Жаңылыктар

16 апрелиндеги 2025 Валентин Татарицкий: "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн товарлар эң коопсуз болушу керек" Балдар жана өспүрүмдөр үчүн продукциянын коопсуздугун жогорулатууну Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий Москвада балдар товарлары индустриясынын конгрессинде сунуштады. Ал мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн рыногунда эң коопсуз болушу керек деп ишенет. Конгресстин аянтчасында бизнестин, эксперттик коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул тема боюнча пикир алышып, иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Валентин Татарицкий Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБ алкагында тиешелүү ченемдик базанын түзүлүшү жана өркүндөтүлүшү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, бирликтик документтерде өндүрүүчүлөр оюнчуктарды, кийимдерди, бут кийимдерди, башка балдар жана өспүрүмдөр товарларын даярдоодо заманбап технологияларды колдонуусу кеңири көрсөтүлүшү керек. Ошону менен бирге коопсуздук биринчи орунда турушу керек. Ар бир бала кызыктуу, кооз оюнчук жөнүндө кыялданат. Бирок, белек аны жана ата-энени да капалантпашы жана ден-соолукка зыян келтирбеши үчүн, сатып алуу учурунда товардын бир катар мүнөздөмөлөрүнө көңүл буруу керек. Атап айтканда, белгиленген коопсуздук талаптарына жооп бериши керек жана белгилүү бир курактык критерийлерге жооп бериши керек болгон материалга, формага, жытка көңүл буруу абзел. Ал тургай, түсү дагы маанилүү — ал баланын реалдуу дүйнө түшүнүгүн бузбашы, аны коркутпашы үчүн мүмкүн болушунча табигыйга жакын болушу керек. Бардык зарыл талаптар Бирликтин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде камтылган. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө", "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө", "Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана башка техрегламенттер колдонулат, алардын талаптары негиз салуучу болуп саналат.   ЕЭК министри "балдардын психикалык саламаттыгы жана когнитивдик өнүгүүсү үчүн тобокелдиктер" эске алынышы үчүн Бирликтин тиешелүү техникалык регламенттерин өз убагында жана илимий жактан негизделген корректировкалоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. "Техрегламенттердин талаптары техникалык мүнөзгө ээ, бул бизге аларды жетишерлик ачык жол менен баалоого (сыноого же өлчөөгө) мүмкүнчүлүк берет. — деп белгиледи ЕЭК министри. — Ошону менен бирге балдар продукциясы балдардын интеллектуалдык, адеп-ахлактык, эстетикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Бирок регламенттерде буга таасир эте турган талаптар азырынча жок". Валентин Татарицкий балдар продукциясына, анын ичинде балдардын психикасына терс таасирин тийгизбей турган санариптик оюнчукта рга жана жасалма интеллекттүү оюнчуктарга карата талаптарды белгилөө боюнча ар кандай тажрыйбаларды изилдөө жөнүндө билдирди. Ал Европа бирлигинин "балдар продукциясына карата жөнгө салууну күчөтүү боюнча" мисалына кеңири токтолду жана бардык кызыкдар адамдарды ЕАЭБде колдонуу мүмкүндүгүнүн перспективасы менен бул тажрыйбаны тыкыр баалоого чакырды. "Комиссия ушундай эле иштер биздин Бирликте жүргүзүлүшүнө кызыкдар. Анын үстүнө ЕАЭБ укугунда техникалык талаптарды өз убагында жана ыкчам оңдоо үчүн функционал бар. Бул жылы кабыл алынган Бирликтин техрегламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибинин жаңы редакциясы бул документтерди жана ИИИни аткаруунун жыйынтыктары боюнча бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды тездетилген оңдоону камсыз кылат", — деп жыйынтыктады Валентин Татарицкий.
16 апрелиндеги 2025 ЕАЭБ мүчө мамлекеттердинин жарандары россиялык-беларустук чек ара аркылуу өтүүсүн чектөө менен байланышкан тоскоолдуктар четтетилди 2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда визаларды өз ара таануу жөнүндө жана 2020-жылдын 19-июнундагы Бирлик мамлекетин түзүү жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын киришине байланыштуу башка маселелер боюнча макулдашуу күчүнө кирди. Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы Евразия экономикалык комиссиясына азыркы учурда Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Беларусь Республикасынан Россия Федерациясына кирүүнү жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына эл аралык темир жол жана аба катнашынын пайдаланылуучу жолдору боюнча, ошондой эле Макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль катнашынын жолдору (алты участок) боюнча чыгууну жүзөгө ашырууга практикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги жөнүндө маалымдашты. Буга чейин Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына Беларусь Республикасынан жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына авиациялык транспорт менен гана кире алышкан. Эки өлкөнүн географиялык жакындыгын эске алганда, бул кымбат жана дайыма эле ыңгайлуу болгон эмес. Макулдашуунун күчүнө кириши менен Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары беларустук-россиялык чек арасынан автомобиль, ошондой эле темир жол транспорту менен өтө алышат. 2025-жылдын 15-апрелинде Комиссиянын Коллегиясы көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселени караган. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Комиссиянын биргелешкен ишинин аркасында Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары россиялык-беларустук чек арасы аркылуу эркин жүрүүгө мүмкүндүк алышты. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча системалуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө жана улантылат. Албетте, бул жагдай биздин өлкөлөрдүн ортосунда адамдардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн практикалык ишке ашырууга оң таасирин тийгизет, ошондой эле Бирликте ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.
11 апрелиндеги 2025 ЕЭК Иран менен техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча семинар өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкийдин төрагалыгы астында Иран менен техникалык жөнгө салуу, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларына арналган семинар болуп өттү. Жолугушуу Евразия экономикалык бирлиги менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө келишим ушул жылдын 15-майында күчүнө кирүүсүн утурлай өттү. Семинарга ирандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана Ирандын рыногуна чыгууга кызыкдар болгон ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер бирикмелеринин жана компанияларынын өкүлдөрү катышышты. "Ирандык тарап клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө жана фармацевтикалык продукцияларды каттоого карата жөнгө салуу мамилелерин жакындатуу боюнча кызыгуусун билдирди. Биз тараптан ишкер коомдоштуктун ирандык тарап менен дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, ошондой эле медициналык техниканын жеткиликтүүлүгү боюнча техникалык тоскоолдуктарды четтетүүгө кызыкдарлыгын көрүп турабыз", — деп белгиледи Андрей Слепнев. Анын айтымында, Келишимдин жакшыртылган жөнгө салуучу бөлүгү соодадагы техникалык тоскоолдуктар жагында толугу менен Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык келет, бул Иран бул эл аралык уюмдун мүчөсү эмес экенин эске алуу менен өзгөчө маанилүү. "Биздин субъекттер үчүн Иран рыногуна продукциялардын жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу үчүн практикалык багыттагы механизм катары соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча жумушчу топтун аянтчасы болуп саналат. Мындай тематикалык топту түзүү Келишимде каралган. Жумушчу топто Ирандагы техникалык талаптарга же шайкештикти баалоо жол-жоболоруна байланыштуу биздин уюмдардын конкреттүү экспорттук кейстерин кароого, кандайдыр бир так келишимдерге чыгууга аракет кылууга болот", – деп белгиледи Валентин Татарицкий. Ал соодадагы техникалык тоскоолдуктарга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардык спектрин, анын ичинде Бирлик мамлекеттеринин Иран менен эки тараптуу келишимдерин карап чыгууну сунуштады. Техникалык жөнгө салуу жаатында ирандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн кыйла келечектүү багыттарын ЕАЭБдин, анын мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуунун жоболорун имплементациялоого багытталган Биргелешкен иш-чаралар планынын (жол картасынын) долбооруна киргизүү сунушталат.
11 апрелиндеги 2025 ЕЭК темир жол машина куруу тармагында каржылык көмөк көрсөтүү механизмин колдонууну активдештирет Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча министри Гоар Барсегян жетектеген делегациясы Тверь облусунда "Негизги тутумдар жана компоненттер" ("НТК" МК) компаниялар тобунун өндүрүштүк аянтчаларынын иши менен таанышты. Бул холдинг рельстик кыймылдуу курам үчүн тутумдардын жана компоненттердин ири россиялык өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат. "НТК" МКнын өнөр жай технопаркына жана холдингдин ишканаларына баруунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында "Москва – Санкт-Петербург" жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралынын долбоорун ишке ашыруу үчүн өнөр жай операциясына каржылык көмөк көрсөтүү механизмин пайдалануу талкууланды. "Биз каржылык көмөк көрсөтүү механизми холдинг тарабынан өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо жана өстүрүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары менен жаңы кооперациялык тизмектерди түзүү үчүн ийгиликтүү колдоно тургандыгына ишенебиз. Биз жаңы кооперациялык чынжырчаларды түзө алабыз, алар "НТК" МК гана эмес, бүткүл евразиялык өнөр жайынын позицияларын бекемдейт", – деп белгиледи Гоар Барсегян. "НТК" МК Россия Федерациясынын он регионунда 20дан ашык ишканаларды бириктирет, аларда 16 миңден ашык адам иштешет. "НТК" МК тапшырыкчыларынын арасында – Россия менен Европанын 200дөн ашык компаниялары бар.
10 апрелиндеги 2025 Комиссия ЕАЭБдин айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларынын Ирандын рыногуна жеткиликтүүлүгү маселесин талкуулады Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиковдун жана ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Владимир Синкевичтин жетекчилиги астында мамлекеттик органдардын, ишкер ассоциациялардын жана бизнестин өкүлдөрү менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ирандык рынокко айыл чарба продукцияларынын жеткиликтүүлүгү маселелерин талкуулоо болуп өттү. Жолугушуу ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө келишим ушул жылдын 15-майында күчүнө кирүүсүн утурлай өттү. Макулдашуунун преференциалдык камтуусуна айыл чарба товардык номенклатурасынын 67%ы кирет, анын үлүшүнө ЕАЭБдин Иранга айыл чарба экспортунун 98%ы туура келет. Соода режимин либералдаштыруу ирандык тараптын тарифтик коргоо деңгээлин олуттуу түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет: Ирандын РНБ орточо чени бүткүл айыл чарба товардык номенклатурасы боюнча 30%дан 14%га чейин төмөндөйт. "Макулдашуу ЕАЭБ бизнеси үчүн иран рыногуна, анын ичинде азык-түлүк товарлары жагында жеткиликтүүлүктүн уникалдуу тарифтик шарттарын түзөт. Буга байланыштуу биз биринчи кезекте бул багыт боюнча Иран менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында көңүл бурушубуз керек болгон тоскоолдуктарды жана көйгөйлүү маселелерди аныктоо зарыл", – деп белгиледи Владимир Серпиков. Ал ошондой эле, бир эле мезгилде Макулдашууда санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонууга тиешелүү жөнгө салуучу бөлүк жакшыртылганын, алар өз ара соодага олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин эске салды. "ЕАЭБде СФС-чаралар чөйрөсүндө ченемдик-укуктук база түзүлгөн, ал коопсуздукка, анын ичинде азык-түлүк продукциясына, Бирликтин аймагы боюнча алып келүүнүн жана аны алып өтүүнүн тартибине карата талаптарды белгилейт. Көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө ЕАЭБ укугу сакталган учурда үчүнчү өлкөлөрдүн, анын ичинде Ирандын продукциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин рыногуна келет", – деп маалымдады Владимир Синкевич. Айыл чарба продукцияларынын жеткиликтүүлүгү, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелерин 2025-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комитеттин биринчи отурумунун жүрүшүндө ирандык тарап менен талкуулоо сунушталды. Мындан тышкары, бул жаатта ирандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн кыйла келечектүү багыттарын ЕАЭБдин, анын мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Макулдашуунун жоболорун имплементациялоого багытталган Биргелешкен иш-чаралар планынын (жол картасынын) долбооруна киргизүү пландаштырылууда.
10 апрелиндеги 2025 Наира Карапетян: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кант рыногун туруктуу өнүктүрүү боюнча кошумча чаралардын тизмесин жактырууну пландаштырууда" Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрү үчүн экономиканын агрардык сектору стратегиялык тармактардын бири болуп саналат жана акыркы беш жылда өндүрүштүн дээрлик 15%га өсүшүн көрсөттү. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян 10-апрелде Москвада өткөн "КМШ өлкөлөрүнүн кант рыногу 2025. Келечекке көз караш" эл аралык конференциясында билдирди. Ошону менен бирге, ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, жогорку технологиялык өндүрүш каражаттарынын олуттуу көлөмдөрү Бирликке импорттолууда. Бул жагдайды нивелирлөө үчүн Комиссия макулдашылган агроөнөр жай саясатынын алкагында сезимтал айыл чарба товарларынын рынокторун өнүктүрүүнүн комплекстүү баяндамаларынын негизинде мүмкүн болгон биргелешкен чараларды аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгат. "Комиссия Бирлик мамлекеттеринин кант рыногун туруктуу өнүктүрүү боюнча кошумча чаралардын тизмесин жактырууну пландаштырууда, анда кантты жана кошумча продукцияны терең кайра иштетүү чөйрөсүндө инновациялык иштеп чыгууларды жана технологиялык чечимдерди өздөштүрүү, ошондой эле башка чаралар каралган", – деп маалымдады конференциянын катышуучуларына Наира Карапетян. Жыл сайын өтүүчү конференцияга салттуу түрдө КМШ өлкөлөрүнүн кант өндүрүүчүлөрү, профилдик мамлекеттик органдар, соода компаниялары жана кантты өнөр жайлык керектөөчүлөр, жер семирткичтерди жана айыл чарба техникасын, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүүчүлөр, кант кызылчасынын үрөнүн жеткирүүчүлөр, банк жана финансы секторунун өкүлдөрү, ошондой эле логистикалык компаниялар катышат.
ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү 09 апрелиндеги 2025 ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүздү Мониторинг көрсөткөндөй, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттериндеги мамлекеттик башкаруу секторунун карызы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген чектерде түзүлгөн. Бир катар өлкөлөрдө карыздын деңгээли ИДӨгө салыштырмалуу төмөндөгөн: Кыргызстанда – 13,1%га чейин, Россияда – 13,6%га чейин. Арменияда жана Казакстанда ички карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу карыздын ИДӨгө карата көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 48,2%га жана 23,2%га чейин өскөн. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин балансы да белгиленген маанилердин алкагында түзүлгөн: Казакстанда жана Россияда тиешелүүлүгүнө жараша орточо тартыштык – ИДӨнүн 0,7% жана ИДӨнүн 1,2% өлчөмүндө, Кыргызстанда – ИДӨнүн 3,5% деңгээлинде бюджеттин профицити. Биринчи кезекте бюджеттерге колдоону салыктык жана салыктык эмес кирешелердин өсүшү көрсөттү. Армения Республикасы өзгөчө болду, анда бюджеттин тартыштыгы калкты социалдык колдоого чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу ИДӨнүн 3,5%ын түзүп, белгиленген мааниден ашкан. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 63-беренесине ылайык өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетинин тартыштыгы – ИДӨнүн 3%нан көп эмес; мамлекеттик башкаруу секторунун карызы – ИДӨнүн 50%нан көп эмес.
08 апрелиндеги 2025 Давид Геворгян ЕЭКтин Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды Давид Левонович Геворгян 1986-жылы 28-апрелде Ереванда туулган. 2007-жылы Эл аралык ишкердик академиясын аяктаган. 2007-2012-жылдары Армениянын "Ардеф" өнүктүрүү фондунда, анын ичинде акыркы үч жылда – анын жетекчиси болуп иштеген. 2012-2016-жылдары – Армения Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Аппаратынын Улуттук коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу департаментинин экономикалык жана социалдык коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу боюнча биринчи бөлүмүнүн башкы адиси. 2016-2018-жылдары – Армения Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин жардамчысы. 2018-2022-жылдары Армения Республикасынын Вице-премьер-министринин протоколун жетектеген.­ 2022-2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министринин жардамчысы болгон. 2025-жылдын 1-апрелинен Евразия экономикалык комиссиясынын Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Дагы көрсөтүү