Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн демилгелүү сунуштарынын комплексин карап чыгып, ЕАЭБ мамлекеттеринде дары-дармек препараттарын, алкоголсуз суусундуктарды, ширени, ошондой эле телефондорду жана ноутбуктарды маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды.
Кабыл алынган документтерге ылайык, мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен продукцияны маркалоо датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат, бул тууралуу ЕЭКке бул иш-чаралар башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен билдиришет.
Ошентип, бардык учурларда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринде унификацияланган талаптарга ылайык түзүлгөн башка мамлекеттердин идентификациялоо каражаттарын таануу кепилденет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында дары-дармек препараттарын маркалоо тутумунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Комиссиянын Кеңеши идентификациялоо каражаттарына карата кабыл алынган чечимден айырмаланган талаптарды колдонууга мүмкүндүк берүүчү алып коюуну караган.
Мындан тышкары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин позицияларына байланыштуу чечимдерде айрым өлкөлөрдө учурдагы этапта маркалоону киргизүү ниетинин жоктугу өзүнчө белгиленген. Атап айтканда, дары-дармектерге карата – бул Армения Республикасы, алкоголсуз суусундуктарга жана ширелерге карата – Казакстан Республикасы, ал эми ноутбуктарга жана телефондорго карата - Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы.
"Комиссия ЕАЭБдин негизги эркиндиктеринин бирин камсыздоого багытталган принципиалдуу чечимдерди кабыл алды. Жетишилген макулдашуулардын аркасында Бирликтин аймагы боюнча товарлардын тоскоолдуксуз кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө жана ички рынокто тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөөгө мүмкүн болот", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.