Бирликтин мамлекеттеринин экономикалык ведомстволорунун жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык өнүгүүгө максаттуу көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Аталган жолугушуу 25-мартта Нур-Султанда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевдин төрагалыгы астында өткөрүлдү.
Экономикалык өнүгүүгө максаттуу көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу Стратегия-2025 менен каралган. Бул багыт биргелешкен максаттуу долбоорлорду ишке ашырууну, мүчө мамлекеттерди экономикалык өнүгүү жана калктын кирешелери боюнча теңдөө үчүн өбөлгөлөрдү түзүүнү жана башка чараларды камтыйт.
Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБдин деңгээлинде кабыл алынып жаткан программалардын жана долбоорлордун ыктымалдуу уюштуруучулук-укуктук формаларын, аларды каржылоо механизмдерин жана булактарын карап чыгышты. Стратегия-2025ти натыйжалуу ишке ашыруу учурда иштеп жаткан өнүгүү институттарынын функционалын колдонуу же Бирликтин өзүнчө институционалдык түзүмүн түзүү аркылуу Бирликтин алкагында биргелешкен каржылоону тартууну караштырат.
ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев үстүбүздөгү жыл Стратегия-2025ти натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн чечүүчү жыл болуп саналат деп баса белгиледи. Аны аткаруу биргелешкен интеграциялык программалар жана долбоорлор аркылуу экономикалардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
"ЕАЭБде болгон потенциалды активдештирүү ЕАЭБдин ИДӨсүнүн жылына 4,5%-5,5% деңгээлде өсүшү боюнча максатка жете алабыз деп ишенүүгө мүмкүндүк берет. Алга озгон экономикалык өнүгүү, өз кезегинде, өлкөлөрдү экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча жакындатуунун керектүү шарты болуп саналат", – деди Сергей Глазьев.
Комиссиянын баалоолору боюнча, Стратегия-2025тин иш-чараларын ишке ашыруу жана экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптерин сактоо үчүн зарыл болгон инвестициялардын көлөмү жылына ЕАЭБдин ИДӨсүнүн 1,1% кем эмес болууга тийиш.
Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары Сергей Митянский Бирликтин орточо дүйнөлүк темптерден ашып түшкөн өсүш темптерине натыйжалуу чыгуусу үчүн зарыл болгон шарт инвестицияларды активдүү көбөйтүү болуп саналат деп белгиледи.
"Экономиканын жогорку өндүрүмдүү секторлоруна салымдарды жасоо, ошондой эле жаңы технологияларды киргизүү, импортту алмаштыруу, экспортко багытталган чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди бириктирүү маанилүү", – деди Сергей Митянский.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев азыр Бирликте кооперациялык байланыштарды жолго коюу үчүн эң жагымдуу мезгил деп билдирди. ЕАЭБдин алкагында ишмердиги Бирликте экономикалык өнүгүүнү теңдөөгө багытталган атайын өнүгүү институтун түзүү маселесин карап чыгуу зарыл.
Казакстан Республикасынын улуттук экономика министри Алибек Куантыров, өз кезегинде, Стратегия-2025ти натыйжалуу ишке ашыруу үчүн учурда иштеп жаткан өнүгүү институттарынын жана каржылоо механизмдеринин потенциалын болушунча колдонуу менен, алардын ресурстарын пайдалануу максатка ылайыктуу деп белгиледи.
Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач жаңы кооперациялык чынжырларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү түгөнө элек деп билдирди. Бул чөйрөдө кабыл алынган чечимдер келечекте узак мөөнөттүү интеграциялык натыйжаны камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономика министрликтеринин жетекчилери насыялануучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин кеңейтүү жана пайыздык коюмдарды төмөндөтүү жагында ЕАЭБдин алкагында регионалдык каржы институттарынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча жалпы пикирге келишти.
Экономика министрликтеринин жетекчилеринин кийинки жолугушуусунда ЕАЭБде стратегиялык пландоо тутумун, анын ичинде экономикалык өнүгүүнүн 2035-жылга чейинки негизги багыттарын, ошондой эле кууп жетип келе жаткан экономикалардын өнүгүүсү үчүн шартталган максаттуу каржылоо механизмдерин жана программаларын иштеп чыгууну талкуулоо пландаштырылууда.
Маалымат
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономика министрликтеринин жетекчилеринин ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмелери 2019-жылдан бери Бирликтин экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлүп келет.