Соода

темасындагы жаңылыктар «Соода»

21 июлундагы 2025 Андрей Слепнев: "ЕАЭБ санариптик транспорттук документтерди колдонуу менен темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууда" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөр менен, атап айтканда, Кытай Эл Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташууларды санариптештирүү боюнча планды ишке ашыруу тууралуу ар жылдык баяндаманы сунуштоонун алдында айтып берди. Буга чейин экономиканын мүмкүн болгон бардык тармактарын санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө "бешилтик" өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече жолу айтышкан. Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин июнь айындагы Минсктеги отурумунда эле "санариптик трансформацияны тоскоолдуктарды жоюунун жана өз ара соодада ачык-айкындуулукту жогорулатуунун аспабы катары карай турганын" баса белгилеген. Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко "интеграцияланган евразиялык транспорттук-логистикалык коридорлор башкаруунун бирдиктүү санариптик платформасы бар акылдуу, мультимодалдык экологиялык артерияларга айланышы керек" деп белгилеген. "Жалпысынан санариптештирүү жана жасалма интеллект биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирет. Электрондук коммерция, санариптик документ жүгүртүү, башкаруунун жана логистиканын автоматташтырылган тутумдары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын ажырагыс элементтери болуп калды", – деп констатациялаган Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев. Бул контекстте ЕЭКтин жүк темир жол менен ташууларды санариптештирүү жагындагы иши тиешелүү практикалык иштин мисалы катары каралат, анын натыйжасы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бизнес үчүн коромжуларды азайтуу, ошондой эле товарлардын кыймылын максималдуу тездетүү болуп саналат. "2024-жылга карата ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол ташууларында санариптик транспорттук документтерге өтүүнү камсыз кылышты", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Атап айтканда, "Россия темир жолдору" ААКнын жана "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесинин ортосунда акыркы бир нече жыл ичинде электрондук маалыматтарды алмашуу деңгээли 90%дан кем эмес жетишилген, ал эми казакстандык "КТЖ" УК" АК менен Россиянын жана Кыргызстандын темир жол ташуучуларынын ортосунда мындай деңгээл 80%дан ашкан. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын электрондук документтер боюнча ташууларынын көлөмү Беларусь Республикасы менен 90% жана Казакстан Республикасы менен 79% түзгөн. Электрондук товар коштоочу документтерге өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди да белгилей кетүү маанилүү. Алсак, "РЖД" ААК тарабынан жүк жөнөтүүчүдөн/экспедитордон электрондук кол тамга менен кол коюлган товарларды коштоочу документтерди бажы органдарына берүү жана бажы жол-жобосу аяктаганда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесине өткөрүп берүү менен өздөрүнүн маалымат тутумдарына кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул технология Россия менен Беларустун ортосунда "Интертран" долбоорунун алкагында ташууларда колдонулат. Азыркы учурда "бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууну контролдоо процессинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда электрондук документтер жана/же маалыматтар менен алмашууну камсыз кылуу" жалпы бажы процессин ишке киргизүү максатында мамлекеттер аралык тестирлөө өткөрүлүүдө. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда темир жол жүк ташууларын санариптештирүүдөн тышкары КЭР менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын жана Кытайдын темир жол ташуучуларынын ортосундагы туура электрондук билдирүүлөрдүн көлөмү 90%ды түзгөн. Казакстан жана Кытай темир жолдорунун ортосунда электрондук алмашууга тийиштүү маалыматтардын толуктугу жана сапаты 80-90%га жетти", – деп улантты ЕЭКтин соода боюнча министри. Ал баса белгилегендей, жүк ташууларды санариптештирүү жаатында КЭР менен кызматташуунун маанилүү учуру 2024-жылдын декабрында Чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу үчүн сертификаттарды чыгаруу боюнча Россия менен Кытайдын темир жол ташуучуларынын күбөлөндүрүүчү борборлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп калды. Бул документ эки өлкөнүн темир жолдорунун ортосунда электрондук кол тамганы колдонууну камсыз кылат. 2024-жылдын декабрь айынын аягында Транс-Байкал-Маньчжурия чек ара өтмөгү аркылуу "РЖД" ААК жана "Кытай темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ортосунда экспорттук-импорттук байланыш аркылуу тесттик кагазсыз жүк ташуулар башталды. 2025-жылы электрондук коштомо кагаз менен жол-жоболоштурулуучу ташуулардын географиясын акырындык менен кеңейтүү пландаштырылууда. ЕЭК тарабынан транспорттук коридорлорду санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөрдүн президенттеринин июнь айында Минскте өткөн саммитинде айткан сөздөрү да баса белгилейт. Иран Президенти Масуд Пезешкиан "санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана маалымат алмашууга жана сооданын жаңы түрлөрүнө көмөктөшүү үчүн инфраструктураны" түзүү зарылдыгын белгилеген. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев өлкөнүн "ЕАЭБдин маанилүү демилгелерине, анын ичинде Евразиялык агроэкспресс, электрондук сооданы өнүктүрүү, жүк ташууларды санариптештирүү жана климаттык күн тартиби сыяктуу долбоорлорго жана программаларга активдүү катышуусуна" өзүнчө токтолду.
18 июлундагы 2025 ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууга 2025-жылдын аягына чейин кол коюлушу мүмкүн 17-18-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Бековдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аткаруу бийлик органдарынын жана бизнесинин катышуусу менен бетме-бет эксперттик консультациялар болуп өттү, алардын жүрүшүндө ЕАЭБде Товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктары каралды. Катышуучулар товарлардын өз ара электрондук соодасын жалпы бирликтик жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыздоо жана аларды коргоо принциптери, электрондук документ жүгүртүүнү колдонуу боюнча мамилелер, бирдиктүү түшүнүк аппаратынын негиздери, санариптик товарларды жүгүртүү шарттары жаатында калган пикир келишпестиктерди талкуулашты. "Макулдашуунун негизги милдети — Бирликтин ички рыногунда электрондук сооданы жүзөгө ашыруунун жалпы ачык-айкын эрежелерин белгилөө. Бул товарлардын жана коштоочу кызматтардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул тез санариптештирүүнүн натыйжасында бардык өлкөлөрүбүздүн экономикасынын өсүшү үчүн олуттуу түрткү берет", – деп белгиледи Аскат Беков. Болуп өткөн консультациялардын жыйынтыктарын эске алуу менен ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашууга кол коюу 2025-жылдын аягына чейин ишке ашырылышы мүмкүн. Макулдашуу 2021-жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
15 июлундагы 2025 Андрей Слепнев: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү планды карашат" Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна августтун ортосунда 2024-жылы өкмөт башчылары тарабынан жактырылган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча беш жылдык план сунушталат. "Атап айтканда, көмүртекти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттер аралык стандарттарды, ошондой эле валидация жана верификация боюнча тиешелүү органдарды аккредитациялоого карата макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу сунушталат", – деп айтып берди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ошондой эле, ЕЭК министринин сөзү боюнча, кеп Бирликтин алкагында анын мүчө мамлекеттеринин климаттык жөнгө салуусунан келип чыккан тоскоолдуктарды болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу жана соода менен байланышкан климаттык чаралар боюнча өнөктөш-үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү жөнүндө болмокчу. Сунушталган иш-чаралар өкмөт башчылары тарабынан жактырылгандан кийин, ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизилет.
10 июлундагы 2025 ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Индонезия Республикасынын экономикалык маселелер боюнча министр-координатору Аирлангга Хартарто эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялашты. Тараптардын диалогу ВКБ режиминде өттү. "Евразия экономикалык бирлиги негизги достук өлкөлөр менен экономикалык өнөктөштүк тармагын өнүктүрүүнү улантууда. Ал эми Индонезия, белгилүү болгондой, БРИКСтин мүчөсү болуп саналат жана 300 миллион адам жакын калкы менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири экономикаларынын бири болуп саналат", – деп белгиледи Андрей Слепнев. ЕЭК министри өнөктөш тарабынан евразиялык "бешилтиктин" мамлекеттери менен кызматташууга салттуу кызыгуусу жөнүндө эскертти. Атап айтканда, 2023-жылы Москвада II Евразия экономикалык форумунун алкагында "ЕАЭБ – Индонезия" масштабдуу бизнес-диалогу болуп өткөн. "Абсолюттук мааниде алымдардын төмөндөшү ЕАЭБдин Индонезия менен соодасынын болжол менен 3 млрд долларына тиешелүү болот. Келишим күчүнө киргенден кийинки 3-5 жылдын ичинде биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге көбөйөт деп ишенебиз. Индонезияга айыл чарба жана өнөр жай топторунун товарлары боюнча жеткирүүлөрдүн олуттуу өсүшүн күтөбүз", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри. Андрей Слепневдун сөзү боюнча, ЕАЭБ Индонезия рыногунда, мисалы, полимерлер, жер семирткичтер, энергия алып жүрүүчүлөр, карьердик самосвалдар, түтүктөр, металлдар жана түстүү металлдардан жасалган продукция сыяктуу позицияларга, электр жана механикалык жабдуулардын кеңири номенклатурасына преференциялык жеткиликке ээ болот. Ошондой эле кеп буудай, ун, кургак сүт, кондитердик азыктар, халал эт, канаттуулар этин жеткирүү жөнүндө болууда. Макулдашуу ага кол коюудан мурда мамлекеттик ички макулдашуунун зарыл жол-жоболорунан өтүшү керек.
Дагы көрсөтүү
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
0/0