Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6258
21 ноябрындагы 2025
Валентин Татарицкий: "Бирликтин техникалык регламенттерин бир түрдүү колдонуу – техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумуна ишенимди камсыз кылуунун маанилүү инструменти"
Евразия экономикалык бирлигинин техрегламенттерин мүчө мамлекеттерде бир түрдүү колдонуунун зарылдыгы жана маанилүүлүгү, техникалык жөнгө салуу процесстеринде бирликтик органдардын ролу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 20-ноябрда Минскте өткөн ЕАЭБ Сотунун Эл аралык конференциясынын пленардык сессиясында айтып берди. "Евразия экономикалык мейкиндигинде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүү – биздин базалык аспабыбыз", – деп белгиледи Валентин Татарицкий. – Түз аракеттеги документтердин статусуна ээ болуу менен ЕАЭБдин техрегламенттери өндүрүүчүлөрдүн, импорттоочулардын жана керектөөчүлөрдүн өз ара мамилелерин жөнгө салуу тутумун гана түзбөстөн, кооперациялык жана соода байланыштары үчүн негиз, өз ара сооданын шарттары жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулардын предмети болуп калды". ЕЭК министри ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун актыларындагы укуктук боштуктарды четтетүү боюнча жаңы чечимдерге токтолду. Мында ал техрегламенттердин ченемдерин колдонууда бирдейликке жетишүү инструменттерине өзгөчө көңүл бурду. Валентин Татарицкийдин сөзү боюнча, техникалык регламенттин мазмунун өз убагында жарыялоо жана аткаруучуларга жеткирүү, ЕАЭБ же конкреттүү мүчө мамлекеттин деңгээлинде чечимдерди талап кылган көйгөйлүү кырдаалдарды аныктоого мүмкүндүк берген кайра байланыш механизми катары колдонулган техрегламенттерди колдонуунун мониторинги, – 2024-2025-жылдары Бирликтин техрегламенттеринин күчүнө кирген илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү түрдө мезгилдүү баалоо процедурасы жана аларга карата стандарттардын тизмеси менен толукталган. "Мындай баалоо биздин өлкөлөрдө коопсуздук талаптарынын жогорку деңгээлин сактоого багытталган", – деди ЕЭК министри. Учурда Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдоо тартибинин үстүндө иштеп жатат. "Ушул жылдын декабрь айында Тартиптин долбоору Комиссиянын Коллегиясы тарабынан каралат", – деп түшүндүрдү Валентин Татарицкий. – Биз техрегламенттердин жоболорун колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдоо жол-жобосу Бирликтин техрегламенттерин колдонууга бир түрдүү ыкманы камсыз кылуунун дагы бир маанилүү жана талап кылынган инструменти болуп калат деп ишенебиз. Ал толугу менен учурдагы техникалык жөнгө салуу тутумуна кошулуп, анын "кошумча жөндөөлөрүнө" өбөлгө түзөт.
21 ноябрындагы 2025
Гоар Барсегян: "ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк менен камсыздоону бекемдөөгө олуттуу салым кошууда"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Римдеги штаб-квартирасында билдирди. "Глобалдык азык-түлүк менен камсыз болуунун маанилүүлүгүн таануу менен, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери дүйнөлүк агрардык рынокко жогорку сапаттагы продукцияны жеткирүү менен ачарчылыкка каршы күрөшүүгө олуттуу салым кошууда. Бирлик буудайдын, күн карама майынын жана тоңдурулган балыктын дүйнөлүк алдыңкы экспорттоочусу, буудай унунун жана рапс майынын экинчи ири экспорттоочусу жана арпа жана шрот боюнча – үчүнчү ири экспорттоочусу болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭК министри. Гоар Барсегян ФАОнун башкы директорунун биринчи орун басары Маурицио Мартина менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар АӨКда өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын аныкташты, анын ичинде мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, агрардык секторду ар тараптуу модернизациялоо, кооперация жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча. ЕЭК министринин ФАО алдындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана Римдеги башка эл аралык уюмдар менен болгон жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндө агроөнөр жай комплексинде интеграцияны тереңдетүүнүн перспективалуу багыттары жана маселелери талкууланды. ""Бешилтик" өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери дүйнөдө пайда болгон чакырыктарга каршы турууга жана Бирликтин глобалдык азык-түлүк менен камсыз болуу жаатындагы маанилүү өнөктөш катары статусун бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп ишенем", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян. – Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттер менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө бардыгы үчүн кыйла туруктуу, стабилдүү, инклюзивдүү жана ачарчылык жок келечекке жетүү үчүн аймактык уюмдар жана өлкөлөр менен стратегиялык өнөктөштүктү улантууга жана тереңдетүүгө даяр". Гоар Барсегян менен болгон жумушчу жолугушууларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана ФАОнун 20дан ашык мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышты. Иш-чара 2025-жылы ЕАЭБ органдарында Беларусь Республикасынын төрагалыгынын алкагында уюштурулган.
21 ноябрындагы 2025
ЕЭК жана ЕАЭБ мамлекеттери ЫЭО үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча жаңы чараларды талкуулашууда
19-20-ноябрда ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Куат Рахимовдун жетекчилиги астында Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Негизги көңүл ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү кеңейтүүгө жана аларды колдонуу практикасына бурулду. Тараптар товарларды өткөрүү пункттарында чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен операторлор үчүн алдын ала декларациялоону оптималдаштыруу, ошондой эле ЫЭО аянтчаларында бажы кампасынын жол-жобосуна ылайык жайгаштырылган товарларга карата операцияларды бажы органынын уруксатысыз жүргүзүү боюнча сунуштарды талкуулашты. ЫЭО тарабынан камсыз кылуусуз бажы алымдарын төлөөнү кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө демилгени талкуулоо улантылды. ЫЭО жана үчүнчү жактардын катышуусу менен көп тараптуу бүтүмдөрдүн алкагында ташылып жаткан товарларды декларациялоодо жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуунун өзгөчөлүктөрү каралды. Эксперттер операторлордун ыңгайлуулугун жана жөнөкөйлөштүрүүнү туура эмес колдонуунун алдын алуу ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн бул маселени кошумча талдоо зарылдыгын белгилешти. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун институту бизнес менен бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн эл аралык таанылган куралы болуп саналат. ЫЭО статусу компанияларга белгиленген талаптар аткарылганда бир катар жеңилдиктерди берет. ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн жана ЕАЭБ алкагында аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды түзүү менен алектенет.
20 ноябрындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБдин транспорттук каркасы – Бирлик өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз"
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда транспорттук-логистикалык инфраструктуранын маанилүү ролун ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 20-ноябрда Москвада жыл сайын өтүүчү "Интеграция" эл аралык форумунда сүйлөп жатып белгиледи.
19 ноябрындагы 2025
ЕАЭБ жана АСЕАН керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөдө
Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү перспективалары АСЕАНдын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин сессиясында онлайн форматта талкууланды.
19 ноябрындагы 2025
ЕЭК Кеңеши жаңы кооперациялык долбоорду жана ЕАЭБдин бюджетинен аны ишке ашырууга субсидия берүүнү жактырды
Долбоор боюнча арыз ээси болуп "Сбербанк" ААК (Россия) чыгат. Долбоор Курган жол машиналары заводу тарабынан Беларустун жана Казакстандын ишканаларынын катышуусу менен ишке ашырылууда, алар даяр продукцияны өндүрүү үчүн себилдегичтерди камсыз кылышат.
18 ноябрындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 18-ноябрда Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин Өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышты.
17 ноябрындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн курулуш-жол машина куруу тармагында өнөр жай кызматташтыгынын келечектүү багыттары аныкталды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 17-ноябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында курулуш-жол машина куруу чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктады.
Дагы көрсөтүү