Мудрова Людмила Ивановна Могилев областынын (Беларусь Республикасы) Хотимск штк. төрөлгөн.
Могилевск мамлекеттик техникалык университетин (2002-жыл) жана Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинин аспирантурасын (2021-жыл) аяктаган.
2003-жылдын мартынан тартып Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин Хотимск району боюнча (Хотимск штк.) мамлекеттик салык инспектору, улук мамлекеттик салык инспектору, бөлүм башчысы, инспекция башчысынын орун басары болуп иштеген.
2007-жылдын мартынан августуна чейин Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин Могилев областы боюнча инспекциясында (Могилев ш.) башкы мамлекеттик салык инспектору, 2007-жылдын сентябрынан 2009-жылдын октябрына чейин — Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин башкы мамлекеттик салык инспектору болуп иштеген.
2009-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейин Беларусь Республикасынын (Минск ш.) Мамлекеттик контролдоо комитетинин башкармалыгынын башкы адиси, башчысы болуп эмгектенген.
2023-жылдын 7-февралынан тарта ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.