Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6131
31 августундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду жана бүткүл кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
30 августундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди жана жалпы Казакстан элин Конституция күнү менен куттуктады.
30 августундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Александр Лукашенкону туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Александр Лукашенкону туулган менен куттуктады.
29 августундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарынын кызматташтыгын өнүктүрүү Новосибирскте талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясы Биринчи Евразия экспорттук форумунун алкагында 28-августта Новосибирскте өткөн "ЕАЭБде аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү евразиялык компаниялардын экспорттук потенциалын бекемдөөнүн фактору катары" панелдик сессиясын өткөрдү.
26 августундагы 2025
ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович ЕЭКтин штаб-квартирасында россиялык эксперт – Экономика жогорку мектебинин профессору, Россия Федерациясынын финансы министринин мурдагы орун басары Алексей Лавров менен жумушчу жолугушуу өткөрдү, ал буга чейин мамлекеттик сатып алуулар маселелерин да көзөмөлдөгөн. "Биз сиздин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон чоң жеке салымыңызды жогору баалайбыз", – деп белгиледи Максим Ермолович. Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ алкагында бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди жана аларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде статистикалык отчеттуулукту өркүндөтүүнүн перспективаларын талкуулашты.
26 августундагы 2025
Оюнчуктарга карата техрегламентке карата продукциянын тизмесинин жаңы редакциясы бекитилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинин талаптарына шайкештиги милдеттүү түрдө бааланууга тийиш болгон продукциянын жаңы тизмесин бекитти, ага карата бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышы тастыкталат. Тизмек шайкештикти милдеттүү баалоого тийиш болгон продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүүнүн тартибин ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан. Ага ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын 14 жашка чейинки балдар үчүн арналган оюнчуктарга карата 55 коду киргизилген. Документ ТЭИ катышуучуларына багытталган жана бажылык башкаруу үчүн колдонулат. Комиссиянын Коллегиясынын чечими ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
26 августундагы 2025
ЕАЭБ Вьетнамдан тигилген кийимдердин айрым түрлөрүнө карата триггердик коргоо чарасын колдонот
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы эркин соода жөнүндө макулдашууга ылайык тарифтик преференциялар менен Вьетнамдан ташылып келинүүчү кийимдердин айрым түрлөрүнө карата триггердик коргоо чарасын колдонуу чечимин кабыл алды. Мындай чараны киргизүү Коллегиянын чечими күчүнө кирген учурдан тартып алты айдын ичинде Вьетнамдан кийимдердин айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигине алып келүүдө ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин колдонуудагы чени колдонулат дегенди билдирет. Коргоо чарасын киргизүү үчүн негиз болуп, келишим менен каралган, Вьетнамдан алынып келүүчү импорттун триггер деңгээлинен ашып кетүү саналат. "Бул чара Бирликтин өндүрүүчүлөрүн колдоого жана Вьетнамдан товарларды алымсыз алып келүүнүн макулдашууда каралган деңгээлден жогору кескин өсүшүн болтурбоого мүмкүндүк берет, бул биздин өлкөлөрдүн жеңил өнөр жайы үчүн маанилүү", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
25 августундагы 2025
Гоар Барсегян: "Комиссия ЕАЭБ ишканаларынын ортосунда бекем өндүрүштүк байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшөт"
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай күн тартибин ишке ашыруу боюнча өз ара иштешүүнүн актуалдуу маселелерин карашты. Министрлер өнөр жай секторунда кооперацияны өнүктүрүү бөлүгүндө диалогду тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти, ЕАЭБдин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин ИННОПРОМдо боло турган отурумуна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Гоар Барсегян Казакстандын өнөр жай ишканаларында жана өнөр жай аймактарына барды. Атап айтканда, ал Алматыдагы индустриалдык аймакта автомобиль куруу продукциясын жана себилдегичтерди чыгарууга адистешкен ишканаларда жана Алматы вентиляциялык заводунда болду. "Биз Казакстандын ишканалары менен өнөр жайдын бир катар артыкчылыктуу тармактары боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чоң потенциалды көрүп турабыз. Казакстандын кызыкдар компанияларынын өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу жаңы кооперациялык чынжырларга чыгууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Гоар Барсегян. ЕЭК министринин республиканын ишкерлери менен, анын ичинде тегерек стол форматында жумушчу жолугушуулары болуп өттү. Бирликтин алкагында өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин ишке ашыруу, ошондой эле ишканаларды евразиялык интеграциялык долбоорлорду колдоо программасына киргизүү шарттары талкууланды. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлеринде технологиялар менен алмашуу жана натыйжалуу интеграциялык байланыштарды түзүү үчүн бардык ресурстар бар", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.
Дагы көрсөтүү