Соода-экономикалык кызматташтык жана туниссиялык тараптын демилгеси менен Тунис Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы диалогду өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон жолдору ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян менен Тунистин Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тарак Бен Салемдин жумушчу жолугушуусунда талкууланды.
"Биз Тунистин жалпысынан евразиялык экономикалык интеграция процесстерине, ошондой эле ЕАЭБдеги улут үстүлүк жөнгө салуунун практикалык маселелерине, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу контекстиндеги негизги артыкчылыктарга кызыгуусун колдойбуз”, - деди Гоар Барсегян.
Комиссиянын өкүлү Тунис Африка континентинде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, ал Тунис менен ЕЭКтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө 2019-жылы күзүндө өткөн "Россия-Африка" саммити болгонун эске салды, анын жүрүшүндө ЕЭК менен Африка бирлигинин ортосунда экономикалык кызматташуу жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Гоар Барсегян баса белгилегендей, Комиссиянын Тунис кирген Африка бирлиги менен диалогу эки уюмдун ортосундагы меморандум менен аныкталган тармактардагы кызматташтыктын өнүгүшүнө гана өбөлгө түзүүгө гана эмес, ошондой эле евразиялык менен африкалык мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн көбөйтүү максатында, Африка мамлекеттеринин евразиялык экономикалык интеграция процесстери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Тунис Элчиси Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнүн өнүгүүсүнө ишенимин билдирди. Тунис Республикасы ЕАЭБдин расмий жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде Тунис менен Россия Федерациясынын биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 2022-жылдын күз айларына пландаштырылган иш-чараларынын алкагында, кыйла активдүү диалогго даяр.
Маалымат
Тунис - тышкы соода жүгүртүмүнүн көлөмү боюнча Африка бирлигинин өлкөлөрүнүн ичинен ЕАЭБдин төртүнчү соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат (Египет, Алжир жана Мароккодон кийин). 2020-жылдын аягында ЕАЭБ өлкөлөрү менен Тунис ортосундагы соода жүгүртүү 0,6 миллиард долларды түзгөн. ЕАЭБдин Тунис менен соодасынын 90%га жакыны Россияга, 6,5% - Беларуска, 0,3% - Арменияга, 3,5% - Казакстанга, 0,1%дан азы - Кыргыз Республикасына туура келет.