Ирина Анатольевна Ивантей 1990-жылы туулган. 2012-жылы Беларус мамлекеттик технологиялык университетин "менеджер – экономист" адистиги боюнча, 2019-жылы Беларус мамлекеттик экономикалык университетин "экономика" адистиги боюнча бүтүрүп, ага "экономика магистри" даражасы ыйгарылган.
2022-жылы Беларусь Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында "Мамлекеттик башкаруу органдарынын тутумундагы маалыматтык-аналитикалык иштер" адистиги боюнча кайра даярдоодон өткөн.
2012-жылдан тартып Беларусь Республикасынын монополияга каршы органдарында: Минск шаардык Аткаруу комитетинин Монополияга каршы жана баа саясаты башкармалыгында, Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин Баа саясаты департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген.
2016-жылдын сентябрынан тартып Беларусь Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинде иштеген, ал жерде монополияга каршы жөнгө салуунун методологиясы жана атаандаштык маселелерин көзөмөлдөгөн.
2024-жылдын 15-ноябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.