Жаңылыктар

18 Jul 2024 ЕЭК Коллегиясы Бирликтин темир жол транспортунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техрегламенттерине карата стандарттардын тизмегин актуалдаштырды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы темир жол транспорту чөйрөсүндө техникалык регламенттерди ишке ашыруу үчүн стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Тизмектер тогуз стандарт менен толукталды. Өзгөртүүлөр бул стандарттардын өнөр жай үчүн өзгөчө маанилүүлүгүнө жана темир жол машина куруу продукцияларынын шайкештигин баалоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн актуалдуулугуна байланыштуу 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет. Мындан тышкары, шайкештикти баалоо боюнча органдарды стандарттардын жаңы версияларына аккредитациялоону камсыз кылуу максатында 180 календардык күндөн кийин күчүнө кире турган стандарттардын тизмесинин жаңы редакциялары бекитилди. Стандарттардын тизмектеринин жаңы редакциялары тийиштүү тизмектерге киргизилген стандарттарды кабыл алууга, колдонууга, жаңыртууга жана жокко чыгарууга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча даярдалган. "Өзгөртүүлөрдүн максаты – стандарттардын актуалдуу версияларын колдонуу шарттарын түзүү жана аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга план ченемдүү өтүү", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий. Стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр Россиянын Транспорт министрлиги тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте эксперттердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан. Айрым мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарга карата аларды колдонууга адаптациялоо үчүн өткөөл мезгил белгиленген.
18 Jul 2024 ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору болуп Талгат Момышев дайындалды Талгат Амангельдиевич Момышев 1968-жылы Щучинск шаарында (Казакстандын) туулган. 1990-жылы Жамбыл гидромелиорациялык-курулуш институтун, ал эми 2001-жылы Алматы экономика жана статистика институтун бүтүргөн. Эмгек ишмердигин 1997-жылы Жамбыл стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо борборунун бөлүм башчысы болуп баштаган, андан кийин аталган борбордун жетекчисинин орун басары болгон. 2000-2003-жылдары - "Метрология" РМИнин Алматы филиалынын директору болгон. 2003-2005-жылдары - "Казсертико" МИӨБ" РМИ директорунун биринчи орун басары, "Улуттук экспертиза жана сертификаттоо борбору" АКнын Астана боюнча өндүрүш башкармалыгынын башчысы. 2005-2010-жылдары - Казакстан Республикасынын индустрия жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2010-2014-жылдары Казакстан Республикасынын Мунай жана газ министрлигинин мунайгаз комплексиндеги мамлекеттик инспекциясынын комитетин жетектеген. Андан кийин ошол эле Министрликтин мунай жана газ комплексиндеги мамлекеттик инспекциясынын Экологиялык жөнгө салуу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2017-2018-жылдары Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик инспектору болгон. 2018-2019-жылдары - Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акиминин орун басары. 2019-2021-жылдары - Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин жооптуу катчысы, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин аппарат жетекчиси. 2021-2023-жылдары - Казакстан Республикасынын экология, геология жана жаратылыш ресурстары боюнча Вице-министри. 2023-жылдан 2024-жылдын июлуна чейин Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Улуттук аккредитация борборун жетектеген. 2024-жылдын 18-июлунан тарта – Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору болуп дайындалды.
17 Jul 2024 Георгий Арзуманян: "Атайын машиналарды куруу – Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай операциясын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири" Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Федерация Кеңешинин экономикалык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган атайын техника рыногунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Россия Федерациясынын технологиялык суверенитетинин маселелерин талкуулоо боюнча тегерек столго катышты. Талкуулардын жүрүшүндө атайын техника рыногунун абалы, тармакты мамлекеттик жөнгө салуу, учурдагы колдоо чаралары жана алардын натыйжалуулугу боюнча актуалдуу маселелер каралды, ошондой эле атайын техника өндүрүшүн өнүктүрүү, аны Россиянын аймагында локалдаштырууну камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Георгий Арзуманян өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, атайын машиналарды куруу олуттуу кооперациялык жана экспорттук потенциалга ээ жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өнөр жай жана илимий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу түрлөрүнүн бири катары аныкталган. "Технологиялык эгемендүүлүк стратегиясын ЕАЭБдин ар бир мамлекети өз алдынча ишке ашырганда анын натыйжалуулугу азыраак болот, анткени өлкөлөрдүн ички рынокторунун чектелген сыйымдуулугу масштабдан келип чыгуучу натыйжага жетүүгө жана продукциянын өзүнчө алынган түрлөрү боюнча дүйнөлүк лидерлер менен бирдей шарттарда атаандашууга мүмкүндүк бербейт. Ал эми атайын машиналарды куруу туурасында айта турган болсок, бул – Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири", – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай блогунун өкүлү. Буга байланыштуу Георгий Арзуманян тегерек столдун сунуштамасынын долбооруна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кароосу үчүн тема катары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн адистештирилген машина куруу продукциясын өндүрүүнүн кооперациялык чынжырчаларына тартуу үчүн шарттарды түзүү маселесин, анын ичинде Бирликтин рыногунда ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарлардын үлүшүн көбөйтүү үчүн өнөр жай операциясын каржылоо механизмин колдонуу жөнүндө маалымдоо жолу менен киргизүүнү сунуштады.    
ЕЭК ак калайдан жасалган капкактарга карата расмий бажы статистикасынын маалыматтарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды 16 Jul 2024 ЕЭК ак калайдан жасалган капкактарга карата расмий бажы статистикасынын маалыматтарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алып келүү бажы алымынын коюмун өзгөртпөстөн, ЕАЭБ ТЭИ ТНде ак калайдан, бурамалуу же бекитип жабуу үчүн капкактар үчүн өзүнчө подсубпозицияны бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Каралып жаткан продукция азыркы учурда ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8309 90 900 0 "башкалар" подсубпозициясына баалуу эмес металлдардан жасалган башка таңгактоочу буюмдар менен кошо киргизилген. Ак калайдан жасалган капкактарды өзүнчө подсубпозицияга бөлүү бул товарга карата алып келүү бажы алымынын ченин өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени андан ары кароо үчүн тышкы соода көлөмүнүн динамикасына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, деп белгилешти ЕЭК соода блогунда.
16 Jul 2024 Гоар Барсегян ММЭМИ бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземине катышты Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Россиянын ТИМинин ММЭМИ Евразиялык окутуу институтунун магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанаттуу аземине катышты. Бүтүрүүчүлөрдү окуунун аяктагандыгы менен куттуктап, ЕЭК министри мындай деп баса белгиледи: "Евразиялык окутуу институтунун билим берүү программаларынын уникалдуулугу кызматташууга жана интеграциялык бирикмелердин ичинде мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө турат. Менин көз карашым боюнча, сиздер – евразия мейкиндигинде интеграцияны колдой алуучу мыкты топсуздар. Ар бириңиздер, сөзсүз түрдө, талаптуу адис болосуздар". Эске салсак, ЕЭКтин жана ММЭМИнин системалуу өз ара иштешүүсү 2022-жылы башталган. 2023-жылдын декабрында Россиянын ТИМинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин жаңы окутуу-билим берүү долбоору башталган. Ошол эле мезгилде ЕЭК жана ММЭМИ 2024-2025-жылдарга кызматташтык программасына кол коюшкан. ММЭМИ евразиялык күн тартибин өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга жигердүү катышып келет. Анын базасында евразиялык интеграция жаатындагы жождордун Консорциуму түзүлгөн. Профилдик билим берүү программалары жана долбоорлору ишке ашырылууда.  Дипломдорду тапшыруу аземине Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко жана Евразиялык окутуу институтунун директору Тамара Шашихина катышты.
16 Jul 2024 БУУнун штаб-квартирасында ТӨМгө жетишүүдө ЕАЭБдин салымы талкууланды Евразия экономикалык комиссиясы 15-июлда Нью-Йоркто БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) эгидасы алдында туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында "Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) колдоо боюнча регионалдык өнөктөштүк: ЕАЭБдин тажрыйбасы жана Евразиядагы башка аймактык демилгелер" сайд-ивентин уюштурду. "БУУ күн тартиби – 2030га туруктуу өнүгүү жаатында жетишүүдө регионалдык интеграциялык бирикмелердин ролу бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй жогору. Жана евразиялык интеграциялык өз ара иштешүүнүн өнүгүшүнө жараша ЕАЭБдин бул глобалдык демилгеге кошкон салымы кыйла салмактуу болуп баратат", – деп билдирди негизги баяндама менен чыгып сүйлөгөн ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ТӨМгө жетишүү боюнча биргелешкен ишке багыт алгандыгын баса белгиледи, бул анын ичинде Бирлик мамлекеттеринин башчылары 2023-жылдын декабрында кол койгон "Евразия экономикалык жолу" декларациясында чагылдырылган. ЕЭК министри ЕАЭБде интеграциялык өз ара иштешүүнүн өнүккөн деңгээли мүчө мамлекеттерге БУУ Күн тартиби-2030ду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиледи, жана ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан ТӨМ № 1 "Жакырчылыкты жоюу", ТӨМ № 2 "Ачкачылыкты жоюу", ТӨМ № 3 " Жакшы ден соолук жана бакубатчылык" жана ТӨМ № 17 "Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы өнөктөштүк" ишке ашыруусу менен интеграциялык чаралардын жана механизмдердин өз ара байланышынын конкреттүү мисалдарын келтирди. Мисалы, № 2 ТӨМдү ишке ашырууга карата, ЕАЭБдин азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылуусунун жогорку деңгээли - 93%, ошондой эле Бирлик өлкөлөрү тарабынан буудай жана жашылчаларды өстүрүү үчүн минералдык жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко экспорттоонун олуттуу көлөмү белгиленген. ТӨМ № 17 боюнча ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр жана аймактык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейип жаткан географиясы баса белгиленди. Дискуссиянын катышуучулары ТӨМгө жетишүү прогрессин тездетүү үчүн мамлекеттердин жана регионалдык бирикмелердин жамааттык аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти. "Евразия экономикалык интеграциясы глобалдык көйгөйлөрдүн курчушуна каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу жана ийкемдүү механизми болуп саналат, атап айтканда: дүйнөлүк экономиканын начарлашы, жакырчылык, климаттын өзгөрүшү жана азык-түлүк, суу жана энергияны кошо алганда ресурстардын жетишсиздиги. Анын мындан аркы гармониялуу өнүгүүсү, экономикаларды модернизациялоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо теңсиздик көйгөйүн чечип, социалдык интеграцияга жана жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзө алмак", – деп билдирди Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Амбразевич. Россия Федерациясынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Василий Небензя регионалдык экономикалык интеграцияны көптөгөн өлкөлөргө соода байланыштарын диверсификациялоого, соода тоскоолдуктарын азайтууга, керектөө рыногунун кеңейишинен пайда алууга жана өнөр жай кызматташтыгын чыңдоого жардам берген маанилүү инструменттердин бири деп атады. Казакстан Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Кайрат Умаровдун пикири боюнча, ЕАЭБ салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде мүчө мамлекеттерге Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык келген экономикалык демилгелер боюнча кызматташуу үчүн платформаны берген маанилүү интеграциялык механизмге айланды. БУУ Күн тартиби-2030га жетишүүгө аймактардын салымын БУУнун Башкы катчысынын орун басары Рабаб Фатима белгиледи. "Бүгүнкү күндө ТӨМ милдеттеринин 17%ы гана аткарылып жаткандыктан, билим алмашуу жана регионалдык бирикмелердин ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү аймактарга ТӨМ жетүү үчүн эң натыйжалуу инструменттерди алууга жардам бере алат. ЕАЭБ бул маанилүү милдетти чечүүдө өз салымын кошууну улантат деп ишенем", – деп билдирди Рабаб Фатима. Өз тажрыйбалары менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбай, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО), Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ), ошондой эле КЭРдин өкүлдөрү бөлүшүштү. Иш-чаранын трансляциясы UN Web TV санариптик платформасында жеткиликтүү. БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) колдоосу астында туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форум 2024-жылдын 8-июлунда башталган. Ал БУУнун 2030-жылга чейинки Күн тартибин глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдерде ишке ашырууну тездетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга арналган. Сайд-ивент Беларустун жана Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн көмөгү менен уюштурулган. 2015-жылы БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан "Дүйнөнүн өзгөрүшү. 2030-жылга чейин мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби" резолюциясы кабыл алынган. Туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби 17 максатты жана 169 милдетти камтыйт, алар комплекстүү мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн үч компонентинин – экономикалык өсүштүн, социалдык интеграциянын жана экологиялык туруктуулуктун тең салмактуулугун камсыз кылат. 2017-жылы ЕЭК БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында "ЕАЭБ регионунда БУУ ТӨМ жетишүү" баяндамасын даярдаган жана сунуштаган. 2023-жылдын 18-сентябрында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө евразиялык экономикалык интеграциянын таасири боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин биргелешкен билдирүүсүн сунуштады.
15 Jul 2024 Сергей Глазьев: "Региондордун соода-экономикалык кызматташтыгын колдоо - 2025-жылга чейин евразиялык өнүктүрүү күн тартибинин артыкчылыктарынын бири" Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Красноярск шаарында өткөн XI Россия-Кыргызстан региондор аралык конференциясынын пленардык сессиясына катышты. Иш-чарага жыл сайын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн региондорунун башчылары, ишкерлер, бизнести өнүктүрүү жана колдоо институттарынын өкүлдөрү катышат. Быйылкы конференция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жетекчилиги астында өттү. Сергей Глазьев белгилегендей, "региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү Стратегия-2025тин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар кайсы аймактарында ондон ашык көздөшүү форматындагы иш-чараларды, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана аймактык бийликтер үчүн вебинарларды өткөрдү, ЕЭК сайтында атайын портал ишке киргизилди". Конференциянын алкагында Комиссия "ЕАЭБ мейкиндигинде региондор аралык кызматташтык" панелдик сессиясын уюштурган, анын модераторлору Сергей Глазьев жана ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары Каныбек Ажекбаров болушту. Сессияда Комиссия тарабынан Бирликте региондор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн ишке ашырылып жаткан чаралардын жана иш-чаралардын сереби көрсөтүлдү; каржылар, инвестициялар, тышкы экономикалык ишмердүүлүк, транспорттук-логистикалык чөйрөдө аймактар аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды. ЕЭК сессиясына катышкан Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач ЕАЭБдеги региондор аралык кызматташтык боюнча портал жөнүндө айтып берди. Анын сөзү боюнча, Комиссия тарабынан түзүлгөн ресурс ар бир экономикалык субъектке товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, потенциалдуу жана иштеп жаткан инвестициялык долбоорлор, бизнес-иш-чаралар, инвесторлор үчүн региондук преференциялар (жеңилдиктер) жөнүндө, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, региондор ортосунда кооперацияны жана соода-экономикалык кызматташтыкты өбөлгөлөө үчүн Бирликтин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты акысыз негизде жарыялоого мүмкүндүк берет. Красноярск крайы менен Кыргызстандын региондорунун ортосундагы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, анын ичинде Красноярск жана Тамчы (Ысык-Көл) ортосунда түз авиакаттамдарды жөнгө салуу зарылдыгы белгиленди, бул тактап айтканда, бул региондордун туризм боюнча потенциалын ачууга жардам берет.  ЕЭК делегациясы ошондой эле "Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын чакан жана орто бизнесинин субъекттери үчүн кооперациялык мүмкүнчүлүктөр" бизнес-сессиясына катышып, анын алкагында ишкердик коомдоштукту кызыктырган суроолорго жооп берди. XI Россия-Кыргыз региондор аралык конференциясынын уюштуруучулары Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги болушту.
ЕЭК дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди 15 Jul 2024 ЕЭК дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди Евразия экономикалык комиссиясы "Фармстандарт-Лексредства" ААК россиялык компаниясынын нысапсыз атаандаштык жөнүндө арызын карап чыкты. Арыз ээсинин маалыматы боюнча, "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсы (Армения Республикасы) ЛОР-органдарынын ооруларын дарылоо үчүн кеңири белгилүү дары-дармектердин аталыштарына ("Ингалипт", "Каметон", "Фурацилин") "Ингалипт Виалайн", "Каметон Виалайн", "Фурацилин Виалайн" аталыштары менен парфюмердик-косметикалык продукцияларды (ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарын) саткан. Мындай окшоштук керектөөчүлөрдө ушул товарларда дарылык касиеттер бар деген адашкан пикир жаратышы мүмкүн. Арызды карап чыгып, Комиссия "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсына эскертүү берди. Белгиленген мөөнөттө компания аталган парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүүнү жана сатууну токтотту. Эскертүүнүн бардык талаптарынын белгиленген мөөнөттө аткарылышын эске алуу менен Комиссия арызды кароону токтотту. "Арызды кароонун жүрүшүндө товарлардын маркетплейстердеги карточкаларында бул парфюмердик-косметикалык продукция ринит, тонзиллит, ангина жана ЛОР-органдарынын башка ооруларын дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Анткен менен Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуучу товарларга жайылтылбайт", – деп белгиледи ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Ольга Королькова. Сатып алуучуларды коргоо жана "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсынын иш-аракеттеринин кесепеттерин жоюу үчүн Комиссия россиялык белгилүү маркетплейстердин – Wildberries, Ozon жана "Яндекс Маркет" өкүлдөрүнө кайрылган. Аянтчалар товарлардын тиешелүү карточкаларын тез арада бөгөттөштү жана жеткирүүчүнү продукциянын дарылык касиеттери жөнүндө маалыматты алып салууга милдеттендиришти. Мындай жол менен компаниялар ЕЭКке Бирликтин дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирүүгө жардам беришти.      
Дагы көрсөтүү