Жаңылыктар

09.10.2024

ЭСКАТО эксперттери Комиссиянын ТӨМ жана ЕАЭБде жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү боюнча аракеттерин жогору баалашты

Евразия экономикалык бирлигинин экономикасы ички суроо-талап, мамлекеттик инвестициялар жана регионалдык сооданын жигердүү өзгөрүүсү менен шартталган туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов 9-октябрда Алматыда өткөн VIII Түндүк жана Борбордук Азиянын Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча көп тараптуу форумунда билдирди.

"Туруктуу, ар тараптуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө, толук жана өндүрүмдүү иш менен камсыз кылууга жана бардыгы үчүн татыктуу ишке көмөк көрсөтүү" ТӨМ 8ге арналган сессияда Аскар Джаппаркулов, атап айтканда, 2023-жылы ЕАЭБдин ИДӨсү дүйнөлүк экономиканын өсүш арымынан 3,8%га өскөнүн белгиледи. Быйылкы жылы экономикалык өнүгүү арымы андан да жогору болду – жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Бирликтин ИДӨсү 4,6%га өстү.

Комиссиянын өкүлү Бирлик өлкөлөрүнүн туруктуу өсүшүнө жетишүү инструменттеринин бири болуп ЕАЭБдин жашыл трансформациясы саналарын баса белгиледи. Бул контекстте Бирликте Жашыл экономика принциптерин киргизүү концепциясы ЕЭК тарабынан иштелип чыккан маанилүү документ болуп саналат. Бул документти даярдоо - ТӨМгө жетүүнү тездетүү үчүн интеграциялык потенциалды колдонуунун конкреттүү кадамы.

"Концепция жашыл экономиканы өнүктүрүүгө карата бирдиктүү мамилени сунуштайт, ал экологиялык жөнгө салуунун улуттук тутумдарын өз ара таанууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде "климаттык тоскоолдуктар" деп аталуучу – экологиялык же климаттык негиздер боюнча киргизилген чектөө чараларынан качууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Аскар Жаппаркулов.

ЭСКАТО өкүлдөрү Түндүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн региондорунун алдында 2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүдө олуттуу чакырыктар турганын белгилешти. Ошол эле учурда айрым ТӨМдөр боюнча прогресс белгиленет, анын ичинде ЕАЭБдин иштөө максаттары менен шайкеш келген максаттарда, мисалы ТӨМ 8 жана ТӨМ 17. Бирлик өлкөлөрү алар боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Алсак, Армения ИДӨнүн өсүш арымдары боюнча региондогу лидерлердин катарында турат. ТӨМ 17 боюнча Бирликтин бардык мамлекеттери ТӨМгө жетишүүнүн мониторинги боюнча өздөрүнүн статистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртышты. Ошентип, евразиялык интеграция ЕАЭБ мамлекеттеринин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүн тездетет деген тезис тастыкталды.

Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия (ЭСКАТО) – БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин беш регионалдык комиссияларынын бири болуп саналат. 1947-жылы катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын өбөлгөлөө максатында уюштурулган. Азыркы тапта ЭСКАТОнун негизги милдети экологиялык туруктуу өнүгүү, соода жана адам укуктары жаатындагы ааламдашуу процессин башкаруу болуп саналат.

ЭСКАТОнун субрегионалдык кеңсеси уюштурган VIII форумга Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Евразия өнүктүрүү банкынын, Эл аралык эмгек уюмунун, ФАО, ЮНИСЕФтин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын делегациялары катышышты.