Жаңылыктар
/
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Максим Ким дайындалды
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Максим Ким дайындалды
27.04.2022
Максим Александрович Ким 1991-жылы Крым областында төрөлгөн. 2014-жылы Харьков улуттук ички иштер университетин бүтүргөн.
2015-2022-жылдар аралыгында Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттикте ар түрдүү кызматтарда иштеген: Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу башкармалыгынын 1-разряддагы адисинен баштап, Метрология, мамлекеттик контроль жана көзөмөл башкармалыгынын башчысына чейин.