Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6265
20 ноябрындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБдин транспорттук каркасы – Бирлик өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз"
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда транспорттук-логистикалык инфраструктуранын маанилүү ролун ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 20-ноябрда Москвада жыл сайын өтүүчү "Интеграция" эл аралык форумунда сүйлөп жатып белгиледи.
20 ноябрындагы 2025
Наира Карапетян: "ЕЭК АӨК интеграциясын тереңдетүүнү иштеп чыгууну пландаштырууда"
Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян 20-ноябрда "Интеграция" VII Евразия форумуна катышты. Тармактык секцияда сүйлөп жатып, Наира Карапетян Евразия экономикалык бирлигинин алкагында макулдашылган агроөнөр жай саясатынын анын иштөө мезгилиндеги натыйжалуулугун белгиледи. "Бирлик өлкөлөрүнүн сабаттуу ишке ашырылган улуттук агрардык саясаты жана координацияланган аракеттери айыл чарба продукциясын өндүрүүнү 25%га көбөйтүүгө, азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички керектөөлөрдү 92%га жабууга, өз ара сооданын көлөмүн 70%га, экспортту эки эседен ашык жогорулатууга, глобалдык деңгээлде азык-түлүк менен камсыздоого олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берди", – деп белгиледи Наира Карапетян. 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБде экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларацияда чагылдырылган АӨКга интеграцияны тереңдетүү боюнча андан аркы кадамдар, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өстүрүүгө, инновациялык ыкмаларды киргизүүгө жана агроөнөр жай комплекси үчүн технологиялык базаны өнүктүрүүгө, агрологистиканы жана инфраструктураны өркүндөтүүгө багытталат.
20 ноябрындагы 2025
Руслан Давыдов: "Бажылык жөнгө салууну санариптештирүү — евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүүнүн ачкычы"
ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов VII Евразия ишкер форумунун "Интеграция" пленардык отурумунда чыгып сүйлөдү жана бажылык жөнгө салууну санариптештирүүнүн евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө баяндаманы сунуштады. ЕЭК министри санариптик бажы технологияларын киргизүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соода ишмердүүлүгүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүүгө, ачыктыгын жогорулатууга жана товар жүгүртүүсүн тездетүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. "2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 22%га өскөн", – деп белгиледи Руслан Давыдов. ЕЭК министринин сөзү боюнча, тышкы факторлорго карабастан санариптик бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштеши олуттуу мааниге ээ, анткени бул ЕАЭБ мамлекеттеринин технологиялык көз карандысыздыгынын негизги элементи. Ошондой эле Руслан Давыдов санариптик бажы технологияларын колдонуунун мыкты дүйнөлүк тажрыйбалары жөнүндө, анын ичинде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мисалында айтып берди. "ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагынын тышкы контурундагы өткөрүү пункттарында барган сайын жигердүү колдонулуп жаткан жүк ташуучу транспорт каражаттарын агымдуу сканерлөө тутумдары бажы операцияларын аткаруу ылдамдыгын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет. Аларды киргизүү логистиканы өнүктүрүү жана контролдоочу органдардын ишинин сапатын жогорулатуу максатында өткөрмө пунктунда чогултулган чоң маалыматтарга комплекстүү талдоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт", – деп билдирди ЕЭК министри. Чыгып сүйлөөнүн аягында Руслан Давыдов форумдун катышуучуларын ЕЭКтин ЕАЭБде электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча конференциясына кошулууга чакырды, ал 2025-жылдын 26-ноябрында Москвада өтөт. Бул конференция тажрыйба алмашуунун жана 2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБ аймагы боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн пломбаларды колдонууну ишке киргизүүнүн алдында актуалдуу маселелерди талкуулоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү болот.
19 ноябрындагы 2025
ЕАЭБ жана АСЕАН керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөдө
Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү перспективалары АСЕАНдын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин сессиясында онлайн форматта талкууланды.
19 ноябрындагы 2025
ЕЭК Кеңеши жаңы кооперациялык долбоорду жана ЕАЭБдин бюджетинен аны ишке ашырууга субсидия берүүнү жактырды
Долбоор боюнча арыз ээси болуп "Сбербанк" ААК (Россия) чыгат. Долбоор Курган жол машиналары заводу тарабынан Беларустун жана Казакстандын ишканаларынын катышуусу менен ишке ашырылууда, алар даяр продукцияны өндүрүү үчүн себилдегичтерди камсыз кылышат.
18 ноябрындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 18-ноябрда Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин Өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышты.
17 ноябрындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн курулуш-жол машина куруу тармагында өнөр жай кызматташтыгынын келечектүү багыттары аныкталды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 17-ноябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында курулуш-жол машина куруу чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктады.
17 ноябрындагы 2025
Андрей Слепнев бизнес менен ЕЭКтин соода күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулады
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитетинин жана РӨИБнын эл аралык кызматташтык боюнча комитетинин металлургия жана тоо-кен өнөр жайы боюнча комитетчесинин биргелешкен отурумуна катышты.
Дагы көрсөтүү