2010-жылдан тарта Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинде өзүнүн эмгек ишмердигин баштаган. 2021-жылга чейин Казакстандын Юстиция министрлигинде ар түрдүү кызматтарда иштеп келген: эл аралык укук департаментинде эки тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүн жетектеген, экономикалык интеграция боюнча долбоорлорду экспертизалоо департаментин башкарган.
2010-2012-жылдар аралыгында – Европа бирлигинин "Казакстан Республикасында сот жана укук реформасын колдоо" долбоорунун юристи.
2021-жылдын май айында Евразия экономикалык комиссиясынын укук департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.