Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
24 июлундагы 2025
Бакыжтан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. "Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстан экономикалык потенциалды жогорулатуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу иштерин ырааттуу ишке ашырууда, евразиялык интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Өзбекстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн анын жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
24 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Амур облусунда жүргүнчүлөрдү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жана бүткүл россия элине Амур облусундагы авиакырсыктын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. "Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген кайгылуу окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу сезими менен кабыл алдым", – деп айтылат телеграммада. – Жоготуу азабын тең бөлүшөм, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам".
24 июлундагы 2025
ЕЭК Борбордук Азиялык эл аралык экономикалык форумунда өнөр жай кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн презентациялады
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев 22-июлда Душанбеде "Евразиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын ролу. Борбордук Азия – өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары үчүн аймак" Борбор Азиялык эл аралык экономикалык форумунун панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Николай Кушнарев өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин жана мүмкүн болгон перспективаларын жана аларда Борбордук Азия мамлекеттеринин ролун белгилеп өттү. ЕЭК Департаментинин башчысы ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаңы технологиялык форматтарга өтүү үчүн негиз түзө турган инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жолу менен микроэлектроника, машина куруу жана робототехника сыяктуу негизги заманбап тармактарда технологиялык жетишкендиктерге биргелешкен күч-аракеттерди топтош керек экендигине көңүл бурду. "Борбордук Азия өлкөлөрү олуттуу ресурстук потенциалга ээ жана өнөр жай кубаттуулугунун динамикалуу өсүшү менен мүнөздөлөт. Бул жерде өлкөлөрдүн ЕАЭБ аймагында биргелешкен жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө катышуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле евразиялык инвестициялар жана жаңы технологиялык өнөктөштүк үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", – деп баса белгиледи Николай Кушнарев.
24 июлундагы 2025
ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Диас Токан дайындалды
Диас Ерболулы Токан 1994-жылы Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) туулган. 2016-жылы "Элдик чарба" университетин "Менеджмент" адистиги боюнча, 2018-жылы "Мирас" университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. 2018-2022-жылдары Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде жана соода жана интеграция министрлигинде экономикалык интеграция маселелерине адистешкен эксперт жана башкы эксперт болуп иштеген. 2022-жылдан 2025-жылга чейин Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин экономикалык интеграция департаментинин ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси кызматын ээлеген. Мамлекеттик кызматта иштеген жылдары эл аралык жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
22 июлундагы 2025
БУУда ЕЭКтин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө евразиялык интеграциянын таасири жөнүндө баяндамасы сунушталды
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө евразия экономикалык интеграциясынын таасири жөнүндө ЕЭКтин экинчи баяндамасынын негизги корутундулары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында сунушталды. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев баяндаманын тезистери менен Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун (ТӨСФ) эки негизги аянтчасында чыгып сүйлөдү. ТӨСФ жалпы жарыш сөздөрүнүн жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн сөзүндө Арзыбек Кожошев динамикалуу өнүгүп жаткан интеграциялык бирикме катары ЕАЭБдин ролун белгиледи. Мында, евразия экономикалык интеграциясын тереңдетүү евразиялык "бешилтиктин" мүчө өлкөлөрүнүн ТӨМгө жетишине өбөлгө түзүүчү олуттуу кошумча фактор катары кызмат кылат. "185 миллиондон ашык керектөөчүлөрдү бириктирген бирдиктүү рынок менен ЕАЭБдин ийгиликтүү иштеши жана макулдашылган экономикалык саясаттарды ырааттуу жүзөгө ашыруу экономикалык өсүштүн катализатору болуп калды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 4%га өскөн жана экинчи жыл катары менен дүйнөлүк орточо деңгээлден жогору болду", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Туруктуу өнүгүүнү регионалдык өлчөө темасын Арзыбек Кожошев "ТӨМдү ишке ашыруунун регионалдык перспективалары" сессиясында да улантты. Ал ЕАЭБ тажрыйбасын глобалдык максаттарга жетүүнүн улуттук стратегияларына кошумча катары регионалдык деңгээлде кызматташуунун маанилүүлүгүн айкын тастыктоо катары көрсөттү. ЕЭК министри прогресске мониторинг жүргүзүү үчүн Комиссиянын методологиясы – "ТӨМгө жетүү көрсөткүчтөрүнүн регионалдык тизмеги" жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал Бирликти өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруу ТӨМдүн кыйла кеңири спектрине жетишүүгө багытталаарын белгиледи. Кеп 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын долбоору жөнүндө болууда. Арзыбек Кожошев Комиссиянын ТӨМгө жетишүүдө интеграциянын таасирин талдоону улантуу жана анын натыйжаларын эл аралык коомчулук менен бөлүшүү пландары жөнүндө маалымдады. Муну менен Комиссия Күн тартиби-2030ду ишке ашыруу боюнча глобалдык аракеттерге салым кошот. ТӨСФ БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОК) колдоосу астында ТӨМгө жетишүүнүн жүрүшүн серептөө үчүн БУУнун борбордук платформасы болуп саналат. "ТӨМгө жетүү көрсөткүчтөрүнүн регионалдык тизмеси" – 130 көрсөткүчтү камтыган комплекстүү инструмент (алардын 67си дал евразиялык интеграциянын артыкчылыктары үчүн мүнөздүү), интеграциялык процесстердин өз ара байланышына жана ТӨМгө жетүү динамикасына терең талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
22 июлундагы 2025
ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп Куат Рахимов дайындалды
Куат Женисович Рахимов 1970-жылы Көкшетау облусунун Кызылту кыштагында (Казакстан) туулган. 1996-жылы Ш.Ш. Уалиханов атындагы Көкшетау университетин, ал эми 2001-жылы Көкшетау экономика жана менеджмент институтун бүтүргөн. 1998-жылдан 2020-жылга чейин Казакстан Республикасынын бажы органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчи кызматтарда иштеген, алардын арасында – Бажы методологиясы департаментинин Бажы жол-жоболорунун методологиясы башкармалыгынын жетекчиси, Контролдоо департаментинин Транзит башкармалыгынын жетекчиси, Бажы методологиясы департаментинин директору, Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин Бажы операцияларын башкаруу департаментинин директору. 2020-жылдын ноябрынан 2024-жылдын октябрына чейин – Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин өкүлү. 2025-жылдын 18-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп дайындалды.
21 июлундагы 2025
Андрей Слепнев: "ЕАЭБ санариптик транспорттук документтерди колдонуу менен темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууда"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөр менен, атап айтканда, Кытай Эл Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташууларды санариптештирүү боюнча планды ишке ашыруу тууралуу ар жылдык баяндаманы сунуштоонун алдында айтып берди. Буга чейин экономиканын мүмкүн болгон бардык тармактарын санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө "бешилтик" өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече жолу айтышкан. Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин июнь айындагы Минсктеги отурумунда эле "санариптик трансформацияны тоскоолдуктарды жоюунун жана өз ара соодада ачык-айкындуулукту жогорулатуунун аспабы катары карай турганын" баса белгилеген. Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко "интеграцияланган евразиялык транспорттук-логистикалык коридорлор башкаруунун бирдиктүү санариптик платформасы бар акылдуу, мультимодалдык экологиялык артерияларга айланышы керек" деп белгилеген. "Жалпысынан санариптештирүү жана жасалма интеллект биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирет. Электрондук коммерция, санариптик документ жүгүртүү, башкаруунун жана логистиканын автоматташтырылган тутумдары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын ажырагыс элементтери болуп калды", – деп констатациялаган Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев. Бул контекстте ЕЭКтин жүк темир жол менен ташууларды санариптештирүү жагындагы иши тиешелүү практикалык иштин мисалы катары каралат, анын натыйжасы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бизнес үчүн коромжуларды азайтуу, ошондой эле товарлардын кыймылын максималдуу тездетүү болуп саналат. "2024-жылга карата ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол ташууларында санариптик транспорттук документтерге өтүүнү камсыз кылышты", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Атап айтканда, "Россия темир жолдору" ААКнын жана "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесинин ортосунда акыркы бир нече жыл ичинде электрондук маалыматтарды алмашуу деңгээли 90%дан кем эмес жетишилген, ал эми казакстандык "КТЖ" УК" АК менен Россиянын жана Кыргызстандын темир жол ташуучуларынын ортосунда мындай деңгээл 80%дан ашкан. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын электрондук документтер боюнча ташууларынын көлөмү Беларусь Республикасы менен 90% жана Казакстан Республикасы менен 79% түзгөн. Электрондук товар коштоочу документтерге өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди да белгилей кетүү маанилүү. Алсак, "РЖД" ААК тарабынан жүк жөнөтүүчүдөн/экспедитордон электрондук кол тамга менен кол коюлган товарларды коштоочу документтерди бажы органдарына берүү жана бажы жол-жобосу аяктаганда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесине өткөрүп берүү менен өздөрүнүн маалымат тутумдарына кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул технология Россия менен Беларустун ортосунда "Интертран" долбоорунун алкагында ташууларда колдонулат. Азыркы учурда "бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууну контролдоо процессинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда электрондук документтер жана/же маалыматтар менен алмашууну камсыз кылуу" жалпы бажы процессин ишке киргизүү максатында мамлекеттер аралык тестирлөө өткөрүлүүдө. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда темир жол жүк ташууларын санариптештирүүдөн тышкары КЭР менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын жана Кытайдын темир жол ташуучуларынын ортосундагы туура электрондук билдирүүлөрдүн көлөмү 90%ды түзгөн. Казакстан жана Кытай темир жолдорунун ортосунда электрондук алмашууга тийиштүү маалыматтардын толуктугу жана сапаты 80-90%га жетти", – деп улантты ЕЭКтин соода боюнча министри. Ал баса белгилегендей, жүк ташууларды санариптештирүү жаатында КЭР менен кызматташуунун маанилүү учуру 2024-жылдын декабрында Чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу үчүн сертификаттарды чыгаруу боюнча Россия менен Кытайдын темир жол ташуучуларынын күбөлөндүрүүчү борборлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп калды. Бул документ эки өлкөнүн темир жолдорунун ортосунда электрондук кол тамганы колдонууну камсыз кылат. 2024-жылдын декабрь айынын аягында Транс-Байкал-Маньчжурия чек ара өтмөгү аркылуу "РЖД" ААК жана "Кытай темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ортосунда экспорттук-импорттук байланыш аркылуу тесттик кагазсыз жүк ташуулар башталды. 2025-жылы электрондук коштомо кагаз менен жол-жоболоштурулуучу ташуулардын географиясын акырындык менен кеңейтүү пландаштырылууда. ЕЭК тарабынан транспорттук коридорлорду санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөрдүн президенттеринин июнь айында Минскте өткөн саммитинде айткан сөздөрү да баса белгилейт. Иран Президенти Масуд Пезешкиан "санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана маалымат алмашууга жана сооданын жаңы түрлөрүнө көмөктөшүү үчүн инфраструктураны" түзүү зарылдыгын белгилеген. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев өлкөнүн "ЕАЭБдин маанилүү демилгелерине, анын ичинде Евразиялык агроэкспресс, электрондук сооданы өнүктүрүү, жүк ташууларды санариптештирүү жана климаттык күн тартиби сыяктуу долбоорлорго жана программаларга активдүү катышуусуна" өзүнчө токтолду.
18 июлундагы 2025
Арзыбек Кожошев БУУнун Башкы катчысынын орун басары менен жолугушту
17-июлда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана кичинекей аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү Рабаб Фатима айым менен жолугушту. Арзыбек Кожошев Жогорку өкүлдүн Канцеляриясы мамлекеттердин аярлуу топторунун кызыкчылыктарында жигердүү жана ырааттуу иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле БУУнун транспорттук байланыш чөйрөсүндө эл аралык күн тартибин илгерилетүү боюнча аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн туруктуу транспортту өнүктүрүү, регионалдык интеграция жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр ЕЭК бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү, инфраструктуралык жана административдик тоскоолдуктарды четтетүү, ошондой эле логистиканы санариптик трансформациялоо маселелерине негизги маани берерин белгиледи. Жолугушуунун аягында Арзыбек Кожошев пикир алмашуу ЕЭК менен Жогорку өкүлдүн Канцеляриясынын ортосунда узак мөөнөттүү жана конструктивдүү кызматташтык үчүн негиз болуп калат деген үмүтүн билдирди. БУУнун эң аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана кичинекей аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча Жогорку өкүлүнүн Канцеляриясы 2001-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууда уникалдуу кыйынчылыктарга туш болгон бир катар аярлуу мамлекеттерди колдоо максатында түзүлгөн.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө