Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-августта сүт багытындагы бодо малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо методикасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ченемдик-укуктук акт Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин демилгеси боюнча жана 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан.
Чечим сүт багытындагы бодо малдын селекциялануучу белгилеринин тизмегин, ошондой эле Жаныбарларды эсепке алуу боюнча эл аралык комитеттин (ICAR) сунуштамаларын эске алуу менен аларды өлчөөнүн жана асыл тукумдук баалуулугун баалоо процессин деталдаштыруунун тартибин толуктайт. Методикага мурда киргизилген, сүттүүлүк натыйжалуулугунун селекциялануучу белгилерине (саан, сүттүн майлуулугу жана сүт белогу) экстерьердин селекциялануучу белгилери (18 белги), көбөйүү жөндөмдүүлүгү (6 белги), желимдин саламаттыгы (соматикалык клеткалардын камтылышы).
Мындан тышкары, методика жаш малдын асыл тукумдук баалуулугун аныктоо тартиби, жеке индекстерди жана алардын салмактык коэффициенттерин эсептөө тартиби, ошондой эле сүт багытындагы малдын асыл тукумдук баалуулугунун комплекстүү индекси менен толукталган.
"Өзгөртүүлөр сүт продукциясын өндүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугуна эң көп таасир тийгизген белгилер боюнча жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун ар тараптуу жана толук көлөмдө аныктоого мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян. — Жалпысынан ЕАЭБдин мал чарбачылыгында асыл тукумдук баалуулугун баалоонун жана божомолдоонун заманбап ыкмаларын колдонуу жаныбарлардын генетикалык потенциалын жогорулатат, атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү көбөйтөт, импорттон көзкарандылыкты төмөндөтөт жана өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтөт".
Асыл тукум продукциясын өндүрүү процесстерине жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн зарыл болгон өткөөл мезгил ушул жылдын март айында 2024-жылдын аягына чейин узартылган. Андан кийин ЕАЭБ мамлекеттеринин асыл тукум жаныбарларын эсепке алуу реестрине (маалыматтар базасына), жаныбарлардын асыл тукум күбөлүктөрүнө (паспортторуна, сертификаттарына) жаңы методикаларга ылайык аныкталган асыл тукумдук баалуулугун баалоонун жыйынтыктары киргизилет.
Эксперттердин пикири боюнча, Коллегиянын чечими Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө асыл тукум мал чарбасынын өнүгүшүнө жана натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизет.