Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
26 Mar 2024
ЕЭК беларустук бизнес менен ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы мамлекеттик сатып алууларды жана атаандаштыкты талкуулады
Атаандаштыктын жана мамлекеттик сатып алуулардын көйгөйлүү маселелерин Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин колдоосу менен Брест облустук аткаруу комитетинин аянтчасында болуп өткөн Коомдук кабылдаманын катышуучулары талкуулашты. Жолугушуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин жетекчилиги алдында өттү. "Ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн 80 пайыздан ашыгы евразия рынокторунда атаандаштыктын деңгээли жогору деп эсептешет. Атаандаштыкка жөндөмдүү экономика артыкчылыктарга ээ жана катуу мамлекеттик жөнгө салууну алмаштырат", – деп белгиледи Максим Ермолович. Беларустук бизнестин өкүлдөрү ошондой эле техникалык жөнгө салуу, ички рынокторду коргоо, товарларды маркалоо жана башка темаларды козгошту. Коомдук кабылдаманын алкагында жеке консультациялар болуп өттү, алардын жүрүшүндө ЕЭК эксперттери бизнес суроолоруна тет-а-тет жооп беришти жана алардын чечүү боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. Максим Ермоловичтин айтымында, бизнестин өкүлдөрү менен ачык диалог болду: "Биз Комиссияда коомдук кабылдаманы атаандаштыктын бузулушу жөнүндө маалымат булагы катары карайбыз. Бизнести атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү маселелер гана эмес, ошондой эле ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн башка багыттары да тынчсыздандырат. Кесиптештерибиз менен бардык суроолорго жооп беребиз". Иш-чарага Беларустун бизнесинин, Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин, Брест облустук аткаруу комитетинин, ЕЭКтин профилдик блокторунун өкүлдөрү, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын депутаттары катышышты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар атаандаштык боюнча блоктун баракчасында "Коомдук кабылдама" бөлүмүндө жайгаштырылган.
26 Mar 2024
ЕАЭБ убактылуу негизде титан оксиддерине алып келүү алымын нөлгө түшүрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин титан оксиддерине карата алып келүү бажы алымынын ченин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2823 00 000 0) 2026-жылдын 28-февралына чейин кошо алганда бажы наркынан 0% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБде титан оксиддерин чыгаруу титан куймаларын жана эритмелерин өндүрүүнү легирлөөчү кошулма менен камсыздоого болгон муктаждыктарды толук өлчөмдө жаппайт. Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Азыркы учурда титан оксиддерине карата импорттук бажы алымынын чени 5%ды түзөт. Чечим 2024-жылдын 24-мартында күчүнө кирди. Маалымат ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 148 чечимине ылайык, 2022-жылдын 21-февралынан тарта 2023-жылдын 31-декабрына чейин каралуучу товарга карата тарифтик жеңилдиктер колдонулган.
26 Mar 2024
КМШнын А.А. Громыко атындагы жаш эл аралык кызматкерлер конкурсуна карата иштерди кабыл алуу башталды
Сынактын уюштуруучулары катары Бирлик мамлекетинин Туруктуу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясы, Россиянын ТИМ ММЭМИ, Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы иш алып бармакчы. Конкурска жождордун студенттери, курагы 40 жаштан ашпаган аспиранттар, илимпоздор, мугалимдер, журналисттер, талдоочулар, бизнес чөйрөсүндөгү адистер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ЕАЭБдин жана КМШнын мүчө мамлекеттеринин дипломаттары катыша алышат. Билдирүүлөрдү кабыл алуу – 2024-жылдын 13-майында, саат 23:59да аяктайт. Конкурска төмөнкү номинациялардын алкагында катышууга болот: - Негизги номинация – аспиранттардын, илимпоздордун, талдоочулардын жана дипломаттардын илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 40 жаштан ашпаган); - Дебюттук номинация – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн илимий макалалары (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган); - «Эсселер конкурсу» номинациясы – жождордун студенттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн публицистикалык эсселери (2024-жылдын 1-августуна карата курагы 30 жаштан ашпаган). Конкурска бир автор тарабынан өз алдынча жазылган же бир нече авторлор тарабынан жазылган (30 миң белгиден көп эмес), буга чейин жарыяланбаган жана төмөнкү темаларды изилдөөгө багытталган түп илимий макалалар жана талдамалык жазуулар кабыл алынат: - постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык долбоорлордун перспективалары: Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекети, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ; - жаңы дүйнө тартибинин контурлары: Россия жана КМШ өлкөлөрү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр; - илимий дипломатия Чоң Евразиянын калыптанышынын ресурсу катары; - "жалпы санкциялык согуш": укуктук статусу, кесепеттери жана каршы аракеттенүү ыкмалары; - Борбордук Азия жана Закавказьенин евразиялык интеграциядагы ролу жана орду; - кагылышуулар коркунучу жана Евразиядагы коопсуздукту чыңдоо куралдары; - А.А. Громыконун дипломатиялык мурасы; - Улуу Ата Мекендик согуш жана Экинчи дүйнөлүк согуш: тарыхый эскерүүлөрдү сактоо жана тарыхты бурмалоо менен күрөшүү маселеси; - БУУнун ролу, анын эл аралык мамилелер тутумундагы өткөн жолу жана келечеги. Конкурс дисциплиналар аралык болуп саналат. Конкурска аталган тематиканы политология, экономика, социология, тарых, укук, философия чөйрөлөрүндө ачып көрсөткөн иштер кабыл алынат. Конкурска катышууга ошондой эле төмөнкү темалар боюнча публицистикалык эсселер боюнча атайын номинация боюнча иштер кабыл алынат: - "Дүйнөнүн жаңы бөлүнүшү: цивилизациялар согушубу же макрорегиондордун тең салмактуулугубу?»; - "Маданият согуштары": адамдын иденттүүлүгүн кайра түзүү үчүн күрөш дүйнөлүк саясатка кандай таасир этет? Сыйлыктар: - негизги номинацияда конкурстун жеңүүчүлөрүнүн макалалары алдыңкы илимий журналдарда жарыяланат (анын ичинде, Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) тизмесине кирген журналдарда); Конкурстун бардык финалисттеринин иштери илимий макалалар жыйнагында жарыяланат. - кеминде 50 финалист 2024-жылдын июлунда Москвада өткөрүлүүчү Финалисттер форумунда өздөрүнүн иштерин презентациялоо үчүн катышууга, уникалдуу мастер-класстарда жана бай маданий программада катышууга грант алышат; - негизги номинациядагы жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарды алышат – ноутбук, планшет же смартфон. Дебюттук номинацияда – акылдуу саат, фитнес-билерик же сырткы катуу диск. Ошондой эле, жюринин чечими боюнча атайын номинацияларда да сыйлыктар каралган. Алардын жүрүшүндө конкурстун Финалисттер форумунда иштерди жактоо орун алган дебаттардын натыйжалары боюнча жюри жеңүүчүлөргө төмөнкүлөрдү ыйгарышы мүмкүн: - илимий-изилдөө долбооруна, монография чыгарууга же Россияда конференцияга катышууга грант; - Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында, анын ичинде ММЭМИде квалификацияны жогорулатууга грант; - Евразия экономикалык комиссиясында практика өтүү же ММЭМИде такшалмадан өтүү үчүн сунуштама кат. Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 13-майына чейин конкурстун konkurs-gromyko.org расмий сайтындагы электрондук форма аркылуу катышуучунун анкетасын жана конкурстук ишин камтыган өтүнмөнү берүү зарыл. Толугураак маалымат конкурстун расмий сайтында: konkurs-gromyko.org. Уюштуруучулар менен байланыш үчүн: info@konkurs-gromyko.org.
26 Mar 2024
ЕАЭБ титан калдыктарына жана сыныктарына нөлдүк алып келүү бажы алымынын аракетин 2026-жылдын февраль айынын аягына чейин узартат
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы титандын калдыктарына жана сыныктарына карата алып келүү алымынын ченин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8108 30 000 0 коду) 2024-жылдын 1-апрелинен тарта 2026-жылдын 28-февралына чейин 0% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды. Каралып жаткан товарлар негизинен аэрокосмостук тармак үчүн арналган титан продукциясын өндүрүүдө экинчи чийки зат катары колдонулат. Колдонуунун башка тармактары катары энергетика, кеме куруу жана медицинаны да белгилөөгө болот. "Евразия экономикалык бирлигинин металлургиялык ишканалары тарабынан титан калдыктарын жана сыныктарын колдонуу титан жарым фабрикаттарын өндүрүү процессин олуттуу арзандатат жана тездетет, ошондой эле даяр буюмдарды чыгаруунун өсүшүнө мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. – Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн компаниялары өздүк өндүрүштүн калдыктарын да, үчүнчү өлкөлөрдүн импорттук чийки заттарын да колдонушат". Маалымат Титан калдыктарына жана сыныктарына ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымынын ченинин бажы наркынын 5%ын түзөт. Нөлдүк чен 2015-2016-жылдары каралып жаткан товарга карата колдонулган жана 2021-жылдын 31-мартынан 2024-жылга чейин колдонулат.
26 Mar 2024
"Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке продукциялардын тизмеги бекитилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине продукциялардын тизмегин бекитти. Тизмек биринчи жолу бекитилди жана техрегламент жайылтылган бардык продукцияга карата колдонулат. Ал техрегламенттин талаптарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Документ бажы органдары тарабынан Бирликтин бажы аймагына продукцияны ташып кирүүдө техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга арналган.
26 Mar 2024
ЕАЭБде 2024-жылдын 27-июлуна чейин берилген оюнчуктарга шайкештик сертификаттары алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин оюнчуктарга карата бирдиктүү техникалык регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин бекитти. Өзгөртүүлөр шайкештикти баалоонун деталдаштырылган жол-жоболорун белгилейт. Уруксат берүүчү документтер – 2024-жылдын 27-июлуна чейин берилген* жана бул сертификаттардын мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болгон шайкештик сертификаттары менен ЕАЭБдин бажы аймагында оюнчуктарды жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү аныкталды. Мындай оюнчуктарды жүгүртүүгө алардын жарактуулук мөөнөтүнүн (колдонуу мөөнөтүнүн) ичинде уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүктү белгилөө ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет, анткени даярдоочу, даярдоочу ыйгарым укук берген жактар жана оюнчуктарды сатуучулар (жеткирүүчүлөр) үчүн шайкештикти баалоонун жаңыланган жол-жоболоруна "жумшак" өтүү камсыз кылынат. Маалымат. *Кеңештин 2024-жылдын 26-январындагы № 5 чечими менен кабыл алынган, техрегламентке өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү датасы.
26 Mar 2024
ЕАЭБде бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу документтердин күчүнө кирүү мөөнөттөрү жылдырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 26-мартта мүчө мамлекеттердин сунушу боюнча Коллегиянын транзиттик декларацияны, товарларга декларацияны толтурууга, ошондой эле айрым бажы документтеринин түзүмдөрүн жана форматтарын колдонууга тиешелүү бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салган бир катар чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2024-жылдын 1-апрелинен 2025-жылдын 1-апрелине өзгөрттү. Мөөнөттөрдү жылдыруу маалымат тутумдарын толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жана бизнес үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди, анын ичинде бажы операцияларын жүргүзүүдөгү кечигүүлөрдү четтетүү менен байланыштуу.
26 Mar 2024
ЕЭК сублимациялык басып чыгаруу үчүн сыяга ташып келүү алымын убактылуу нөлгө түшүрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши жеңил өнөр жай товарларын өндүрүү үчүн сублимациялык басып чыгаруу үчүн суюк сыяны ЕАЭБ ТЭИ ТНде өзүнчө он белгилүү коддун деңгээлинде бөлүп, аларга карата алып келүү бажы алымынын ченин 2026-жылдын 28-февралына чейин кошо алганда 0%га чейин кыскартты. "Кеп пигменттин негизиндеги сыялар жөнүндө болуп жатат, алар ачык түстөгү жана туруктуу сүрөттөрдү атайын кагазга же термопленкага басып чыгаруу жана андан ары ар кандай беттерге которуу үчүн колдонулат. Мында, атап айтканда, кружкалар, футболкалар, бейсболкалар, сувенирдик буюмдар кирген жана башкалар кирген жекечелештирилген продукцияга суроо-талап жылдан жылга өсүүдө", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ал азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында мындай сыяларды өндүрүү жок экенин баса белгиледи. Аларды өзүнчө кодго бөлүү, азыркы учурда ЕАЭБ ТЭИ ТН 3215 90 000 0 позициясында алардан тышкары жазуу жана чийүү үчүн сыя же тушь, ошондой эле продукциянын башка түрлөрү классификациялангандыгына байланыштуу. Чечим 2024-жылдын 31-мартында күчүнө кирет. Маалымат ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 46 жана 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 150 чечимдерине ылайык, сублимациялык басып чыгаруу үчүн сыяга карата кириш бажы алымынын нөлдүк чени 2022-жылдын 28-мартынан 2023-жылдын 31-мартына чейин кошо алганда убактылуу колдонулган.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө
Соцтармактардагы ЕЭК
VK
Youtube
Telegram