Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
27.11.2024

"Дан эгиндеринин коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине стандарттардын тизмеси жаңыртылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Дандын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 015/2011) карата ыкмаларга стандарттардын тизмесин актуалдаштырылган редакцияда бекитти.

Стандарттардын тизмесине 165 документ киргизилген, алардын ичинен 89у жаңы же жаңыртылган. Алардын ичинде 96 мамлекеттер аралык стандарттар, анын ичинде ISO (ИСО) эл аралык стандарттарынын, EN жана CEN регионалдык стандарттарынын негизинде 28 мамлекеттер аралык стандарттар, Беларусь Республикасынын 9 мамлекеттик стандарттары, Казакстан Республикасынын 15 улуттук стандарттары, Россия Федерациясынын 16 улуттук стандарттары жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн 29 методикасы бар (тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыкканга жана аларды көрсөтүлгөн тизмеге киргизгенге чейин).

Стандарттардын тизмесине биринчи жолу киргизилген стандарттарды жана методикаларды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредитациялоо үчүн жаңыланган стандарттардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирээри аныкталган.