кооперациялык (аралык) өнөр жай продукциясынын экспорту негизинен металлургиялык жана химиялык өнөр жайынын продукциясы менен көрсөтүлгөн (тиешелүүлүгүнө жараша 2024-жылы кооперациялык продукциянын экспортунун жалпы көлөмүнөн 61,6% жана 34,6%). Мексикадан ЕАЭБге импорт – кооперациялык продукциянын импортунун жалпы көлөмүнүн 64%ын түзгөн химиялык өнөр жай продукциясы, машиналар жана жабдуулар (башка топторго киргизилбеген), башка өнөр жай товарлары менен көрсөтүлгөн. 
Георгий Арзуманян: 03 апрелиндеги 2025 Георгий Арзуманян: "ЕАЭБ Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда кооперацияны тереңдетүү үчүн платформа боло алат" Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Европалык бизнес ассоциациясынын мааракелик флагмандык конференциясынын алкагында "Эшиктерди ачык кармоо искусствосу: XXI кылымда Борбордук Азия кандай чебердик менен бөлүшө алат" сессиясына катышты. Иш-чара 2025-жылы европалык бизнес менен ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо үчүн алдыңкы бизнес лидерлерин, эксперттерди жана бийлик өкүлдөрүн чогултту. Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде Борбордук Азиянын маанилүү ролун баса белгилеп, Георгий Арзуманян Казакстан жана Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү болуп саналаарын, ал эми Өзбекстан ЕАЭБге караштуу байкоочу статусуна ээ экенин белгиледи. "Биздин интеграциялык күн тартиптин маанилүү багыты – экономиканын реалдуу секторун колдоо жана өнөр жай операциясын өнүктүрүү, – деп белгиледи Георгий Арзуманян. – Комиссия машина куруу, мунай-газ жабдууларын өндүрүү, жеңил өнөр жай, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда кооперациялык чынжырчаларды жөнгө салат". Георгий Арзуманян ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери олуттуу ресурстук потенциалга ээ экендигине жана өнөр жай кубаттуулуктарынын динамикалуу өсүшүн көрсөтүп жатканына көңүл бурду. Бул, бир жагынан, ЕАЭБ алкагында биргелешкен жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө региондун өлкөлөрүнүн катышуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат, ал эми экинчи жагынан – евразиялык жана европалык инвестицияларга жана Борбордук Азиядагы жаңы технологиялык өнөктөштүккө ишенүүгө мүмкүндүк берет. ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, реалдуу секторду колдоонун колдо бар инструменттерин эске алуу менен аралаш каржылоо механизмин, анын ичинде каржы институттары менен өнүктүрүү институттарынын кызматташуусу аркылуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Европалык бизнес ассоциациясы (ЕБА) – Россияда чет элдик инвесторлордун негизги өкүлчүлүгү. 1995-жылы негизделген ЕБА Россияда иштеген 380ден ашык компанияларды бириктирген көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. АЕБге ири эл аралык корпорациялар, Европадан гана эмес, дүйнөнүн башка региондорунан чакан жана орто бизнес ишканалары кирет.
03 апрелиндеги 2025 Наира Карапетян: "ЕАЭБ өлкөлөрүндө өсүмдүк майларынын дүйнөлүк рыногунда болгон орундарды бекемдөө жана жаңы позицияларды ээлөө үчүн бардык өбөлгөлөр бар" Евразия экономикалык бирлигиндеги май-тоң май тармагынын ишинин жогорку натыйжаларын Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян Москвада өткөн Май-тоң май конференциясы — 2025 пленардык сессиясында белгиледи. Комиссиянын өкүлү сессиянын катышуучуларына 2024-жылы ЕАЭБде май өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүнүн дүң жыйымдары 34,6 млн тоннага жеткенин, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнөн 33%га көп экендигин маалымдады. Жогорку түшүм өсүмдүк майларын өндүрүүнү бир жарым эсеге – 11,6 миллион тоннага чейин өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Калктын ички суроо-талабын камсыз кылууну эске алуу менен мүчө мамлекеттер даяр продукцияны 120дан ашык өлкөнүн рынокторунда сатышат. ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрү болуп Кытай, Индия, Түркия, Иран, Алжир, Өзбекстан жана Тажикстан саналат. Күн карама майы менен камсыздоо боюнча Бирлик дүйнөдө экинчи, рапс боюнча – үчүнчү орунда турат. "Бирликтин өлкөлөрүндө өсүмдүк майларынын дүйнөлүк рыногунда болгон орундарды бекемдөө жана жаңы позицияларды ээлөө үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Бул контекстте атаандашуу эмес, бири-бирин пайдалуу толуктоо үчүн ырааттуу чечимдерди кабыл алуу маанилүү. Комиссия реалдуу сектордун керектөөлөрүнө жооп берген кызматташуунун шарттарын түзүү үчүн бизнестин өкүлдөрү менен түз диалогго даяр", – деп жыйынтыктады Наира Карапетян.
Дагы көрсөтүү