Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр)​ Симонян Варос Арутюнович

темасындагы жаңылыктар «Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар»

16 апрелиндеги 2025 ЕАЭБ мүчө мамлекеттердинин жарандары россиялык-беларустук чек ара аркылуу өтүүсүн чектөө менен байланышкан тоскоолдуктар четтетилди 2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда визаларды өз ара таануу жөнүндө жана 2020-жылдын 19-июнундагы Бирлик мамлекетин түзүү жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын киришине байланыштуу башка маселелер боюнча макулдашуу күчүнө кирди. Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы Евразия экономикалык комиссиясына азыркы учурда Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Беларусь Республикасынан Россия Федерациясына кирүүнү жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына эл аралык темир жол жана аба катнашынын пайдаланылуучу жолдору боюнча, ошондой эле Макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль катнашынын жолдору (алты участок) боюнча чыгууну жүзөгө ашырууга практикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги жөнүндө маалымдашты. Буга чейин Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына Беларусь Республикасынан жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына авиациялык транспорт менен гана кире алышкан. Эки өлкөнүн географиялык жакындыгын эске алганда, бул кымбат жана дайыма эле ыңгайлуу болгон эмес. Макулдашуунун күчүнө кириши менен Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары беларустук-россиялык чек арасынан автомобиль, ошондой эле темир жол транспорту менен өтө алышат. 2025-жылдын 15-апрелинде Комиссиянын Коллегиясы көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселени караган. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Комиссиянын биргелешкен ишинин аркасында Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары россиялык-беларустук чек арасы аркылуу эркин жүрүүгө мүмкүндүк алышты. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча системалуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө жана улантылат. Албетте, бул жагдай биздин өлкөлөрдүн ортосунда адамдардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн практикалык ишке ашырууга оң таасирин тийгизет, ошондой эле Бирликте ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.
31 январындагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБде санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыты — адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Digital Almaty 2025 санариптик форумунун пленардык сессиясында Евразия экономикалык бирлигинде санариптештирүү процесстеринин өнүгүшү жөнүндө айтып берди. ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, Комиссиянын күч-аракети Digital Union концепциясын ишке ашырууга багытталган. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутуму иштеп жатат, ал Digital Union үчүн технологиялык пайдубал болуп саналат, – деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. — Анын ырааттуу өнүгүшү улуттуктан жогорку инфраструктуранын калыптанышына алып келет. Бул беш ар башка тутум бир экотутумда болушуна мүмкүндүк берет". Ошол эле учурда ЕАЭБде мүчө мамлекеттердин санариптик көзкарандысыздыгына таасирин тийгизбеген шайкештик, синхрондоштуруу жана интеграциялуулук принциптерин кармануу улантылууда. Бул санариптештирүү жаатындагы өлкөлүк мыкты чечимдерди аларды андан ары масштабдоо мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда эле интеграцияланган маалыматтык тутумдун технологиялык чечимдери улуттук санариптик платформалардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн камсыздоодо. Натыйжада, чек ара аралык кызматтарды ишенимдүү жана коопсуз чөйрөдө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө толук масштабдуу мамлекеттер аралык электрондук G2G, B2G жана C2G өз ара аракеттенүүсү жөнүндө сөз кылууга болот. Бул корголгон маалымат тармагын иштетүүнүн жана жалпы процесстерди этап-этабы менен ишке киргизүүнү камсыздоонун аркасында мүмкүн болду. "Бешилтиктин" алкагында 77 жалпы процесс бекитилген. Алардын ичинен 42си ишке киргизилген. Комиссия дагы 24 жалпы процессти ишке киргизүүгө даярдады. Калган 11 процессти даярдоо 2025-жылдын аягына чейин камсыздалат. Мисалы, продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө документтердин бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча жалпы процесс бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболорду олуттуу кыскартты. Эгерде конкреттүү адамдар үчүн артыкчылыктар жөнүндө айта турган болсок, анда, мисалы, электрондук форматта ЕАЭБдин бир өлкөсүнүн жаранынын башка өлкөдөгү эмгек стажы тастыкталат. Мүчө мамлекеттердин калкынын башка процесстерди жана документтерди санариптештирүүгө болгон муктаждыгы да жогору. Адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу – Бирликте санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыты. Форумдун алкагында Комиссиянын стендинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусу менен Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун ишенимдүү үчүнчү тараптын кызматын пайдаланууга киргизүүгө старт берилди. Ал электрондук санариптик кол тамганы өз ара таанууну ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, анын аркасында мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандар үчүн чек ара аралык электрондук документ жүгүртүү камсыздалат.
31 январындагы 2025 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Татьяна Бранцевич дайындалды Татьяна Викторовна Бранцевич 1974-жылы төрөлгөн. 1996-жылы Беларусь айыл чарба академиясын "АӨК тармактарында уюштуруу жана башкаруу" адистиги боюнча, 2008-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын аяктаган. Эмгек жолун Минск облусунун Крупки шаарындагы "Амкодор-Можа" ЖЧКнын машина-трактордук паркында экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1999-2009-жылдары Минск облусунун Башкы статистикалык башкармалыгынын Крупск райондук статистика бөлүмүнүн башкы экономисти болуп иштеген. 2009-2015-жылдары – Минск областынын Крупск райондук аткаруу комитетинин жетекчилик кызматтарында. 2015-2021-жылдары Минск областтык аткаруу комитетинде төраганын орун басары, экономика комитетинин төрайымы болуп иштеген. Инвестициялык, инновациялык ишмердүүлүк, ишкердикти өнүктүрүү жана тышкы соода кызматташтыгы маселелерин жетектеген. 2021-жылдан 2024-жылга чейин – Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары. Регионалдык өнүктүрүү, социалдык саясат, АӨК өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөр жай маселелерин тескеген. Мамлекеттик программаларды ишке ашырууну жана ишканалар менен уюмдарды каржылык жактан жакшыртууну координациялаган. 2025-жылдын 23-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.
12 декабрындагы 2024 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Нарине Давтян дайындалды Нарине Гарниковна Давтян эмгек жолун Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында баштаган, ал жерде 2006-2008-жылдары аспирантура бөлүмүн жетектеген. 2008-жылдын сентябрынан ноябрына чейин – Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Диаспора комитетинин диаспора менен байланыш боюнча маданий программаларынын координатору болгон. 2008-2013-жылдары - Армения Республикасынын Диаспора министрлигинин аппаратынын биринчи бөлүмүнүн башчысы. 2013-2014-жылдары - VLHAQ жол курулуш компаниясынын директорунун укуктук маселелер боюнча орун басары. 2014-2024-жылдары Армения Республикасынын Конституциялык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген. 2009-жылы Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын юридикалык факультетинин магистратурасын аяктаган. 2013-жылы "Укукту ишке ашыруу көйгөйлөрү" темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2014-жылдан тарта Ереван мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде жана Россия-Армян университетинин укук жана саясат институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. 2024-жылдын 3-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар»

31
16.03.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 31 О выполнении Российской Федерацией обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
24
01.03.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 24 О выполнении Республикой Беларусь обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
10
02.02.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 10 Об утверждении Методологии разделения препятствий на внутреннем рынке Евразийского экономического союза на барьеры, изъятия и ограничения и признания барьеров устраненными
157
24.11.2020 Решение Коллегии ЕЭК № 157 О выполнении Республикой Беларусь обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
125
13.10.2020 Решение Коллегии ЕЭК № 125 О выполнении Республикой Казахстан обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза

Ченемдик документтер

Договор о Евразийском экономическом союзе Статья 23 Договора о Евразийском экономическом союзе от 29 мая 2014 г. Протокол об информационно-коммуникационных технологиях и информационном взаимодействии в рамках Евразийского экономического союза (Приложение № 3 к Договору о Евразийском экономическом союзе) Решение Коллегии ЕЭК от 14 апреля 2015 г. № 29 «О перечне общих процессов в рамках Евразийского экономического союза и внесении изменения в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 19 августа 2014 г. № 132» Распоряжение Совета ЕЭК от 17 марта 2016 г. № 6 «О создании рабочей группы по выработке предложений по формированию цифрового пространства Евразийского экономического союза» Декларация конференции «ЦИФРОВАЯ ПОВЕСТКА В ЕАЭС» Доклад «Барьеры, изъятия и ограничения Евразийского экономического союза»
18 ноябрындагы 2016 ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек” 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.​
29 сентябрындагы 2016 “Америка добушу” гезитине ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасяндын берген интервьюсу: Жетишсиз интеграциянын шарттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички рынокторунун иши тоскоолдуктарсыз, алып коюларсыз жана чектөөлөрсүз иштөөсү акыркы убакта кызуу талкуулаган тема болууда, өзгөчө мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) бул багыт боюнча иштерди жетишсиз жигердүү жүргүзүп жаткандыгы үчүн көп сынга алып жатканынын фонунда. Комиссияда ички рыноктордун тоскоолдуктарсыз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз иштешине жооп берген Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян менен маекте биз бул тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштерде ЕЭК тарабынан кандай иштер жасалганын билүүнү чечтик.
0/0