Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
11 июнундагы 2025
Валентин Татарицкий: "Комиссия үчүн артыкчылык – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калкынын саламаттыгын сактоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо"
Техникалык жөнгө салуу боюнча министр Валентин Татарицкий Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты. Кеңеш, атап айтканда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын өткөн сессиясынын жыйынтыктарын ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн алардын актуалдуулугу көз карашынан талкуулады. Бирликтин мүчө мамлекеттериндеги учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана Кеңештин мындан аркы ишмердүүлүгүнүн перспективалары каралды. "Биргелешкен иш Бирлик мамлекеттеринин санитардык кызматтарынын потенциалын күчөтүүгө жана зарыл болгон маселелерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет, бул биздин өлкөлөрдүн калкынын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоого жардам берет", – деп баса белгиледи Валентин Татарицкий. Мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Комиссиянын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Владимир Синкевичтин улуттук ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте "санитардык чаралар" багыты боюнча иш планын даярдоо жөнүндө сунушун колдошту. Үч жылдык планды иштеп чыгуу демилгеленди. Валентин Татарицкийдин Жетекчилер кеңешинин төрайымы, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова менен болгон жумушчу жолугушуусунда санитардык чараларды колдонуу маселелери талкууланды. Анын ичинде аталган чөйрөдө Комиссиянын иштеп чыгууда турган актылары, ошондой эле "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу планынын долбоорунун иш-чаралары каралды. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуу үчүн иш-чаралар аныкталды.
11 июнундагы 2025
ЕЭКтин Укук департаментинин директорунун орун басары болуп Зарема Аскарова дайындалды
Аскарова Зарема Аликовна 1980-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын техникалык тейлөө боюнча адистер тобунун ЭЭМ оператору болуп иштеген. 2006-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишин камсыздоо боюнча адистер тобунун адиси, улук инспектору. 2007-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертиза секторунун эксперти, жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн эксперти. 2009-2011-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин Ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын, Лицензиялык ишти жөнгө салуу жана ЖСТ башкармалыгынын жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин бөлүм башчысы. 2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери, директордун орун басары. 2012-2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик саясатты изилдөө институтунун юристи, аппарат жетекчиси, директору. 2014-2019-жылдары — эл аралык уюмдарда иштеген. 2019-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти. 2021-жылдын февралынан 2025-жылдын майына чейин — Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, биринчи орун басары. 2025-жылдын 9-июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
10 июнундагы 2025
ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору болуп Ольга Прудникова дайындалды
Ольга Филипповна Прудникова Могилев шаарында (Беларусь Республикасы) туулган. 1989-жылы Беларусь-Россия университетин (инженер-физик), 1999-жылы — Беларус юридикалык институтун "Укук таануу" (юрист) адистиги боюнча артыкчылык менен, 2010-жылы — Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын "Экономика жана өнөр жай ишканасындагы башкаруу" адистиги боюнча жана 2024-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1989-жылы "Могилевэнерго" РУИде баштаган жана ал жерде 2010-жылга чейин жетекчилик кызматтарда иштеген. 2010-жылдан 2013-жылга чейин "ОДУ" РУИде иштеген. 2013-жылдан 2017-жылга чейин "Белэнерго" электр энергетика боюнча мамлекеттик өндүрүштүк бирикмесинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2017-жылдын январынан 2025-жылдын май айына чейин — Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары. 2025-жылдын 2-июнунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директору болуп дайындалды.
10 июнундагы 2025
Касым-Жомарт Токаев жана Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 10-июнда Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаев IV Евразиялык экономикалык форумга жана 26-27-июнда Минскте өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат алды.
10 июнундагы 2025
КЭРде жана Украинада өндүрүлүүчү цинктелген прокатка карата демпингге каршы алым беш жылга узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында жана Украинада өндүрүлүүчү цинктелген прокатка карата демпингге каршы алымдын аракетин 2030-жылдын 9-июнуна чейин кошо алганда узартты. "Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2024-жылдын 2-сентябрында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн прокатты өндүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Арыз "Магнитогорск металлургиялык комбинаты" ААК, "Новолипецк металлургиялык комбинаты" ААК жана "Северсталь" ААК тарабынан берилген. КЭРде жана Украинада өндүрүлгөн цинктелген прокатка карата демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 209 чечимине ылайык белгиленген. КЭРде өндүрүлгөн прокатка алымдын өлчөмү өндүрүүчүгө жараша бажы наркынан 12,69%дан 17%га чейинкини, Украинада өндүрүлгөн прокатка — бажы наркынан 23,9%ды түзөт. Ошондой эле № 209 чечим менен бир катар кытай компанияларынын баа милдеттенмелери жактырылды. Чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылган.
10 июнундагы 2025
Максим Ермолович: "ЕЭК ЕАЭБ мейкиндигинде ак ниет атаандаштыкты камсыздоо механизмдерин өнүктүрөт"
ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Москвада өткөн, Монополияга каршы федералдык кызмат жана Монополияга каршы эксперттер ассоциациясы тарабынан уюштурулган Монополияга каршы форум-2025ке катышты. Пленардык сессияда Максим Ермолович ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктерин, Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна киргизилген негизги түзөтүүлөрдү, Комиссиянын рынокторду секторалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнүн айрым аспектилерин сунуштады. Блоктун улуттук атаандаштык ведомстволору менен өз ара иштешүүсү, ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндөгү ишинин келечектүү багыттары каралды. "Атаандаштык боюнча блок кесипкөй коомдоштук менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана атаандаштык саясатынын актуалдуу маселелерин талкуулоого чоң маани берет. Мунун баары ЕАЭБ мейкиндигинде ак ниет атаандаштыкты камсыздоонун натыйжалуу укуктук жана институционалдык механизмдерин калыптандырууга өбөлгө түзөт", — деп баса белгиледи ЕЭК министри. Максим Ермолович бүгүнкү күндө ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык чөйрөсүн колдоо үчүн бардык зарыл инструменттерге ээ экендигине көңүл бурду: укук колдонуу практикасы түзүлүп, атаандаштык боюнча укукту өркүндөтүүнүн туруктуу процесси жүрүп жатат. "Биз Комиссиянын чек ара аралык рыноктордо катышуусун кеңейтүү үчүн, ошондой эле чарбакер субъекттердин аларда атаандаштыктын принциптери жана эрежелери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз", — деп белгиледи ЕЭК министри.
06 июнундагы 2025
Чинара Мамбеталиева "Жөнгө салуучу тажрыйба жана дары-дармек каражаттарын каттоо — РегЛек 2025" конференциясына катышты
Москвада өткөн "Жөнгө салуу тажрыйбасы жана дары-дармек каражаттарын каттоо — РегЛек 2025" илимий-практикалык конференциясында дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууну өркүндөтүүнүн, каттоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана бейтаптардын сапаттуу медикаменттерге жетүүсүн камсыздоонун негизги маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чинара Мамбеталиева сунуштады. ЕЭК өкүлү пленардык сессияда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттары" темасында баяндама менен чыгып сүйлөдү. Атап айтканда, ал бирдиктүү ыкмалардын негизинде дары-дармектерди каттоого карата талаптарды шайкеш келтирүү процесстерин тереңдетүү, каттоо жол-жоболорун жана экспертизалардын натыйжаларын өз ара таануу механизмдерин кеңейтүү, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн транспаренттүүлүгүн жана байкоого алынуусун камсыздоо жөнүндө айтып берди.
05 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Кытайдын Россиядагы Элчиси Чжан Ханьхуэей менен жолугушту Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 5-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында Кытай Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чжан Ханьхуэй менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен КЭРдин Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуусунун алкагында өз ара иштешүүсүнүн перспективалары талкууланды. "Кытай Эл Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биздин мамилелер өз ара урматтоо, ачыктык жана стратегиялык өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. 2019-жылы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден тартып, ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылга карата эки эседен ашык көбөйүп, 280 млрд долларга жетти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар экономиканын бир катар артыкчылыктуу тармактары боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү жактай тургандыгын ырасташты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы КЭРдин мамлекеттик бийлик жана бизнес органдарынын өкүлдөрүн 2025-жылдын 26-27-июнунда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды. Өз кезегинде Чжан Ханьхуэй Бакытжан Сагинтаевди Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин Пекинде өтө турган парадына чакырды. Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга 2018-жылы Астанада кол коюлган.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө