Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 19
16 октябрындагы 2025
ЕАЭБде стандартташтырууну өнүктүрүүнүн перспективалары Минскте талкууланды
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө милдеттүү талаптардын бирдиктүү базасын түзүү жана өркүндөтүү жөнүндө, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинде стандартташтырууну өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө Минскте өткөн Дүйнөлүк стандартташтыруу күнүнө арналган конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Максим Ким айтып берди.
16 октябрындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси менен Өзбекстан менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жана аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады
Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Өзбекстан Республикасы менен тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча семинар болуп өттү. Ага Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын, бизнес органдарынын жана эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү катышышты.
15 октябрындагы 2025
Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын мааракелик Спартакиадасы болуп өттү
Евразия экономикалык комиссиясынын V Спартакиадасы 15-октябрда Москвада Россиянын ТИМинин ММЭМИнин спорт комплексинин аянтчасында өттү.
15 октябрындагы 2025
Максим Ермолович: "ЕЭК 2030-жылга карата ЕАЭБ алкагында жалпы биржалык товардык рынокту түзүү боюнча ишти баштады"
15-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Москвада өткөн "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда 2030-жылга карата Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жалпы биржалык товардык рынокту түзүү боюнча иштин башталышын жарыялады.
14 октябрындагы 2025
Азербайжандан жана КЭРден алюминий тасмасына карата демпингге каршы алым кайра иликтөө убактысына узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Азербайжан Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан алюминий тасмасына карата демпингге каршы алымды 2026-жылдын 29-июнуна чейин узартты. Колдонуудагы чаранын мөөнөтү 2025-жылдын 23-октябрында бүтүшү керек болчу. Анткен менен ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин дарегине арыз келип түшкөн, аны кароонун натыйжалары боюнча 2025-жылдын 30-июнунда демпингге каршы кайра иликтөө башталган. "ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталышы керек", – деп эскертишти ЕЭКтин соода блогунда. Азербайжандан жана КЭРден алюминий тасмасына карата демпингге каршы алым Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 115 чечимине ылайык белгиленген. Алымдын өлчөмү Азербайжанда өндүрүлүүчү алюминий тасмасына карата бажы наркынын 16,18%ын жана КЭРде өндүрүлүүчү чыккан алюминий тасмасына карата бажы наркынын 13,14%ын түзөт.
14 октябрындагы 2025
Азербайжандан жана КЭРден алюминий тасмасына карата демпингге каршы алым кайра иликтөө убактысына узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Азербайжан Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан алюминий тасмасына карата демпингге каршы алымды 2026-жылдын 29-июнуна чейин узартты.
14 октябрындагы 2025
Андрей Слепнев Россиянын Мамлекеттик думасынын Төрагасынын орун басары Алексей Гордеев менен жолугушту
14-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын Төрагасынын орун басары Алексей Гордеев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
14 октябрындагы 2025
Бизнес үчүн позитивдүү импульс: ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуунун жана тике инвестициялардын көлөмдөрү өстү
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде бизнес жүргүзүү шарттарына экономикалык интеграциянын таасирин позитивдүү баалады. 2024-жыл үчүн мониторингдин жыйынтыктары боюнча тиешелүү баяндама ЕЭК Коллегиясы тарабынан 14-октябрда жактырылган. Баяндаманын маалыматтарына ылайык, ЕАЭБде туруктуу позитивдүү динамика байкалууда. Негизги көрсөткүчтөрдүн бири – Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын кыскарышы: бир жылда алардын саны 46дан 36га, башкача айтканда 20%дан ашыкка азайган. Бул түздөн-түз ишкерлер үчүн рыноктордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өз ара соода үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Оң тенденциялар акыркы таасирдин көрсөткүчтөрүнүн маанилери боюнча да белгиленген. Алсак, Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдү өз ара соодалоонун көлөмү 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 16%га өскөн. 2022-жылдын базалык мааниси менен салыштырганда, эки жылдын ичинде өсүш 42%ды түзгөн. Мындан тышкары, интеграциялык процесстер инвестициялык активдүүлүктү өбөлгөлөйт. Мүчө мамлекеттерде топтолгон өз ара түз инвестициялардын көлөмү 2022-2024-жылдары дээрлик 17%га өскөн. "Көрсөтүлгөн сандар жөн гана статистика эмес, бул биздин интеграцияны тереңдетүү боюнча биргелешкен ишибиз реалдуу жемишин берип жатканынын түздөн-түз далили. Тоскоолдуктардын азайышы, кызмат көрсөтүүлөрдүн соодасынын өсүшү жана өз ара инвестициялардын көбөйүшү биздин бүткүл Бирликтин туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн бекем негизди түзөт. Биз ар бир ишкер ЕАЭБдин жалпы рыногунда өзүнүн потенциалын толук өлчөмдө ишке ашыра ала турган кынтыксыз экономикалык чөйрөнү түзүүгө курсту улантабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.
Дагы көрсөтүү