2003-жылдан 2014-жылга чейин Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинде иштеп, ал жерде 1-категориядагы адистен бөлүм башчысына чейинки жолду басып өткөн. Тарифтик жөнгө салуу, тышкы соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу маселелери менен алектенген, ар кандай соода сүйлөшүүлөрүндө, анын ичинде БСУга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдө катышкан.
2014–2016-жылдарда "Тышкы соода ишмердигинин маселелери боюнча маалыматтык-талдамалык борбор" АКэУнун соода саясаты боюнча директору болуп турган.
2016-жылдан баштап Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар кандай кызматтарда эмгектенип келген. "Эл аралык кооперация жана экспорт" улуттук долбоорунун ишке ашырылышын координациялаган.
Экономика илимдеринин кандидаты.