Жаңылыктар

03.03.2022

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Чинара Мамбеталиева дайындалды

Чинара Мырзакматовна Мамбеталиева 1974-жылы Талас шаарында (Кыргыз Республикасы) төрөлгөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн.

20 жылдан ашуун – 1998-2022-жылдар аралыгында – Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде иштеп келген. Контролдук талдамалык лаборатория борборунун башчысы, сертификаттоо бөлүмүнүн башчысы, Дары-дармектер менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатын баалоо боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

2022-жылдын 3-мартында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.