Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5
14 октябрындагы 2025
ЕАЭБдин күйүүчү жаратылыш газына карата техрегламентине өзгөртүүлөрдү ишке киргизүүнүн тартиби аныкталды
Евразия экономикалык комиссиясы 14-октябрдагы отурумунда ЕАЭБдин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин бекитти. Бул чечим жаңы талаптарды аткарууга акырындык менен өтүүнү камсыз кылат жана техникалык регламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин кабыл алынган ЕАЭБ ТР 046/2018 талаптарына шайкеш келген жаратылыш газынын күйүүчү отун катары шайкештигин баалоо жөнүндө документтердин колдонуу мөөнөтүн белгилейт. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр 2025-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирет.
14 октябрындагы 2025
Евразия логистикалык күнүндө ЕАЭБде логистиканы өнүктүрүүгө бажылык жөнгө салуунун таасири талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Европа бизнес ассоциациясы жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңеш тарабынан уюштурулган "Евразиялык логистика күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясына катышты. Өз сөзүндө ал Комиссиянын бажы блогунун евразиялык логистиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иши жөнүндө кеңири айтып берди. "Навигациялык пломбаларды киргизүү, бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу – Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча ташууларды өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу маанилүү кадамдар", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Руслан Давыдов ЕАЭБ Бажы кодексине киргизилген, финалдык баскычта турган түзөтүүлөрдүн топтому бизнес-коомдоштуктун сунуштарын чагылдырат жана ЕАЭБдин логистикалык потенциалын жогорулатуу үчүн ченемдерди камтыйт деп айтып берди. Алардын ичинде контейнерлерди декларациялоону жокко чыгаруу, электрондук документтерди колдонууну кеңейтүү, каботаждык жана контрейлердик ташууларды жөнгө салуу. ЕЭК бажы блогунун башчысы Бирликтин транзиттик жагымдуулугун өнүктүрүү үчүн чек ара инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал Комиссиянын өткөрүү пункттарын жабдуу жана көрктөндүрүү боюнча бирдиктүү милдеттүү талаптарды түзүү боюнча ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Өткөрүү пункттарында санариптик технологияларды колдонуу бажы чек арасы аркылуу ташылып жаткан товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматты тез иштеп чыгууга жана контролдук жол-жоболордун убактысын кыскартуунун эсебинен мындай алып өтүүнүн көлөмүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Бул иштин маанилүүлүгүн эске алуу менен ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын координацияланган өнүктүрүүнү өнүктүрүү ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча планга киргизилген".
14 октябрындагы 2025
ЕАЭБ КЭРден алюминий фольгага жана титан диоксидине карата демпингге каршы чараларды колдонот
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасын аткаруу максатында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан алюминий фольгага жана титан диоксидине карата демпингге каршы алымдарды беш жылдык мөөнөткө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чендер тиешелүүлүгүнө жараша 17,16-20,24% жана 14,27-16,25% өлчөмүндө аныкталган. Мында фольга боюнча өндүрүүчү Xiamen Xiashun Aluminium Foil Co., Ltd. тарабынан кабыл алынган баа милдеттенмелери жактырылды, аларды аткаруу шартында тиешелүү товарларга демпингге каршы алым төлөнбөйт. Өз кезегинде, титан диоксиди боюнча LB тобуна кирген компаниялардын (тактап айтканда, LB Group Co., Ltd., Henan Billions Advanced Material Co., Ltd., LB Lufeng Titanium Industry Co., Ltd., LB Sichuan Titanium Industry Co., Ltd., LB Xiangyang Titanium Industry Co., Ltd.) ошондой эле Shandong Dawn Titanium Industry Co., Ltd. компаниясынын баа боюнча милдеттенмелери бекитилди. Ошол эле учурда алып келүүнүн ар жылдык көлөмдөрү белгиленген, алардын алкагында демпингге каршы алымдар алынбайт. "Фольгага тиешелүү учурда көрсөтүлгөн көлөмдөр Беларусь Республикасы үчүн 385 тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн 2025-жылы 500 тоннаны, 2026-жылы 1 000 тоннаны, 2027-жылы 1 300 тоннаны, 2028-жылы 1 500 тоннаны, 2029-жылы 1 650 тоннаны, 2030-жылы 1 650 тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн — 325 тоннаны түзүшү керек. Титандын диоксиди боюнча кеп Армения Республикасы үчүн 250 тонна, Беларусь Республикасы үчүн 4 500 тонна, Казакстан Республикасы үчүн 5 000 тонна жана Кыргыз Республикасы үчүн 300 тонна жөнүндө болуп жатат", — деп тактады ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Бул товарларды мүчө мамлекеттер үчүн белгиленген ар жылдык көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн ташып келүү (баа милдеттенмелеринин алкагынан тышкары) алардын максаттуу багыты ырасталганда ишке ашырылат. Чечимдер расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
13 октябрындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБге жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестрин актуалдаштырды
Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз мониторингдин натыйжалары боюнча, "Соода" порталында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестринин жаңыртылган версиясы жарыяланды. Азыркы учурда реестрде ЕАЭБдин тышкы соодасы үчүн тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн болгон 280 чара белгиленген. Тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Монголия менен өз ара соодада тоскоолдуктарды аныктоо маселелери боюнча жакында өткөрүлгөн семинардын алкагында жаңы соода тоскоолдуктары катталды. Чектөө Монголия тарабынан стратегиялык азык-түлүк товарларын (буудай уну, буудайдын үрөнү, ичүүчү суу, сүт жана малдын эти) импорттоого уруксат берүү менен байланышкан тартипти колдонууга тиешелүү. Ошол эле учурда Өзбекстан акциздерге байланыштуу административдик чараны жарым-жартылай жокко чыгарды. Импорттолуучу ак шекер үчүн акциз салыгы 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жоюлган. Белгилей кетсек, Комиссия Өзбекстан Республикасы менен 2024-2026-жылдарга карата Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында чектөө чараларын алып салуу боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп келет. Комиссия үчүнчү өлкөлөр менен соодадагы чектөө чараларын аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда. Чектөө чарасы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын порталындагы атайын форма аркылуу билдирүүгө болот.
13 октябрындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзөт"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өтүп жаткан "Евразия логистикалык күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясынын алкагында билдирди. Иш-чаранын уюштуруучулары Европа бизнес ассоциациясы (ЕБА) жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңеш (ТТКК) болушту. Арзыбек Кожошев ЕАЭБ үч артыкчылыкка багытталганын белгиледи: товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу, транспорттук тутумдун натыйжалуулугун жана байланыштуулугун жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү. Бул максаттар эл аралык координация, инфраструктуралык долбоорлор жана тоскоолдуктарды жоюп, глобалдык логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылууда. Транспортту санариптештирүү, атап айтканда, электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана интеллектуалдык транспорт тутумунун концепциясын ишке ашыруу аркылуу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатып, аны үзгүлтүксүз кылып, административдик тоскоолдуктарды азайтат. Жыйынтыгында мунун баары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет, деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ошол эле учурда ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак – бир жол", Түндүк деңиз жолу жана Транскаспий маршруту долбоорлору менен өз ара иштешүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий аркылуу Индия океанына "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү тездеп жатат, ал эми Астрахань жана Актау портторун модернизациялоо жана жаңы темир жолдор жүк агымынын өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасы геосаясаттын, экономиканын жана технологиялардын чакырыктарына туш болуп, жигердүү трансформация баскычында турат. Анткен менен келечекке көз караш оптимисттик маанайда: биргелешкен демилгелердин, санариптештирүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын аркасында регион дүйнөлүк транспорт тутумунун негизги түйүнү болуп калышы мүмкүн", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.