Жаксылыков Тимур Мекешевич

1968-жылы төрөлгөн. 
 
1993-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну “Тарых” адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы - Страсбург политехникалык изилдөөлөр институтунун (Франция) магистратурасын аяктап, ага европалык изилдөөлөр жаатында магистр даражасы ыйгарылган. 2003-жылы - Казакстан экономика жана каржы институтун “Экономика” адистиги боюнча аяктаган. 

Эмгек ишмердүүлүгүн 1993-жылы Семипалатинск бизнес жана ишкердик институтунун аткаруучу директорунун кызматында баштаган. 

1997-жылдын 1998-жылдын октябрына чейин Казакстан Республикасынын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин башкы адиси, башчысы болуп эмгектенген. 

1998-жылдын октябрынан баштап 1999-жылдын апрелине чейин - Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Талдоо жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун сектор башчысы. 

1999-жылдын апрелинен 2002-жылдын мартына чейин Казакстан Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Талдоо борборунун сектор башчысы болуп иштеген. 

2002-жылдын мартынан 2003-жылдын августуна чейин - Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Системалык изилдөөлөр борборунун жетекчисинин орун басары. 

2003-жылдын августунан 2005-жылдын ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинин ДСУга кошулуу боюнча департаментинин директорунун кызматын ээлеген, Женевада Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлдөрдүн тобун жетектеген. 

2005-жылдын ноябрынан 2006-жылдын февралына чейин - “ЦМАИ” АК башкаруучу директору. 

2006-жылдын февралынан октябрына чейин - Казакстан Республикасынын Экономика жана бюджеттик пландаштыруу министрлигинин “Экономикалык изилдөөлөр институту” РМИ директорунун милдетин аткаруучу. 

2006-жылдын октябрынан 2007-жылдын сентябрына чейин “Борбор калааны туруктуу өнүктүрүү борбору” МКИ, ЖЧК директорунун кызматын ээлеген. 

2007-жылдын сентябрынан 2009-жылдын октябрына чейин Астана шаарынын акиматында Экономика жана бюджеттик пландаштыруу департаментинин  директорунун, Астана шаарынын акиминин орун басарынын кызматын ээлеген. 

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин Казакстан Республикасынын индустрия жана соода боюнча вице-министри болгон. 

2010-жылдын апрелинен августуна чейин - Казакстан Республикасынын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы. 

2010-жылдын августунан тарта “Казакстандын Инвестициялык фонду” АК Башкармалыгынын төрагалыгынын кызматында иштеген. 

2012-жылдын февралынан 2017-жылдын апрелине чейин Казакстан Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода боюнча вице-министринин, Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча вице-министринин кызматын ээлеген.

2017-жылдын апрелинен тарта Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министри) болуп дайындалган.  

Француз, англис тилдерин билет.