Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6133
15 августундагы 2025
Өкмөттөр аралык кеңеш Комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптик квалификацияны өз ара таануу боюнча ишин колдоду
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер үчүн квалификациялык талаптарды жакындатуу боюнча ишти улантууну чечти. Бул чечим ЕАЭБ өлкөлөрүндө жарандардын жумушка орношуусун жеңилдетүүгө багытталган. Евразия экономикалык комиссиясы Бирлик мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен биргеликте даярдаган баяндама талкуулоо үчүн негиз болду. Документте квалификациялардын улуттук тутумдарын, анын ичинде алардын негизги критерийлерин, кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жана эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү үчүн талаптарды толук талдоо жана салыштыруу берилген. Талдоо үчүн практикалык мисал катары ширетүүчүлөрдүн квалификациясына талаптар кабыл алынган. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин алкагында билим берүү жөнүндө документтердин таанылышына карабастан, кесиптик квалификацияны таануу маселесинде айырмачылыктар сакталууда. "Билим берүү документтерин таануу – бул биз түптөгөн негиз. Эми биздин милдет – кийинки кабатты куруу: Бирликтин бир өлкөсүндө алынган адистин кесиптик квалификациясы башка өлкөдө түшүнүктүү жана таанылгыдай кылуу. Бул ишти улантуу менен биз жарандарыбыз үчүн тоскоолдуктарды четтетип жана квалификациялуу кадрлардын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүп жатабыз", – деп белгиледи ЕЭК министри.
15 августундагы 2025
ЕӨАК ЕАЭБ алкагында медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясын бекитти
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 15-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясын бекитти. Документ медициналык буюмдардын жалпы рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте иштелип чыккан. Концепция Бирликтин бул чөйрөдөгү укугун андан ары өркүндөтүүгө, Комиссиянын актыларын Медициналык буюмдарды жөнгө салуучулардын эл аралык форумунун (IMDRF) документтери менен, анын ичинде жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен аларды жүгүртүү боюнча документтерге шайкеш келтирүүгө багытталган. Ошондой эле документ Бирлик өлкөлөрүндө бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү максатында медициналык буюмдарды каттоодо жана жүгүртүүдө санариптик процесстерди өнүктүрүүгө жардам берүүгө арналган. Концепцияда аталган рыноктун абалы, Бирликтин медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү укуктарын интеграциялоонун жана шайкеш келтирүүнүн жетишилген деңгээли, IMDRF сунуштарын эске алуу менен жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелерин иштеп чыгууга карата мамилелер чагылдырылган. Ошондой эле жалпы рыноктун ишинин негизги жыйынтыктары жана аны жөнгө салуунун келечектүү багыттары белгиленген. Концепцияда өзгөчө көңүл медициналык буюмдар жасалган материалдардын коопсуздугу маселелерине, ошондой эле Бирлик укугунда медициналык буюмдарды жүгүртүү жана аларды стандартташтыруу чөйрөсүндө кошумча технологияларды колдонууга карата мамилелерди белгилөөнүн максатка ылайыктуулугуна бурулган. Медициналык буюмдарды баалоого карата талаптарды шайкеш келтирүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү улантылат. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Бирликтин укугу боюнча кызыкдар үчүнчү өлкөлөр менен консультацияларды кеңейтүү пландаштырылууда.
15 августундагы 2025
ЕАЭБ санариптик транспорттук документтерди колдонуу менен темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн өстүрүүнү улантат
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде Кытай Эл Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташууларды санариптештирүү боюнча планды ишке ашыруу тууралуу ар жылдык баяндамасын кароосунун жыйынтыктары боюнча билдирди. Ошол эле учурда ал тиешелүү практикалык иштин натыйжасы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бизнес үчүн чыгымдарды азайтуу, ошондой эле товарлардын кыймылын максималдуу ылдамдатуу болуп саналарын баса белгиледи. "2024-жылга карата ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол ташууларында санариптик транспорттук документтерге өтүүнү камсыз кылышты", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Атап айтканда, "Россия темир жолдору" ААКнын жана "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесинин ортосунда акыркы бир нече жыл ичинде электрондук маалыматтарды алмашуу деңгээли 90%дан кем эмес жетишилген, ал эми казакстандык "КТЖ" УК" АК менен Россиянын жана Кыргызстандын темир жол ташуучуларынын ортосунда мындай деңгээл 80%дан ашкан. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын электрондук документтер боюнча ташууларынын көлөмү Беларусь Республикасы менен 90% жана Казакстан Республикасы менен 79% түзгөн. Электрондук товар коштоочу документтерге өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди да белгилей кетүү маанилүү. Алсак, "РЖД" ААК тарабынан жүк жөнөтүүчүдөн/экспедитордон электрондук кол тамга менен кол коюлган товарларды коштоочу документтерди бажы органдарына берүү жана бажы жол-жобосу аяктаганда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесине өткөрүп берүү менен өздөрүнүн маалымат тутумдарына кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул технология Россия менен Беларустун ортосунда "Интертран" долбоорунун алкагында ташууларда колдонулат. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда темир жол жүк ташууларын санариптештирүүдөн тышкары КЭР менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын жана Кытайдын темир жол ташуучуларынын ортосундагы туура электрондук билдирүүлөрдүн көлөмү 90%ды түзгөн. Казакстан жана Кытай темир жолдорунун ортосунда электрондук алмашууга тийиштүү маалыматтардын толуктугу жана сапаты 80-90%га жетти", – деп улантты ЕЭКтин соода боюнча министри. Андрей Слепневдун сөзү боюнча, жүк ташууларды санариптештирүү жаатында КЭР менен кызматташуунун маанилүү учуру 2024-жылдын декабрында Чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу үчүн сертификаттарды чыгаруу боюнча Россия менен Кытайдын темир жол ташуучуларынын күбөлөндүрүүчү борборлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп калды. Бул документ эки өлкөнүн темир жолдорунун ортосунда электрондук кол тамганы колдонууну камсыз кылат. 2024-жылдын декабрь айынын аягында Транс-Байкал-Маньчжурия чек ара өтмөгү аркылуу "РЖД" ААК жана "Кытай темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ортосунда экспорттук-импорттук байланыш аркылуу тесттик кагазсыз жүк ташуулар башталды. 2025-жылы электрондук коштомо кагаз менен жол-жоболоштурулуучу ташуулардын географиясын акырындык менен кеңейтүү пландаштырылууда.
15 августундагы 2025
Өкмөттөр аралык кеңеш алып келүү бажы алымдарынан түшкөн кирешелердин өсүшүн белгиледи
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчетун карап чыгышты. Документке ылайык 2024-жылы Бирлик өлкөлөрүнүн бюджетине 15,2 млрд доллар келип түшкөн, бул 2023-жылга караганда дээрлик 3%га көп. Бул көрсөткүч 2015-жылдан бери алып караганда максималдуу болуп саналат. Документте бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнө таасир этүүчү факторлор – импорттук жеткирүүлөрдүн динамикасы жана соода агымдарынын түзүмү, Бирдиктүү бажы тарифинин (ББТ) чендеринин өзгөрүшү, ошондой эле колдонуудагы тарифтик жеңилдиктер жана ББТдан "алып коюулар" талданган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосунда ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдерин эсептөө методикасынын үстүндө иштөө жөнүндө жаңы бөлүм кошулду. "Алып келүү бажы алымдарынын көлөмүнүн өсүшү оң динамика жөнүндө күбөлөндүрөт жана биздин милдет учурдагы көрсөткүчтөрдү колдоо гана эмес, интеграциядан экономикалык натыйжаны андан ары жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Өкмөттөр аралык кеңеш ЕЭК Коллегиясына кириш бажы алымдарынын суммаларын мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда чегерүүгө жана бөлүштүрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн үстүндө ишти улантууну тапшырды.
14 августундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыгы экономикалык өсүштүн катализатору болушу мүмкүн
Евразия экономикалык комиссиясы расмий сайтында евразиялык туристтик маршруттары жөнүндө тематикалык бөлүмдү түзөт, анда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 400дөн ашык туристтик объектилери жөнүндө маалыматтар камтылат. Бул туурасында ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лусине Багратуни 14-августта Бостериде (Кыргызстан) өткөн Кыргыз-Россия экономикалык форумунда "Евразия туризминин санариптик вектору: Интеграция жана өсүү стратегиялары" сессиясынын жүрүшүндө билдирди.
14 августундагы 2025
Варос Симонян: "Санариптик эгемендүүлүк ЕАЭБ контекстинде жалпы күч-аракеттер менен санариптик көз карандысыздыкты түзүүнү билдирет"
Санариптик өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана бул чөйрөдө кызматташтыкты тереңдетүү чаралары 14-августта Бостериде (Кыргызстан) болуп өткөн "Санариптик эгемендүүлүк ЕАЭБде туруктуу өсүүнүн жана технологиялык кооперациянын фактору катары" VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун пленардык отурумундагы талкуунун предмети болуп калды. Отурумдун модератору ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян болду.
13 августундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өсүш темпи дүйнөлүк орточо маанилерден алдыда
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык өнүгүүнүн позитивдүү динамикасы жана интеграциялык өз ара байланыштарды чыңдоо жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн 10 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн конференцияда айтып берди.
13 августундагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Он жыл ичинде ЕАЭБде Кыргызстан чоң жолду басып өттү"
13-августта Бостери шаарында (Кыргыз Республикасы) VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киргендигинин 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү.
Дагы көрсөтүү