Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6188

13 октябрындагы 2025 ЕЭК ЕАЭБге жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестрин актуалдаштырды Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз мониторингдин натыйжалары боюнча, "Соода" порталында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестринин жаңыртылган версиясы жарыяланды. Азыркы учурда реестрде ЕАЭБдин тышкы соодасы үчүн тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн болгон 280 чара белгиленген. Тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Монголия менен өз ара соодада тоскоолдуктарды аныктоо маселелери боюнча жакында өткөрүлгөн семинардын алкагында жаңы соода тоскоолдуктары катталды. Чектөө Монголия тарабынан стратегиялык азык-түлүк товарларын (буудай уну, буудайдын үрөнү, ичүүчү суу, сүт жана малдын эти) импорттоого уруксат берүү менен байланышкан тартипти колдонууга тиешелүү. Ошол эле учурда Өзбекстан акциздерге байланыштуу административдик чараны жарым-жартылай жокко чыгарды. Импорттолуучу ак шекер үчүн акциз салыгы 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жоюлган. Белгилей кетсек, Комиссия Өзбекстан Республикасы менен 2024-2026-жылдарга карата Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында чектөө чараларын алып салуу боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп келет. Комиссия үчүнчү өлкөлөр менен соодадагы чектөө чараларын аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда. Чектөө чарасы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын порталындагы атайын форма аркылуу билдирүүгө болот.
13 октябрындагы 2025 Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзөт" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өтүп жаткан "Евразия логистикалык күнү" эл аралык форумунун пленардык сессиясынын алкагында билдирди. Иш-чаранын уюштуруучулары Европа бизнес ассоциациясы (ЕБА) жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңеш (ТТКК) болушту. Арзыбек Кожошев ЕАЭБ үч артыкчылыкка багытталганын белгиледи: товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу, транспорттук тутумдун натыйжалуулугун жана байланыштуулугун жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү. Бул максаттар эл аралык координация, инфраструктуралык долбоорлор жана тоскоолдуктарды жоюп, глобалдык логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылууда. Транспортту санариптештирүү, атап айтканда, электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана интеллектуалдык транспорт тутумунун концепциясын ишке ашыруу аркылуу эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатып, аны үзгүлтүксүз кылып, административдик тоскоолдуктарды азайтат. Жыйынтыгында мунун баары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет, деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ошол эле учурда ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак – бир жол", Түндүк деңиз жолу жана Транскаспий маршруту долбоорлору менен өз ара иштешүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий аркылуу Индия океанына "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү тездеп жатат, ал эми Астрахань жана Актау портторун модернизациялоо жана жаңы темир жолдор жүк агымынын өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасы геосаясаттын, экономиканын жана технологиялардын чакырыктарына туш болуп, жигердүү трансформация баскычында турат. Анткен менен келечекке көз караш оптимисттик маанайда: биргелешкен демилгелердин, санариптештирүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын аркасында регион дүйнөлүк транспорт тутумунун негизги түйүнү болуп калышы мүмкүн", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
10 октябрындагы 2025 Максим Ермолович Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетинин башчысы Халилилло Турахужаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович 9-октябрда Ташкентте Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетинин төрагасы Халилилло Турахужаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар атаандаштык чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, санариптик платформаларды жөнгө салуу боюнча биргелешкен консультацияларды, форумдарды жана семинарларды өткөрүүнүн, тажрыйба, аналитикалык материалдар жана мыкты практикалар менен алмашуунун перспективалары каралды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эксперттик өз ара аракеттенүүнү активдештирүү тууралуу макулдашылды. 2020-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Өзбекстан Республикасына Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекет статусун берген.
10 октябрындагы 2025 Данияр Иманалиев: "Заманбап технологиялар ЕАЭБдеги статистиканын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат" Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиевдин жетекчилиги алдында ЕЭК штаб-квартирасында өткөн профилдик Консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында статистика жаатындагы негизги документтер каралды. Алардын арасында – Евразия экономикалык комиссиясынын 2026-жылга карата статистикалык иштеринин программасы, Евразия экономикалык бирлигинин 2026-2030-жылдарга карата статистика чөйрөсүндөгү интеграцияны өнүктүрүү программасы жана 2026-жылга ЕАЭБ статистикасы чөйрөсүндөгү интеграцияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бар. Комиссияга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилүүчү статистикалык көрсөткүчтөрдүн актуалдаштырылган тизмеси жана 2026-жылдан баштап колдонула турган аларды берүү формалары жактырылды. ЕАЭБде статистикалык маалыматты түзүү үчүн маалыматтын жаңы булактарын, атап айтканда административдик маалыматтарды пайдалануу жөнүндө маалымат презентацияланды. ЕЭК министринин сөзү боюнча, статистикалык байкоолордун жаңы инструменттерин киргизүү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга өбөлгө түзөт. "Заманбап технологиялар жеткиликтүү маалыматтын спектрин бир кыйла кеңейтүүгө жана улуттук деңгээлде дагы, ЕАЭБ деңгээлинде дагы башка булактардын эсебинен статистиканын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Комиссия ТӨМ маселелери жана маалыматтардын жаңы булактарын, анын ичинде чоң маалыматтарды пайдалануу боюнча эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен жигердүү өз ара аракеттенет". 2024-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарларды өз ара сатуу статистикасынын "күзгү" маалыматтарын салыштыруунун жыйынтыктары каралды, ошондой эле 2026-жылы маалыматтарды салыштыруу боюнча эксперттердин эки тараптуу жолугушууларын өткөрүү графиги түзүлдү. Электрондук соода товарларынын экспортунун (импортунун) көлөмдөрү жөнүндө расмий маалыматты түзүү үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин товарларынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү методологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жактырылды. Каржы статистикасынын көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методологиялардын долбоорлору, ошондой эле ЕАЭБдин ачык маалыматтары үчүн SDMX евразиялык регистрин колдонууда эл аралык стандарттын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан колдонулушу боюнча сунуштамалар колдоого алынган.
10 октябрындагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК атаандаштыктын жалпы эрежелерин эске алуу менен санариптик рынокторду жөнгө салат" Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштыктын жалпы эрежелерин, анын ичинде укук колдонуу практикасын жана негизги кейстерди эске алуу менен санариптик рынокторду жөнгө салуу жөнүндө 10-октябрда Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович айтып берди. "Өзбекстан Республикасындагы платформалык экономика: атаандаштык жөнүндө мыйзамдар жана санариптик платформалардын рыноктук бийлиги" эл аралык семинарынын панелдик сессиясында сүйлөп жатып, ЕЭК министри Комиссиянын учурдагы иштеринин багыттарына көбүрөөк көңүл бурду. Атап айтканда, ал санариптик рынокторду жана санариптик (электрондук) платформалардын ишмердүүлүгүн изилдөөдө колдонулуучу жалпы ык-амалдарды калыптандыруу, бул чөйрөдө сектордук изилдөөлөрдү жүргүзүү, электрондук соода жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө билдирди. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБ укугу Комиссия тарабынан санариптик рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн инструменттердин жетиштүү тизмесин берет. Атаандаштыктын абалын баалоо ыкмасы мындай рыноктор үчүн мүнөздүү факторлорду эске алууга мүмкүндүк берет", — деп баса белгиледи Максим Ермолович. Иш-чаранын катышуучулары тематикалык панель форматында санариптик рыноктордогу атаандаштык жөнүндө мыкты мыйзамдык тажрыйбаларды, атаандаштыкка жана рынок бийлигине жасалма интеллекттин өсүп жаткан таасирин талкуулашты. Глобалдык санариптик экономика шарттарында атаандаштык мыйзамдарын колдонуу стратегиясы жана бул жааттагы иликтөөлөр менен учурдагы кырдаал жөнүндө эксперттик дискуссиялар болуп өттү. Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитети тарабынан БРИКСтин Атаандаштык укук жана саясат борбору менен биргеликте уюштурулган жана атаандаштык чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттерди, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн, Бразилиянын, Германиянын, Индиянын, Италиянын, Кытайдын атаандаштык ведомстволорунун өкүлдөрүн чогултту.
09 октябрындагы 2025 Наира Карапетян: "ЕАЭБде асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча аракеттерди бириктирүү агрардык сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат" 9-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетяндын төрагалыгы астында Москвада өткөн "Алтын күз – 2025" россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ишкер программасынын алкагында Евразия экономикалык бирлигинде асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча координациялык кеңешме болуп өттү. Асыл тукум ресурстары рыногун өнүктүрүү боюнча пландар, асыл тукум ишинин тутумун түзүүнүн механизмдери жана инструменттери, ЕАЭБ алкагында асыл тукум мал чарбачылыгында санариптештирүүнү өнүктүрүү талкуунун негизги темалары болду. Наира Карапетян агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн милдеттүү шарт катары асыл тукум мал чарбасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жөнүндө айтып берди. "ЕАЭБ алкагында айыл чарба жаныбарларынын асыл тукум продукциясын жүгүртүүгө чыгарууга, алып келүүгө, алып чыгууга жана жылдырууга карата талаптарды унификациялоо боюнча мындан аркы кадамдар, асыл тукум ресурстары жөнүндө жалпы маалымат базаларын жана жеткирүүнүн туруктуу схемаларын түзүү менен катар, Бирлик мамлекеттеринде асыл тукум продукциялары менен өз ара соода жүргүзүүнү арттыруу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Наира Карапетян. ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Сауле Молдабаева "Инновациялар – практикага: азыркы этапта жашыл продукция сегменти кандай өнүгүп жатат" панелдик дискуссиясынын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларын жашыл технологияларды колдонуу жана Бирликтин АӨК органикалык продукциясын жүгүртүү боюнча укугун түзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө маалымдады. Кеңешмеге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкаруу органдарынын, мүчө мамлекеттердин асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу уюмдарынын, илимий-изилдөө уюмдарынын, лабораторияларынын жана асыл тукум мал чарбасынын башка субъекттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.
09 октябрындагы 2025 ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2026-жылга карата негизги багыттарынын долбоорун жактырды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын долбоорун жактырды. Документ Бирликтин келерки жылга тышкы өз ара иштешүүсүнүн негизги артыкчылыктарын, багыттарын жана практикалык милдеттерин аныктайт. Эл аралык ишмердүүлүктүн актуалдуу артыкчылыктары жана жаңы драйверлери Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында белгиленген — ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык тартылуунун уюлу катары иштешин камсыз кылуу стратегиялык милдеттерин ишке ашырууга багытталган. Долбоордо Бирликтин эл аралык күн тартибинин бүткүл спектри чагылдырылган, ал жылдан жылга ырааттуу кеңейтилет. Интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, үчүнчү өлкөлөр менен диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле глобалдык экономикалык аянтчаларда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылга ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилет.
Дагы көрсөтүү