Жаңылыктар

19.12.2023

ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин алкагында үрөн рыногун өнүктүрүү үчүн жалпы эрежелерди колдонууга умтулушат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда категорияларга карата, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн таңгактоого жана маркалоого карата талаптарды унификациялоо боюнча сунуштамалар кабыл алынды.

"Документтер ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан коюлган үрөнчүлүк чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды унификациялоо боюнча милдеттерди ишке ашырууга даярдалган. Бүгүн биз базалык талаптарды кабыл алдык, аларга өлкөлөр сапаттуу үрөндөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү үчүн өз мыйзамдарынын алкагында кошулууга даяр", – деп билдирди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Атап айтканда, үрөндүн идентификациясын камсыз кылуучу жана үрөндүн категорияларына (сортту көбөйтүү этаптарына, үрөндү көбөйтүү этаптарына) жана үрөндү пайдалануу багытына жараша алардын келип чыгышы жана сапаты жөнүндө маалыматтарды алып жүрүүчү болуп эсептелүүчү таңгактын (идиштин) түрүнө жана сапатына, ярлыкка (этикеткага) жана андагы маалыматтын мазмунуна карата талаптарды унификациялоонун жалпы ыкмалары сунушталды.

Комиссиянын Коллегиясы тарабынан үрөндөрдүн категорияларын унификациялоо боюнча, сортту чыгаруунун этаптарынын жана Бирликтин алкагында үрөндөрдү жана көчөт материалдарын жүгүртүүдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана уруктуу мөмө, данектүү мөмө, жаңгак-мөмө, цитрус, субтропиктик, жемиш, эфир-май өсүмдүктөрүнүн, жүзүмдүн жана чайдын көчөт материалдарын көбөйтүүнүн (муундарынын) этаптарынын аныктамалары жана мүнөздөмөлөрү сунушталган, анда өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө жараша үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана схемалары эске алынат. Үрөн материалдарынын себүү жана отургузуу сапаттарына баа берүүнүн (экспертизалоонун) жана сынамыктарды тандоонун тартиби, үрөндөрдү сатууда, аларды таңгактоодо жана маркалоодо мүчө мамлекеттерде категорияларды өз ара таануунун өзгөчөлүктөрү аныкталды.

"Бул интеграциялык иш Бирликтин алкагында жүгүртүүдө үрөндөрдүн жана көчөт материалдарынын категорияларын документтештирүүдө ар кандай чечмелөөлөрдү жокко чыгарууга, ошондой эле үрөндөрдүн партияларын таңгактоого жана маркалоого карата жалпы талаптардын негизинде Бирликтин рыногунда үрөндөрдү эркин соодалоого шарттарды түзүүгө багытталган. Өз кезегинде аграрийлер үрөндөрдүн сатылып алынып жаткан партиясынын сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук маалыматка ээ болушат", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.