Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6007

03 июлундагы 2025 Андрей Слепнев ЕЭКте Өзбекстандын демилгелеринин үстүндө иштөөнү Республиканын өкүлү менен талкуулады Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы расмий өкүлү Фанил Кадиров менен жолугушуу өткөрдү. 2025-жылдын 27-июнунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айткан демилгелердин иштелип чыгышы талкууланды. Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиёевдин негизги сунуштарынын бири Өзбекстанды Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын ишине кошуу мүмкүндүгүнө, ошондой эле электрондук сооданы өнүктүрүү алкагында өз ара аракеттенүүнүн айрым программаларын түзүүгө, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоого, соодада санариптик технологияларды киргизүүгө тиешелүү болгон. "ЕЭК Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасы менен көп тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлине чоң маани берет. Өзбек тараптын практикалык сунуштары жөнүндө кошумча маалымат алгандан кийин көрсөтүлгөн маселелер боюнча ишке киришүүгө даяр экенибизди билдиребиз", – деп белгиледи Андрей Слепнев. 
03 июлундагы 2025 Арзыбек Кожошев ТТКК башчысы Михаил Гончаров менен жолугушту ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Эл аралык трансъевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңештин (ТТКК) башкы катчысы Михаил Гончаров менен жумушчу жолугушуусу 3-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында болуп өттү. Тараптар евразиялык региондо темир жол транспортунун ишмердүүлүгүнүн, заманбап шарттарда ЕАЭБ мейкиндигинде транспорттук инфраструктураны жана логистикалык коридорлорду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр евразиялык региондо экономикалык өсүшкө жана интеграцияга өбөлгө түзүүчү туруктуу транспорт тутумун түзүү үчүн ЕЭК менен ТТКК ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жыл сайын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү практикасы мындай форматка болгон талапты көрсөтүп турат. Биз мамлекеттик органдардын, алдыңкы транспорттук компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрүн бир столго бириктиребиз", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Михаил Гончаров ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаменти менен ТТКК Катчылыгынын өз ара иштешүүсү боюнча планды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу — жүктөрдү эл аралык темир жол жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. ЕЭК жана ТТКК ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2017-жылы транспорт жана логистика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлган. 
03 июлундагы 2025 ЕЭК жана АСЕАН атаандаштык чөйрөсүндө тажрыйба алмашышты Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун жана АСЕАНдын өкүлдөрү 3-июлда "ЕАЭБде жана АСЕАНда атаандаштык саясаты жана укук колдонуу" онлайн форматындагы семинарда атаандаштык чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен алмашышты. Иш-чарага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. Ал белгилегендей, Комиссиянын катчылык жана АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобу менен кызматташуусу ырааттуу мүнөзгө ээ жана эки тарап үчүн тең пайдалуу. "Биз АСЕАНдын тажрыйбасына кызыкдарбыз. АСЕАНдын катышуучу-өлкөлөрүнүн бизнес жана уюмдары тарабынан атаандаштыкты кабыл алуусунун өлкөлүк индекстерин эсептөө менен айырмаланган атаандаштык саясатын баалоо тутумуна көңүл буруу абзел. Ошондой эле, Биригүү жана жутуулардын кесепеттерин баалоонун бирдиктүү порталы кызыгууну туудурат", – деп баса белгиледи Максим Ермолович. Атаандаштык саясаты, атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө семинардын модератору, ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян семинардын катышуучуларына маалымдады. Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону контролдоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Сергей Максимов айтып берди. Өз кезегинде АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун төрайымы, Камбоджанын Атаандаштык боюнча комиссиянын көз карандысыз комиссары Ли Сопоровичны семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Иш-чарага АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун өкүлдөрү катышышты. 
02 июлундагы 2025 Бахыт Султанов Россиянын Борбордук Банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов 2-июлда Санкт-Петербургда Россия Банкынын Каржылык конгрессинин талааларында Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин жалпы каржы рыногун айкалыштырууга жана андан ары түзүүгө карата мамилелерди талкуулашты, ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорунун көйгөйлүү маселелерин карап чыгышты. Ошондой эле сапардын алкагында Бахыт Султанов Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын төрайымынын орун басары Ольга Полякова менен жалпы каржы рыногун түзүү жана шайкеш келтирүү маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуусу болду. "Жалпы каржы рыногун түзүү — ЕАЭБдин стратегиялык милдеттеринин бири. Бул чөйрөдөгү мамилелерди айкалыштыруу бизге бирдиктүү, ачык-айкын жана ишенимдүү каржылык мейкиндикти түзүүгө мүмкүндүк берет, бул инвестициялар үчүн күчтүү өбөлгө болуп кызмат кылат, Бирликтин бардык катышуучу өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн туруктуулукту камсыз кылат", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Конгресс салт катары, Россия Банкынын жетекчилигинин, Россиянын алдыңкы каржы уюмдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосундагы бизнес диалогдор үчүн алдыңкы аянтча болуп саналат. Катышуучулар каржы рыногун жөнгө салуу маселелерин, анын санариптик инфраструктураларын өнүктүрүүнү, алмашуу мейкиндигинин жана төлөм тутумдарынын абалын жана келечегин талкуулашат. "Россия Банкынын Каржылык конгресси сыяктуу аянтчалар конструктивдүү диалогду өнүктүрүү жана заманбап каржы чөйрөсүнүн негизги тенденцияларын жана чакырыктарын талкуулоо үчүн маанилүү мааниге ээ, катышуучуларга ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн каржы секторунун туруктуулугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Бахыт Султанов. 
02 июлундагы 2025 ЕЭКте ЕАЭБ алкагында тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын алып келүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму 2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдовдун катышуусу менен болуп өттү.  Жумушчу топ ушул жылдын март айында Комиссиянын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдында түзүлгөн. Ага 80ден ашык мүчө кирген, алардын жарымы – аны түзүүнү демилгелеген бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү.  Өткөн отурумда ЕАЭБ мейкиндигинде тамеки жана никотин камтыган продукция рынокторунун абалы, бул чөйрөдөгү мыйзамсыз жүгүртүүнүн тенденциялары жана динамикасы, ошондой эле көрсөтүлгөн продукциянын автомобилдик ташууларын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу практикасы талкууланды.  Жумушчу топтун катышуучулары Бирликтин рыногунда тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган биринчи кезектеги чаралар боюнча сунуштарды киргизишти, алар ЕЭК аянтчасында Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын тартуу менен иштелип чыгат.
01 июлундагы 2025 Косметикалык продукциянын стандарттарын иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөр киргизилди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин ишке ашырылышын жана колдонулушун камсыз кылган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү жактырды. Өзгөртүүлөрдө беш мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын стандарттарынын негизинде парфюмериялык-косметикалык продукцияда формальдегидди аныктоо боюнча эки стандартты, ISO эл аралык стандарттарынын негизинде күндөн коргоочу каражаттарды сыноо ыкмаларына эки стандартты жана Ислам өлкөлөрүнүн SMIIC стандартташтыруу жана метрология институтунун стандартынын негизинде Halal парфюмериялык-косметикалык продукция боюнча бир стандартты иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле тогуз мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылган.
Дагы көрсөтүү