ЕАЭБде стандартташтыруу өнүгүүдө

ЕАЭБде стандартташтырууну өнүктүрүүнүн жана техникалык регламенттерди заманбап стандарттардын толук далилдүү базасы менен камсыздоонун системалуу маселелери ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун катышуусу менен ЕАЭБ стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдардын жетекчилеринин Кеңешинин отурумунда каралды. Отурум 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору Болотбек Нурматовдун төрагалыгы алдында болуп өттү.

Кеңештин мүчөлөрү Комиссия тарабынан даярдалган, ЕАЭБдин күчүнө кирген техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлине мезгил-мезгили менен милдеттүү баа берүүнү жүргүзүү тартибинин жана аларга карата стандарттардын тизмелеринин долбоорлорун, ошондой эле ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин карап чыгышты. Бул документтерди иштеп чыгуу Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарында каралган.

"Күчүнө кирген техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлине жана аларга карата стандарттардын тизмектерине мезгил-мезгили менен милдеттүү баа берүүнү жүргүзүү тартиби техникалык жөнгө салуудагы сезимтал тармактардын бирин – белгиленген талаптарды талдоого жана кайра кароого системалуу мамиленин жоктугун жабууга тийиш", - деп белгиледи Виктор Назаренко Кеңештин отурумунун жүрүшүндө.

ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин кабыл алуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук органдарына мамлекеттер аралык стандарттарды пландаштырууда жана иштеп чыгууда, аларды колдонууда, ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуу жаатында стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда координацияланган иштерди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

Кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБ техрегламенттеринде белгиленген милдеттүү талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча учурда колдонуудагы жана келечектүү механизмдерди, стандартташтыруу чөйрөсүндө макулдашылган саясатка өтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча практикалык кадамдарды, ЕАЭБ техникалык регламенттерине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаларды өз убагында аткарууну жана продукцияга карата милдеттүү талаптарды толук кандуу далилдик база менен камсыз кылууга байланыштуу башка маселелерди өзүнчө талкуулашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) өз ара иштешүү маселелерине, ошондой эле МАК жол-жоболорунда ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды кабыл алуунун натыйжалуу жана ыкчам механизмин белгилөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Маалымат

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө чечим ЕАЭБ мүчө мамлекеттери Бирликтин алкагында стандартташтыруу жаатында макулдашылган саясатты ишке ашыруусу үчүн 2018-жылдын 14-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан кабыл алынган.