2004-жылы Лунд университетинин (Швеция) Эл аралык экологиялык экономика өнөр жай институтунда илимдер магистри даражасын ыйгаруу менен "экологиялык башкаруу жана саясат" адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.
Эмгек ишмердигин 1997-жылы Армения Республикасынын жаратылышты коргоо министринин аппаратынын жетекчиси кызматында баштаган.
2000-2001-жылдарда – Бүткүл дүйнөлүк банктын Армениядагы кеңсесинин адиси.
2001-2005-жылдар аралыгында – "Жаратылыш ресурстарын башкаруу жана жакырчылыкты азайтуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңсенин адиси, Армения Республикасынын Жаратылышты коргоо министрлигинин эл аралык мамилелер департаментинин жетекчиси.
2005-2008-жылдарда – БУУнун Өнүктүрүү программасынын Еревандагы кеңсесинин жаратылыш ресурстарын сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча программалардын менеджери.
2009-2011-жылдарда – Тбилисиде (Грузия) Кавказдын Регионалдык экологиялык борборунун директору.
2011-2021-жылдар аралыгында БУУнун Өнүктүрүү программасынын Еревандагы жана Кишинёвдогу (Молдова) кеңселеринде программалык саясат боюнча кеңешчи, программанын адиси-энергетика, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча департаменттин жетекчиси, айлана-чөйрө маселелери жана Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн жашыл экономика боюнча кеңешчи адис болуп иштеген.
Армениянын мамлекеттик кызматтын 1-категориядагы кеңешчиси жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунда экинчи деңгээлден жогорку башкаруучу статустарына ээ. III даражадагы "Ардак. Даңк. Эмгек" Георгий медалы жана Армения Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылыгы менен сыйланган.
2021-жылдын 9-июлунан тарта – Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары.