Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
30 майындагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды. Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.
30 майындагы 2025
Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
26 майындагы 2025
Георгий Арзуманян: "ЕЭКтин колдоо инструменттерин колдонуу менен өз ара пайдалуу кызматташтык ЕАЭБдеги өнөр жай комплекстеринин туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманяндын жетекчилиги астында жыл сайын өтүүчү "Азот Синтезгаз Россия жана КМШ" эл аралык конгрессине катышышты. Георгий Арзуманян катышуучуларга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүүнүн драйверлеринин бири катары өнөр жай кооперациясын колдоонун каржылык жана каржылык эмес инструменттерин пайдалануунун максаттары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ал бардык мүчө мамлекеттердин потенциалын пайдалануу менен кошумча нарк тизмегин түзүүдө химиялык өнөр жай ишканаларынын активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бизнести биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку механизминин алкагында долбоордук демилгелерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишке жигердүү кошулууга чакырды. "Реалдуу секторго колдоонун жаңы инструментин киргизүү айрым өнөр жай ишканаларынын каржылык туруктуулугуна гана эмес, бүтүндөй евразия мейкиндигинде технологиялык өнүгүү жолунда бизнес-процесстерге дем берүүгө өбөлгө түзөт", – деп баса белгиледи Георгий Арзуманян. Конгресске катышуу бизнес-коомдоштугун Комиссияга ЕАЭБ алкагында экономикалык ишмердиктин артыкчылыктуу түрлөрү боюнча өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ыйгарым укуктар жана инструменттер жөнүндө маалымдоого өбөлгө түздү. "Өнөр жай кооперациялык долбоорлоруна көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку механизминин алкагындагы биринчи долбоорлордун оң ишке ашырылышы Бирлик мамлекеттеринин башка кызыкдар ишканалары үчүн түрткү болот деп ишенем. Кооперацияны колдоонун жаңы чарасы ишкерлердин кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүгө, биздин өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана технологиялык өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууга жардам берерине ишенгим келет", – деп белгиледи Георгий Арзуманян. "Азот Синтезгаз Россия жана КМШ" конгресси синтез-газды кайра иштетүү тармагындагы ири ишканаларды куруу жана модернизациялоо боюнча практикалык тажрыйба алмашууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларга инвестицияларды тартуу, Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө азот, метанол, аммиак жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ишканаларды техникалык жана технологиялык өркүндөтүү маселелерине арналган.
26 майындагы 2025
Данга карата техрегламентке стандарттардын жаңыртылган тизмеси күчүнө кирет
28-майда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында "Дандын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке (ББ ТР 015/2011) сыноо ыкмаларына стандарттардын актуалдаштырылган тизмеси күчүнө кирет. Жаңы редакцияда тизме Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан 2024-жылдын 26-ноябрында кабыл алган. Ага 163 документ киргизилген, алардын 89у жаңы же жаңыртылган. Алардын ичинде 96 мамлекеттер аралык стандарттар бар, алардын ичинен 28и ISO (ИСО) эл аралык стандарттарынын жана EN жана CEN регионалдык стандарттарынын негизинде, 7 – Беларусь Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын, 15 – Казакстан Республикасынын улуттук стандарттарынын, 16 – Россия Федерациясынын улуттук стандарттарынын негизинде иштелип чыккан. Стандарттардын тизмесине биринчи жолу киргизилген стандарттарды жана методикаларды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредитациялоо максатында, аталган чечим менен стандарттардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин күчүнө кирээри каралган.
26 майындагы 2025
ЕЭКтин Энергетика департаментинин директорунун орун басары болуп Эльмира Арапова дайындалды
Эльмира Ермековна Арапова Карагандада (Казакстан Республикасы) туулган. 1995-жылы Е.А. Букетов атындагы Караганда Мамлекеттик университетин эл аралык укук адистиги боюнча, 2004-жылы Караганда Финансы Институтун бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2000-жылы "КТЭК" ЖЧКсында баштаган. 2001-жылдан 2008-жылга чейин "Караганда Жылу" ЖЧКсында иштеген. 2008-2010-жылдары Казакстан Республикасынын Энергетика жана минералдык ресурстар министрлигинде Мунай өнөр жайын өнүктүрүү департаментинде иштеген. 2010-жылдан 2024-жылга чейин Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын майына чейин — Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин Мунайды ташуу жана кайра иштетүү департаментинин директорунун орун басары. 2025-жылдын 20-майынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
23 майындагы 2025
2025-жылдын 23-майында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
23-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Евразиялык интеграциянын, анын ичинде экономика, интеграция, соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү 20дан ашык маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Кеңеши Беларустун жана Россиянын навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча экспериментин 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Эксперимент Беларуска экспорттоонун бажы жол-жобосуна киргизилген жана Россиянын аймагынан чыгып жаткан жыгач материалдарына жана жыгач иштетүү продуктуларына карата жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган табигый күйүүчү газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр ишкердик иш үчүн ашыкча тоскоолдуктарды четтетүүгө жана жаратылыш газынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн көйгөйлүү практикасынын маселелерин жөнгө салууга багытталган
23 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү улуттуктан жогорку биримдикти өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 23-майда ЕЭКтин штаб-квартирасында Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин Төрайымы Наталья Петкевич менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Наталья Петкевичти жакында жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Маектин жүрүшүндө евразиялык интеграциянын бир катар маселелери, анын ичинде 2025-жылдын 23-майында Комиссиянын Кеңешинин отурумунун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу болду. "Бүгүн биз Евразия экономикалык бирлигинин ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө кыркка жакын маселени карашыбыз керек, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү биздин улуттуктан жогорку бирикмебизди өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда". Тараптар ЕАЭБдин потенциалы мүчө мамлекеттерге Бирликтин ичинде да, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерде да салмактуу жаңы экономикалык натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти.
23 майындагы 2025
Беларустун жана Россиянын навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча экспериментин өткөрүүнүн мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-майда Москвада өткөн отурумда Беларусь менен Россиянын навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча экспериментин узартуу чечимин кабыл алды. Эксперимент Беларуста экспорт жол-жобосуна жайгаштырылган жана Россиянын аймагынан ташылып чыгарылуучу токой материалдарына жана жыгачты иштетүү өнүмдөрүнө карата жүргүзүлөт. Эксперименттин максаты — эки өлкөнүн аймактары боюнча товарларды ташууда навигациялык пломбалардын колдонулушун сыноо. Аны алгач 1-июлга чейин бүткөрүү пландаштырылган, бирок беларус тараптын демилгеси боюнча мөөнөт 1 жылга узартылган. Навигациялык пломбаларды колдонуу логистиканы оптимизациялоого, жүктү алуучуга жеткирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө