Жаңылыктар

21.02.2022 (Обновлено: 05.03.2022 15:52)

ЕЭК Кеңешинин 18-февралдагы отурумунун жыйынтыктары

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 18-февралдагы отурумда мүчө мамлекеттердин продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жылдырууда Евразия экономикалык бирлигинин зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн сунуштаманы кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук соодага салык салуу механизмдерин жактырды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинде кооптуу продукция жөнүндө маалыматтык тутумду түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарынын негизинде ЕАЭБде бул маалыматтык тутумду түзүү боюнча жалпы процессти толук кандуу ишке киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди жана Бирликтин рыногунда жүгүртүлүп жаткан продукцияга көзөмөлдү уюштуруу чөйрөсүндө кабыл алынган макулдашууларды ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планын даярдоого киришүү чечимин кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБтин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасынын улуттук сервистеринин маалыматтык-коммуникациялык "витринасын" түзүү мөөнөтүн жөнгө салды.

ЕЭК Кеңеши терефтал кычкылдыгына жана анын туздарына, ошондой эле байпак буюмдары үчүн жиптердин айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк чендерин белгилеп, ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн узартты.

ЕЭК Кеңеши мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында Товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине ылайык, чыгаруу критерийлери колдонулган товарлардын тизмесин дагы 12 позиция менен толуктоо чечимин кабыл алды.

ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 18-мартта өткөрүлмөкчү.