Рязань аба-десанттык күчтөр институтун, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде ар түрдүү кызматтарда иштеген. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борбор түзүлгөндөн тарта анын директорунун орун басары болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын маалыматтык тутумдарынын маалыматтык жана киберкоопсуздугун камсыз кылууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырган. Джапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын улуттук киберкоркунучтарды мониторингдөө тутумунун 1 жана 2 баскычтары аракетке киргизилген, ал эми бул компьютердик чабуулдарды жана инциденттерди иликтөөдө бир кыйла алга илгерилөөгө, ошондой эле киберкоопсуздук боюнча адистешкен эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюуга мүмкүндүк берген.
2021-жылдын 14-октябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтык технологиялар департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.